Таш ала чуркаганда чатак болмок... Мал базардагы чуу
Дастан Үмөтбай уулу, Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си кабарчылары

Сүрөттүн булагы, Коллаж
Таластын мал базарында акча уурдоого шектелген кишини эл мамыга байлап, өз алдынча жазалоого аракет кылышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, талкуу басыла элек. Алдын ала тараган маалыматка караганда, шектүү көлдөн Бишкекке, андан ары Таласка уурулук кылганы барган деп жатат.
Адатта "ууру алыстан келбейт" деген жүйө эми өзгөргөн өңдөнөт. Ууру ким болбосун, кайдан барбасын бул окуядагы көңүл бурчу эң эле негизги жагдай - интернетке желдей тараган айрым видеолордо жардаган элдин ичинде өз алдынча жазалап салуу чакырыгынын байкалганы болду.
"Жаза тайып ким бирөө ошол жерден шектүүгө таш ала чуркаганда окуя кандай аяктайт эле" деп суроо салгандар да бар. Кандай ууру, кандай кылмышкер болбосун жазасы мыйзам чегинде берилиши эң негизги маселе.
Айрымдар бул окуя укук коргоо органдарына болгон ишенимдин төмөндүгүн көрсөттү дешет. Милициянын укугу чектелүү экендигин айткандар да бар.
Би-Би-Си мындай көрүнүштөрдүн келип чыгышы, кесепети жана алдын алуу жолдору боюнча адистердин пикирлерин топтоду.
Маселе мыйзамдабы?

Мелис Турганбаев, мурдагы ички иштер министри
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Элдин өз алдынча жазалоо аракетине көп себептер бар. Жалгыз эле милиция кызматкерлерине ишенбестик деп айткан туура эмес. Бүгүнкү күндө дүйнөдө кымбатчылык болуп, эл кыйналып турат. Анан эле бирөө мал алайын деп базарга келип, акчасын уурдатып жиберсе, жанында ким гана болбосун кызуу кандуулукка алдырат. Дагы жакшы ошол учурда милиция келип, өз алдынча соттоого жол бербей мыйзам чегинде чара көрүлүшү үчүн өз милдеттерин аткарышты. Ууру-кески, каракчылар менен күрөшө тургандар – кылмыш иликтөө кызматы. Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргенден кийин бул кызматтагы ыкчам кызматкерлердин колу-буту тушалып калды. Мурда кылмыш-иликтөө кызматкерлери ар бир айылда ким эмне кылып жүргөнүн иликтеп турчу. Соттолгон адамдар түрмөдөн чыгары менен каттоого алып, жаңы машине айдап калса, кайсы акчага алганын сурап, алдын алуу иштерин жүргүзүп турушчу. Азыр көчөдө ууру кетип баратса, аны кармап алып келе албайсың. Тергөөчүнүн атайын тапшырмасы болуш керек. Мурда чөнтөкчүлөр менен иштеген атайын бөлүм бар болчу. Чөнтөкчү түрмөдөн чыгары менен аларды каттоого алып, эмне кылып жүргөнүн билип турат элек. Азыр эми мыйзам өзгөргөндөн кийин бул иштердин баары кыркылып калды. Милиция азыр мыйзам чегинде өзүнүн жумушун жасап жатат, иштебейт дегендер менен макул эмесмин.
Ошол эле Таласта болгон окуяда, милиция кызматкери ошол чөнтөкчүнү таанып, “эмне кылып жүрөсүң” деп милиция бөлүмүнө алып барды дейли. Мындай учурда, тиги чөнтөкчү делген адам укугумду чектеди деп арыздана турган болсо анда тартип сакчысы өзү жоопкерчиликке тартылып калат. Мурда мындай эмес болчу. Эрте менен ыкчам кызматкер базарга барып, чөнтөкчүнү көрүп калса, анда аны ошол жердеги бөлүмгө алып барып, эмне кылып жүргөнүн сурап, базар жабылгыча камап койгон учурлар болчу. Мунун баары кылмыштуулукту алдын алуу үчүн жасалчу да. Ошондуктан мен айтат элем, азыркы мыйзамга толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.
Өз алдынча жазалоо чакырыгын токтотуу керек

Сүрөттүн булагы, facebook
Таттыбүбү Эргешбаева, юрист
Эл укук коргоо органдарына кайрылбай туруп, кылмышка шектелгендерди өз алдынча жазага тартуу – бул олуттуу маселе. Биз укуктук мамлекетте жашаганыбызга карабай эл ичинде адилеттүүлүк жана мамлекеттик институттарга ишеним төмөн. Ушундан улам адамдар өз алдынча жазалоо механизмине кайрылышууда. Бул эми адеп-ахлак маселесине кирип калат. Бирок аябай терс көрүнүш. Орто кылымдарда мамлекеттик институттар калыптанып, өз ордуна түшө элек кезде ушундай практика колдонулуп, өлтүрүп коюга чейин барышчу. Мындай учур бизде бир эле Таласта эмес, өлкөнүн башка аймактарында да болгон. Мындай терс көрүнүштөргө сот тармагындагы кош стандарттуулук, алардын саясий көз карандылыгы себеп болууда. Соттор чечим кабыл алууда адамдардын абалына, бийликке жакындыгына карашат. Ушундай кош стандарттуулуктун кесепетинен эл ичинде укук коргоо, сот системасына ишеним жоголуп, өз алдынча жазалоого таянышат. Ушундай мыйзамга жат көрүнүштөр көбөйө берсе укуктук башаламандык келип чыгат. Мындай нерсени болтурбоо үчүн Таластагы окуяда өз алдынча жазалагандар дагы мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Эгер бийлик көз жумуп койсо, мындай окуялар кайталана берет.
Түрө кыдырып уурдамай пайда болдубу?
Орозбек Молдалиев, талдоочу жана коомдук ишмер
Өз алдынча соттоп жиберүү мурунку заманда баардык эле элде болгон. Ал ар бир элдин салт-санаасына ылайык жасалчу. Жекече соттоп жиберүү шектүүнү кылмыш жасаганы далилденгенге чейин жазалап жиберүүгө себеп болот да. Мында жаңылыштык болуп кетпеши үчүн, изилдеп, далилдеп анан жоопкерчиликке тартуу максатында сот системасы келип чыккан. Соңку учурда укук коргоо органдарына кайрылбай эле өз алдынча жазалоо бизде да көбөйүп баратат. Бул эмнеден кабар берет? Биринчиден, кылмыштуулук көбөйдү. Аны эл дагы сезип жатат. Элде укук коргоо органдары менен сот тармагына ишеним аз. Себеби шектүүнү суракка алып, тергеп, анан жоопко тартууга келгенде бошотуп жиберген учурлар көп. Мурда мындай кылмыштар катталган учурда эл милицияга салып берчү. Экинчиден, мал базарда уурулук көбөйдү. Азыр накталай төлөмдөн электрондук түргө өткөндөн бери, уурулар да мал базарларга ооду. Ошон үчүн милиция кызматкерлери ошол жакта иштөөнү күчөтүү керек.
Мурда ар бир базарда милициянын бөлүмдөрү бар болчу. Алар алдын алуу иштерин жасап турушчу. Таласта кармалган адам бул тажырыйбалуу ууру. Ал Ысык-Көлдөн барып, Таласта уурулук кылып жатат. Бул жерде ички иштер органдарынын бири-бири менен тыгыз иштешпегендиги да көрүнүп жаткансыйт. Ушундай ууру бар деп сүрөтүн эле салып жиберсе болот да. Мурда түрмөдөн чыккандан кийин милиция ар бир ууру-кескини карап, кайда эмне кылып жүргөнүн билип турчу да. Азыр эми мунун баарына милиция кызматкерлерин күнөөлөгөн болбойт, алардын айлыгы аз, социалдык жактан коргоо да мурдагыдай эмес.












