Жапонияда карыялар арасында кылмыштуулук өстү
Жапонияда соңку 20 жыл ичинде карыя кишилердин майда кылмыш менен кармалган учурлары кескин көбөйдү. Би-Би-Си кабарчысы Эд Батлер эмнеге мындай көрүнүш күчөгөнүн иликтеген.

Хиросимадагы абактан бошогондорду реабилитациялоо борборунда 69 жаштагы Тосио Таката менен жолуктум. Жакырчылыктан улам абакка түшүп калдым деп кеп салды карыя. Үстүндө үйү, астында ашы жок калганда, абактан башка жолду көргөн эмес.
"Мен пенсияга чыккандан кийин эле акчам түгөндү. Анан бир күнү башыма мындай ой келди: абакка түшүп калсам, бекер тамак, жата турган жай болот эмеспи. Анан дароо эле велосипедди айдап алып, полиция бөлүмүнө келдим. Уурдап алдым деп айттым".
Карыянын планы ишке ашты. Тосио өмүрүндө биринчи жолу мыйзам бузууга барган. Анда 62 жашта эле. Жапонияда сот майда уурулукту дагы катуу жазалайт. Ошондуктан аны бир жылга абак жазасына кескен.
Жүзүнөн күлкү төгүлүп турган, арык чырай карыяны кылмышкер деп айтууга ооз барбайт. Бирөөнүн көңүлүн оорутат же опузалайт деп элестете да албайсың. Бирок абактан чыккандан кийин Тосио ушул жолго барган.
"Паркта аялдарга тийишип, бычак көтөрүп алып, акча талап кылдым. Башынан эле кимдир бирөөгө зыян кылайын деген ой болгон эмес. Болгону полицияга кабар кылышса, кармап кетсе дегем. Аягы ошондой эле болду".

Акыркы сегиз жыл ичинде Тосио төрт жолу абакка түшкөн. Мен ага кайрылып, абакта күн кечирген жагабы деп сурадым. Болгону каржылык жактан пайдасы тийген үчүн эле дейт. Өзү абакта жатса дагы, пенсиясы төлөнө берет экен.
"Кеп жаккан же жакпаганда эмес. Ал жерде жашаган жайың үчүн акча алышпайт, пенсияң болсо төлөнө берет. Эркиндикке чыккан учурда кичине топтогон каражатым болуп калат. Ошондуктан баары эле жаман деп айтпайт элем".
Тосионун таржымалы Жапониядагы жалпы абалды сүрөттөп берсе керек. Жалпы жонунан алганда, жапониялыктар мыйзамды өтө урматтаган калк. Мыйзам бузууга баргандар болсо дал ушул 65 жаштан өйдөңкү курактагылар.

1997-жылы катталган 20 кылмыштын бирөө гана жашы өткөн кишилердин үлүшүнө туура келчү. Бирок 20 жылдан кийин ар бир бешинчи кылмышты жасагандар карыя кишилер болуп калды. Улгайган кишилер Жапония калкынын дээрлик төрттөн бирин түзөт.
2016-жылы 65 жаштан өйдө 2500 карыя абакка кесилген. Алардын үчтөн бири буга чейин дагы кылмыш жасап, кеминде беш жылдан абакта отуруп чыккандар.
Мунун дагы бир мисалы, 70 жаштагы Кейко ысымдуу аял. Анын деле абакка келгендеги мүшкүлү ошол, жакырчылык.
"Күйөөм менен жашай албай койдум. Өзүмдүн болсо бара турган жерим жок эле. Уурулук кылгандан башка чарам калбады",-деп айтып берди Кейко эне.
Биз Кейко менен мурда соттолуп чыккандар баш калкалаган жатаканада жүргөндө маектешкен элек. Андан кийин ал дүкөндөгү майда уурулук үчүн кайра камалып кеткенин уктум.

Кылмыштын мындай түрү улгайган рецидивисттер үчүн көндүм көрүнүш. Адатта алар 300 йен (3 доллар) тегерегиндеги эле азык-түлүк уурдашат.
Токиодогу изилдөө борборунда иштеген австралиялык демограф Майкл Ньюмандын пикиринде, жапондордун мамлекеттик пенсиясы өтө аз жана жашоо турмушка жетпейт.
Ал өзүнүн 2016-жылы жарык көргөн макаласында, батир, тамак-аш жана медицина үчүн төлөнгөн акчанын суммасы эле орточо пенсиядан ашып түшөрүн мисал келтирген. Бул эми жылуулук үчүн кеткен каражатты жана кийим-кечекке сарпталган акчаларды кошпогондо.
Жапондордун үй-бүлөлүк салтында карыган кишилерге балдары кам көрөт. Кийинки учурда жаштардын көбү чоң шаарларга агылып, ата-энеси провинцияларда кала берүүдө.
"Пенсионерлер балдарына кошумча жүк болгонду жактырышпайт. Эгерде пенсиясына жашай албай калса, анда абакка барганды эле туура көрүшөт",-дейт Ньюман.
Абакта болсо үч маал ысык тамак бар.

Ньюман белгилегендей, улгайган кишилердин кыйын абалдан чыгуусунун дагы бир жолу- суицид.
Бирок маселе бир эле каржыдан улам эмес, дейт Хиросимадагы борбордун директору Канити Ямада. Мунун коомдогу социалдык жана демографиялык көйгөйлөр менен дагы байланышы бар. Ошону менен бирге мындай өзгөрүүлөрдүн психологиялык дагы кесепети болууда.
"Баарынан маанилүүсү, кишилердин ортосундагы мамиле өзгөрдү. Барган сайын кишилер бири-биринен алыстап жатат. Ошондуктан карыялардын мындай коомдо ордун табышы кыйын. Алар жалгыздык менен күрөшө албай калууда",- дейт Канити Ямада.
85 жаштагы Ямаданын бала чагы Хиросимага атом бомбасы ташталган мезгилде өттү. Анын айтымында, кылмышка аралашкан карыялар арасында мурда жакындарынан айрылып калгандары көп. Кимдир бирөөнүн камкордугунда жүргөндөр эч качан кылмышка барбайт дейт ал.
Жапон өкмөтү акыркы он жылдыкта эски абак жайларын оңдоп-түзөгөнгө, жаңыларын курганга көп каражат бөлө баштады. Майкл Ньюмандын айтымында, аялдардын түрмөсү үчүн кошумча кызматкерлерди ишке алууга өкмөт аргасыз болду.
Себеби аялдар арасында укук бузууга баргандар кескин көбөйүп жатат. Ошол эле учурда абактарда медициналык тейлөө үчүн дагы көп каржы талап кылынууда. (AbA)












