Дүйнөдө "неберелерден чоң ата-энелердин" саны көбөйдү. Анын кесепети кандай?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тарыхта биринчи жолу балдарга караганда улгайгандар саны көбүрөөк болуп калды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму билдирди.
2018-жылдын аягында 65 жаштан жогору кишилердин саны бешке толо элек балдардын санынан ашып кетти. Учурда дүйнөдө 65 жаштан өткөндөрдүн саны 705 миллионду түзөт, бешке чыга электердин саны 680 миллион.
Коркунучтуу ажырым
Окумуштуулар жаңы түзүлгөн тенденцияга кабатыр болушууда. Ушул темп менен жүрүп отурса, 2050-жылга чейин карыялардын саны балдардын санынан эки эсе көп болот.
Азыр орточо жашоо узактыгы өзгөрүп, ошол эле учурда балалуу болгондор саны азайып жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок бул статистика Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекетке таасир этеби?
"Балдардын саны азайып, улгайгандар саны өтө көп болгону дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң коркунуч",-дейт Вашингтон университетинин окумуштуусу Кристофер Мёррей.
2018-жылы жарыяланган баяндамага ылайык, учурда дүйнөдөгү мамлекеттердин жарымында балалуу болгондордун саны кескин азайган.
"Неберелерден чоң ата-энелердин саны көп болгон коомдо социалдык жана экономикалык кесепеттер оор болот",-деп кошумчалайт Мёррей.
Дүйнөлүк банктын статистикасына ылайык, 1960-жылдары орточо эсеп менен алганда, бир аял беш баланы төрөсө, алтымыш жылдан кийин бир аял эки гана балалуу болгон.
Социалдык-экономикалык абал оңолгондуктан, карыялар узагырак жашап жатат. 1960-жылдары орточо эсеп менен алганда, адам баласы 52 жашка чыгып көз жумган, 2017-жылы бул көрсөткүч 72 жашка көтөрүлдү.
Демек, биз узагырак жашап, көбүрөөк ресурстарды талап кылабыз. Жаштарга болгон милдеттер да көбөйдү. Мисалы, пенсия жана саламаттыкты сактоо системасына болгон төлөмдөрдү жаштар көтөрөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул көйгөй өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдө кеңири тараган. Жашоо шарт оңолгондуктан, адамдар узак жашайт, жаштар кеч үйлөнгөндүктөн бирден же экиден гана балалуу болушат.
Жапония көйгөйдү ачык көрсөткөн мисалдардын бири. Аталган өлкөнүн жарандары орточо эсеп менен алганда 84 жашка чыгат (дүйнөдө жапониялыктар эң узак жашайт), 2018-жылы карыялардын саны калктын 27 пайызын түзгөн.
Ал эми беш жашка чыга электердин саны калктын 3.85 пайызын гана түзгөн. Жапониянын расмийлери ондогон жылдардан бери бул тенденцияга тынчсызданып келет. Өткөн жылы жапон өкмөтү пенсия курагын 65 жаштан жетимишке көтөрүү сунушун айткан. Долбоор колдоого алынса, жапониялыктар пенсияга эң кеч чыгып калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Муун алмаштыруу көрсөткүчү
Улгайгандар менен жаштар ортосунда тең салмактуулукту сактоо үчүн үй-бүлөлөр экиден балалуу болушу керек. Бириккен улуттар уюму 113 мамлекет гана бул көрсөткүчкө ээ экенин билдирүүдө.
Дүйнөдө адамдын саны өскөнү менен айрым өлкөлөрдө тескерисинче азаюуда. Дүйнө калкы 2024-жылга чейин 8 миллиардга өсөт деген божомолдор бар.
Мисалы, Орусияда орточо эсеп менен алганда, бир аял бир гана (так айтканда 1.75) бала төрөп жаткандыктан, эмдиги он жылдын ичинде калктын саны кыскарат.
БУУ 2050-жылга чейин Орусия калкынын саны 143 миллиондон 132 миллионго төмөндөйт деген божомолун билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экономикалык таасир
Улгайган кишилердин саны көбөйгөнү өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасир этет.
Ноябрь айында Эл аралык валюта кору Жапониянын экономикасы кырк жылдын ичинде 25 пайызга төмөндөйт деген тыянак чыгарган. Уюм мунун себебин өлкөдөгү улгайгандар санынын жогору болгону менен байланыштырган.
"Калктын демографиясы ар бир тармакка таасир этет. Көчөдөгү кишилер, үйлөр, унаа тыгыны жана керектөө экономикасына көңүл бурсаңыз, анын баары демографияга байлануу",-дейт Оксфорд университетинин окумуштуусу Жорж Лисон.
Албетте, технологиянын өнүгүшү көйгөйдүн алдын алууга жардам бериши ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ага карабастан саясатчылар демографиялык көйгөйдү "жакында жарыла турган бомбага" салыштырууда.
2015-жылы Кытай "бир гана балалуу болуу" саясатын өзгөртүп, 2018-жылы коюлган чектөөлөрдү толугу менен алып салуу маселеси каралат деп айтылган. Былтыр Кытайда 15.2 миллион бала төрөлгөн, бул алтымыш жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.
Бул бир гана Кытайга таандык тенденция эмес. Дал ушул себептен окумуштуулар саламаттыкты сактоо системасын жакшыртып, пенсия курагын көтөрүү керек деп айтышууда. Ошондой эле айрым консервативдик көз караштагы коомдо аялдарды дагы ишке тартуу көйгөйүн чечүү зарыл, дейт изилдөөчүлөр.
Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына ылайык, 2018-жылы дүйнө жүзүндө ишке жөндөмдүү аялдардын 48.5 пайызы гана жумушка тартылган. Бул көрсөткүч эркектерге салыштырганда 25 пайызга төмөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Аялдар эркектер сыяктуу эле жумушка тартылса, мындай өлкөлөрдүн экономикасы олку-солку абалга азыраак кептелет. Аялдар ишке тартылган өлкөлөрдө жакырчылык да азыраак болгону аныкталган",-дейт экономика боюнча эксперт Эрнст Эккенхард. (AT)












