Жапония: жасалма интеллект балдардын төрөлүү көрсөткүчүн кантип жакшыртат?

Жапония балдардын төрөлүү көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү эң төмөнкү орунда турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапония балдардын төрөлүү көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү эң төмөнкү орунда турат

Жапония жасалма акылдын жардамы менен балдардын төрөлүү көрсөткүчүн жакшыртууга үмүттөнүүдө. Өлкө бийлиги жалгыз бойлорго жар табууга көмөктөшө турган таанышуу (дейтинг) кызматтарын каржылоону чечти.

Жаңы жылдан тарта өкмөт долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча каражат бөлө баштайт. Жасалма интеллект менен романтика бири-бирине туура келбеген түшүнүк сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул технология жалгыз бой кишилерге потенциалдуу өнөктөш табууга жардам бере алат деп ишендирүүдө расмийлер.

Жапония өтө курч демографиялык кризисти жашап жатат. Дүйнөдөгү улгайган кишилер саны боюнча биринчи, төрөлүү көрсөткүчү боюнча акыркы орундагы өлкө. Өткөн жылы төрөлүү көрсөткүчү 865 миңге чейин төмөндөдү. Бул мурда болуп көрбөгөн өтө төмөнкү көрсөткүч. Төрөлүү коэффициенти өткөн жылы 1,36 болду.

Эми өкмөт жаңы технологиялардын жардамы менен төрөлүү көрсөткүчүн жакшыртууга 2 млрд йен (19 млн доллар) каражат саларын жарыялады.

Өнөктөш таап берген таанышуу кызматтары өлкөнүн 47 префектурасынын жарымында иш алып барат. Алардын айрымдары жасалма интеллект технологиясын колдоно баштады. Ал аркылуу кардарлар толтурган анкеталар кеңири анализденип, ошого жараша идеалдуу түгөйүн табууга жасалма акыл жардам берет деп үмүттөнүп жатышат.

Демографиялык божомолдордо ушул жүз жылдыктын соңунда Жапониянын калкынын саны кескин кыскарышы мүмкүн. 2017-жылы 128 млн болсо, жүз жылдыктын соңунда 53 млн болуп калышы ыктымал. Өлкө бийлиги кырдаал оор экенин жакшы түшүнүп турат. Дагы бир аз убакыттан кийин жумушчу күчү азайып, пенсияны, экономиканын социалдык секторун камсыздай албай калат. Мына ушуга жол бербеш үчүн тез арада туура чечимди табуу зарыл.

Антрополог Сачико Хоригучинин пикиринде, мамлекет көйгөйдүн тамырын көрбөй жатат. Каржылоону туура эмес багытка бурууда деди ал. Анын айтымында жаңы технологияларга каражат салгандан көрө, аз айлык акы алган жаштарга жардам берсе болмок.

Хоригучи жакында эле жарыяланган изилдөөгө шилтеме берип, аз айлык жана оор жумуштан жаштар романтикалык мамилелерге кызыкпай калганын мисал тартты.

"Эгерде кишилер жолугушууларга кызыкпаган болсо, дейтинг кызматтары эч кандай натыйжа бербейт",-деди Хоригучи Би-Би-Си менен маегинде.

Аналитиктер Жапонияда жаш энелерге камкордук жана колдоо зарыл экенине көптөн бери эле көңүл буруп келүүдө. Өлкөдө аялдар менен эркектер ортосунда теңсиздик сакталып келүүдө. Салт болуп калгандай, аялдар иштеп дагы, ошол эле маалда үй тиричилигинин баарын аткарышы керек. 2019-жылдагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун докладында Жапония жыныстык теңсиздик боюнча 153 өлкөнүн ичинен 121 орунда аталган. Мурунку жылдарга салыштырмалуу дагы 11 пунктка төмөндөп кеткен.