Чөнтөк уурулар кутурду, милиция утулдубу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкек милициясы бир апта мурда кичи автобустарда чөнтөк уурулардын уюшкан тобун кармаганын кабарлады. Андан мурда маршруткада уурулукка шектелген балдардын тобу жүргүнчүлөргө миздүү курал менен тап берип, кол салууга аракет кылып жатканы тартылган видео социалдык медиага тараган эле.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Бишкекте кичиавтобуста топтошуп алып уурулук кылган шылуундардын айыбы ачылып калганда кайра кол салууга чейин барганы чөнтөк уурулардын ашынып баратканын көрсөттү. Алар менен күрөшүү милициянын колунан келбей калдыбы деген талкуу жанданды.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Чөнтөк уурулар кайсы доор болбосун, кайсы өлкө болбосун, дайыма болуп келген. Алар менен күрөшүү канчалык эффективдүү, кеп ошондо. Бул жагынан Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кесиптик даярдыгы чөнтөк ууруларына караандабай калгансыйт. Уурулардан зыян тарткан ким болбосун, качан болбосун милиция жардам бере албай койду деп эле наааразы болгондор.
Журналист Аскер Сакыбаева кызы Бишкекте маршруткадан чөнтөк телефонун уурдатып жибергенин, бирок милициядан эч ылаажы болбогонун айтты:
“Маршруткадан сатып алганына бир апта гана болгон жапжаңы телефонун уурдатып ийген. Анда “Манас” университетинде окучу. Маршруткадан алдырып ийгенден кийин жанында турган балдардан шек санап, Октябрь райондук милициясына арыз жазганбыз. Бирок таппай коюшкан ууруну. Бара берип жарым жыл өткөндө жадап, өлүп кетсин деп үмүттү үзгөнбүз”.
Бишкектин дагы тургуну Бактыгүл бир топ жыл мурда чөнтөк телефонун ууруларга алдырып жиберген.
“Октбярь райондук милициясы таап бере албай койгон. Нокиа телефонумду уурдаткам. Маршруткадан түшкөндөн кийип таппай калгам. Эл аябай көп, тыгылыш болчу. Көбүнчө жаш эркек балдар болчу.”

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Май айында Таластын мал базарында кармалган урууну эл милицияга ишенбей, жаны кашайып, мамыга байлап коюп сабай турган болгондо араң токтотуп калышкан эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Мал базарда уурулук көбөйдү. Азыр накталай төлөмдөн электрондук түргө өткөндөн бери, уурулар да мал базарларга ооду. Ошон үчүн милиция кызматкерлери ошол жакта иштөөнү күчөтүү керек,-деген эле коомдук ишмер Орозбек Молдалиев. - Мурда ар бир базарда милициянын бөлүмдөрү бар болчу. Алар алдын алуу иштерин жасап турушчу. Таласта кармалган адам бул тажрыйбалуу ууру. Ал Ысык-Көлдөн барып, Таласта уурулук кылып жатат. Бул жерде ички иштер органдарынын бири-бири менен тыгыз иштешпегендиги да көрүнүп жаткансыйт. Ушундай ууру бар деп сүрөтүн эле салып жиберсе болот да. Мурда түрмөдөн чыккандан кийин милиция ар бир ууру-кескини карап, кайда эмне кылып жүргөнүн билип турчу да. Азыр эми мунун баарына милиция кызматкерлерин күнөөлөгөн болбойт, алардын айлыгы аз, социалдык жактан коргоо да мурдагыдай эмес».
Чөнтөк уурулары да бир орунда турбайт, алар да кесиптик машыгуусун өнүктүрүп жатканы белгилүү. Уурулар көбүнчө өзүнүн шаарында же районунда эмес, башка жактарга барып шылуундук кылышат. Андайларды гастролерлор деп коюшат. Бирден эмес, үчтөн-төрттөн топтошуп уюшуп алып иштегендери бар. Алдын ала мыкты даярданышат, машыгып, кыныгып бүткөндөр. Алар өздөрүнүн жеми боло турган адамды адегенде бутага алып, аны аңдып, баскан турганын маршрутуна чейин изилдеп туруп иш кылышат. Аны билиш үчүн эксперттик чоң акылдын деле кереги жок. Ал эми милициянын ууруларды кармоо жагынан чеберчилиги өстүбү, колу узардыбы?
Өткөн жылы ноябрда Тынымгүл аттуу келин жолдошу экөө Орусияда мээнет кылып, чогултуп келген 470 миң рубль акчасын Бишкекке келип, маршруттук таксиден уурдатып алганын айтып, жардам сурап зар какшады эле. Бирок аны сыздаткан ууруларды милиция эмдигиче кармай элек.
"Жолдошум отурган кезде бар болчу. Салмактуу чоң кошелек эле. Жолдошумдун курткасынын ички чөнтөгүндө болчу. Ылдыйраак чөнтөк узунунан салып койгон, жабык эле болчу, бир аз башы көрүнүп турган. Уурулар кандай алганын билбей калдык. Жолдошум жерге түшкөндө эле анын жок экенин байкадык. Биз отурганда ичи бош эле болчу маршрутканын. "Бишкек парк" деп түшкөндө эле жок экенин байкап, кайра маршруткага кирдик. Акчабызды издеп калдык, түшүп калдыбы деп. Эч ким көргөн жокпу деп сурадык. Жок-жок көргөн жокпуз эле деп коюшту. Айдоочу болсо "өзүнөр сак болбойсуңарбы" деп айдап кете берди. Менден мурда эки бала түшүп кетти, ошолордон шек санап атабыз. Биз шок болуп калдык. Жолдошум маршрутканын ооз жагына келгенде кысылып түштүм, аябай кысышты дейт, башымды ылдый кылып, араң түштүм дейт. Түшкөндө эле жок болуп калды. Жолдошум өзүнүн жүрөгү ооручу, азыр деле өзүнө келе албай атат",-деген Тынымгүл "Супер ТВ" каналына айткан сөзүндө.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Бишкектик жол инженери Каныбек токсонунчу жылдардын башында Москвага барганда абдан чоң суммадагы акчаны алдырып койгон окуясын айтып берди.
«Көрсө, алар чөнтөктөн сууруганда эле өзүнүн чөнтөгүнө салбайт экен. Дароо ыргытат башка жакка. Мен Москвадан 92-жылы чөнтөктөн ири сумманы алдырып жибергем, базанын акчасы болчу. Сол жагымда терең чөнтөгү бар шым сатып алгам. Ошол чөнтөккө пачкадагы доллар салгам. Запастык бөлүктөрдү, РАФ сатып алабыз деп барганбыз. Запастык бөлүктөрдү сата турган чоң рынокко келип, шоопурлар кетип баратып мобул запчастты алалы, а-бу деп ар кай жерге токтоп баратканбыз. Улам алып чыгып, соода кылып коюп кетип бараткам. Бир кезде бир жерге келгенде түртүш болуп кетти кокустан. Мен эчтеке сезген жокмун. Баягы балык бир былк дейт го, сол чөнтөгүм былк эле дей түштү. Шекий калып эле артымды карасам, акчам жок. Атып туру эле артымды карасам, орус эмес, тажикке окшогон бир бала турат. Дароо эле ошону басып жыгылдым. Мени көрүп тегерекке эл чогулуп калды. Милиция келди. Баягыны чөнтөктөрүн аңтарса эчтеке жок. Вещдок (уурулуктун далил буюмдары) жок. Биз болбой эле карагыла, кармагыла деп талап кыла бердик. Милициялар вещдок жок болсо эмне кылабыз деп алакан жайып туруп алышты. Айла кетип калды. Ошондо милициянын бирөө мага өзүнчө боор тартып айтып айтпайбы, сенин чөнтөгүңөң чыкканда эле ыргытып жиберген акчаны асман менен. Ар жакта башка шериктери турат экен көрсө, шарт-шарт тосуп алып, бат эле базардын башка жагынан чыгып кетет экен. Ошондуктан ууруну кармоо, анын мойнуна коюу кыйын дешти алар”,-дейт башынан өткөн окуяны эскерген Каныбек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Токсонунчу жылдардан бери милиция канчалык өзгөрдү, өнүктү айтуу кыйын, бирок чөнтөк уурулардын шылуундук чеберчилиги өркүндөгөнүн бөркүңдөй эле көрсө болот.
Алар менен күрөшүү, кармоо кыргыз милициясы үчүн да оор болуп калганын күч түзүмдөрүнүн өздөрү деле айтууда. Би-Би-Си Бишкектин Октябрь, Ленин райондорунда көп жыл милициянын башчысы болуп иштеген Мадияр Кулуевди кепке тартып, пикирин сурадык.
“Чөнтөк ууруларды кармоо боюнча мен өзүм да иштегем. Фрунзеде чөнтөк уурулар менен иштеген өзүнчө бөлүм бар эле. Мен ошол жерде эки жарым жыл иштегем. Бул чөнтөк ууруларды кармаш аябай кыйын. Аны далилдеш, аныктап тактап бериш оңой эмес. Азыр мыйзамдарды өзгөртпөсөк болбойт. Анткени он миңге чейинки сумманын уурдоо жосун болуп калган да. Соттор санкция бербейт он миңге чейин. Он жолу кармалса да сот кое берет. Мыйзамды катаалдаштырыш керек. Мурда чөнтөк ууруларга каршы иштеген атайын адистешкен бөлүмдөр бар эле, азыр анын баары кыскарып кеткен. Чөнтөк уурулардын ар түрү болот. Гастролер дегени бар. Мурун союз убагында бизге Россиянын Новосибирск сыяктуу шаарларынан келчү уурулар. Аларга каршы күрөшкөн өзүнчө бир чоң бөлүм түзүш керек. Бишкекти көрүп атасыңар, уурулук аябай күчөп атат. Маршруткадабы, автобустабы, базарда, дүкөндөрдө. Далилдөө базасы, жол-жобосу аябай кыйын".
"Биз иштеп жүргөндө цыгандар көп уурдачу, отуз-кырк жаштагы чоң-чоң кишилер болчу уурулар. Азыр жашарып кетти, 14-15-16-17 жаштагы уурулар көп. Анда автобус-троллейбустарда, базарларда, автовокзалдарда уурдашчу. Азыр маршруткадан көп уурдашууда",-дейт Мадияр Кулуев.












