Жакындары: Айзада айласы кеткенде ушундан кутулуу үчүн Түркияга кеткени жатты эле

Сүрөттүн булагы, screenshot
Ала качууга кабылып, киши колдуу каза тапкан 27 жаштагы кыздын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учуруп, милициянын дарегине ачуу сындарды жаадырды. Коомдук сайттарда кызды уурдап кетишкенден кийин ыкчам чара көрө албады деп милицияны аракетин айыптап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышууда.
Бүгүн буга байланыштуу жарандык коом Бишкекте нааразылык акциясына чогулат.
Бишкек шаардык милицясынын жетекчиси Бакыт Матмусаев басма сөз жыйынында укук коргоо кызматкерлери убагында Айзаданы таба албай калганына жакындарынан жана коомчулуктан кечирим сурады. Бирок жетиштүү чаралар көрүлгөн эмес деген сындар менен милиция макул эмес.
"Уурдалган кыздын, ошондой эле шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары бир мүнөткө токтоп калган жок. Шектүүлөр менен тааныш делген кишилер, болжолдуу даректер жана башка байланыштарынын баары текшерилип жатты",-деп маалымат таратты Бишкек милициясы.
5-апрелде белгисиз адамдар ала качышкан 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү эки күндөн кийин Бишкектин четиндеги талаада унаадан табылды. Бишкек милициясы кызды уурдап кетүүгө шек саналгандардын бирөө кармалганын кабарлады. Дагы бир киши изделип жатканы белгилүү болду. ИИМ маалыматына караганда кызды аны уурдоого шек саналган 36 жаштагы жигит дагы өзүнө бычак сайып каза тапкан. Ал кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайган дейт милиция. Айзаданы үч жигит көчөдөн күч менен машинеге салып кеткени тартылган видео интернетке тараган эле.
Би-Би-Сиге Айзада менен жакын санаалаш эжеси, кесиптеши "Айзада айласы кеткенде ушундан кутулуу үчүн Түркияга кеткени жатты эле" деп айтып берди. Ал коопсуздук маселесинен улам ысымын ачык атабоону өтүндү. Биз аны Миргүл деп атап койдук.

Сүрөттүн булагы, Social media
Миргүл: Маалыматты интернетке чыгаргандан кийин райондук ички иштер бөлүмдөрүнө өзүбүз чалып сурап жаттык. Алар арызды кайда жаздыңар эле, бизге андай маалымат түшкөн жок деп жатышты. Башка райондук милиция бөлүмдөрүнө маалымат жетпептир. Арызды кабыл алган райондук ички иштер бөлүмүнүн аракетине нааразы болдук.
Би-Би-Си: Бала менен кыз мурунтан эле тааныш беле?
Миргүл: Ооба, өткөн жылы жолугуп жүрүшүптүр. Андан кийин ал баланын психикалык саламаттыгынан күмөн санай баштаганда "болду, жаныма жолобо" деп эле качып жүргөн. Ал эми тиги бала болсо артынан ээрчип, аңдып жүрүп алды. Алар шаардан эле таанышып калышкан. Айзада аябай жакшы кыз эле. Ал баладан канча качып жүрдү, артынан биз канча жолу үйүнө чейин жеткирип, тиги бала көрүп калбасын, билип калбасын деп ал баладан качырып жүрдүк. Бир жолу ала качып кетерине аз калганда жумушубуздагы жетекчибиз көрүп калыптыр. Ал машина менен аркасынан кууп барып, алып калган. Ошондон кийин "Айзада сен мындан кутула албайсың, башка жакка кетчи. Орусиягабы, Түркиягабы кет" деп келгенбиз. Өзү Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүткөн эле. Түркия менен келишим түзүп, он алтысында учуп кетмек. Билети да колунда болчу.
Би-Би-Си: Демек, ала качуу, күчкө салуу аракети буга чейин дагы болгонбу?
Миргүл: Ооба, ошондой болгон.
Би-Би-Си: Милицияга эң биринчи арызды ким жазды?
Миргүл: Биринчи эле Айзаданын апасы барып кайрылды.
Би-Би-Си: Сиздер өзүңүздөр издөө иштерин кандай кылып жүргүзүп жаттыңыздар?
Миргүл: Айзаданын апасынын бир туугандарынын баары чыкты. Сосновакада камерага түшүп калыптыр дегенди уккандан кийин алар Кара-Балтадан тартып, болгон жерди издеп жатышты. Тааныш-билиштин баарынан сурап, издеп кишиден киши салышты. Өткөн жылы иштеген ыктыярчылардын номери сакталып калыптыр. Аларга байланышка чыгып, ушундай десек эле алар баары макул деп, издөөгө киришти. (Айзада өткөн жылы пандемия учурунда ыктыярчыларга жардам берип, аны-мунусун кошо ташышып, жеткирип жардам берип жүргөн эле). Биз интернетке чыгарбасак болбойт, интернетке чыгарып милицияны чуркатпасак болбойт дедик. Канча киши издеди! Тигил жактан чыкты, бул жактан чыкты деп эле жаттык. Ошентип жаткан учурда милиция 12-кичи райондогу дүкөндүн камерасына тушүп калыптыр деп айтты да. Ошол видеону бербей коюшту.
Би-Би-Си: Айзада менен ошол күнү кечке маал телефон аркылуу сүйлөштү деген маалымат чыкты. Ким сүйлөштү эле?
Миргүл: Айзада апасына чалыптыр. Биз Кара-Балта тараптабыз. Азыр барып калабыз деген экен. Ага чейин кун бою эч дайынын чыкпагандан жумушубуздагы жетекчибиз дагы тааныш-билишине байланышып издеп жаткан. Биз апасына чалды дегенде бир саат күтө туралы деп тынчып калдык эле. Күттүк кечки 8-9 болуп кетти. Милицияга чалсак, азыр мына карап жатабыз дешкен.














