"Ууру тойгончо жеп...". Соттордун ставкасы жана актануусу
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соттолгон адамдарды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуп жатканда судьялар олчойгон пара алып жатканы жөнүндө депутаттын билдирүүсү сот тармагындагы көп жылдан бери келаткан көйгөйдү кайра козгоду. Аламүдүн райондук сотунун басма сөз кызматы актанып жооп кайтарды. Эл өкүлүнүн айтымында, соттордогу коррупцияны депутаттык комиссия түзүп иликтебесе болбойт.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Аламүдүн районунун судьялары шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн ар бир жылга 2-4 миң доллар алат деп депутат Жусупбек Коргонбай уулу шейшембиде тармактык комитеттин жыйынында айткан эле. Депутат анын алдында Степное айылындагы аялдар колониясына барып, ал жактан соттордун ээнбаш чечимдери жана акча талап кылган учурлары тууралуу соттолгон аялдардын арыз-муңун угуп келген экен.
"2300 сом уурдап отурган кыз-келиндер менен сүйлөшүп келдим. Ар бир жылды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте чыгаруу үчүн Аламүдүн райондук сотунда эки миң доллардан төрт миң долларга чейинки ставка бар. Мына пенсия. Сотторго пенсия бербей эле койсок болот. Кадимкидей базар",-деген Жусупбек Коргонбай уулу.
Анын айтымында, оор кылмыш кылгандар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоп кетип жатканда, судьяларга бергенге акчасы жок карыган энелер отурат.
"Баатыр эне отурат, жети баланын энеси. Токтогулдан бир пакетти берип коюптур Бишкекке ала кетиңиз деп. Он эки жыл берип койгон. Сатуу максатым же бир нерсени көрсөм мейли эле дейт. Оштон бир оронгон 75 жаштагы кемпир отурат. Он алты жыл алыптыр. Бир тууган эжеси Жалал-Абадда ажы той кылып атса, ошол жакка кетсе, милициялар чердакка чыгып, бир кг баңгизатты коюп салып, жүз пайыз постанова. Областтык сотко да кайрыла албаптыр, адвокаты да жок, акчасы да жок он алты жыл отурат".
Бул тармактык комитет судьялардын пенсиясына каралган кошумча акчаны кыскартуу жөнүндө мыйзам долбоору каралган учурда айтылган сөз.

Сүрөттүн булагы, ГСИН
Эл өкүлүнө эрежени түшүндүрүү
Аламүдүн районунун сотунун басма сөз кызматы депутаттын сын дооматына кайтарган жообунда шарттуу түрдө эрте бошотуунун мыйзамдык тартибин түшүндүргөн. Башкача айтканда, бул маселе соттолгон адамдын арызы боюнча соттор өзү эле чечип койбойт, ага түрмөнүн өкүлдөрү, прокурор катышат, соттолгон адамды шарттуу түрдө бошотууга негиз бар же жок экенин прокурор берет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе каралганда соттор чектелген жазанын мөөнөтүн азайтуу тууралуу маселени карай алышпай турганын белгилей кетүү керек",-деп айтылат билдирүүдө.
Кайра эле депутатка бул эрежени кайрадан түшүндүрүүнүн эмне кажети бар деген суроо туулат. Эл өкүлү судьялар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте бошоткондугу үчүн ар бир жылга 2-4 миң доллардан акча алат деп айтып жатат. Эл өкүлү мыйзамдын бул тартибин эң сонун билерин Би-Би-Сиге билдирди:
"Бул жерде начальник өтүнмө жазып берет. Прокурор, спецпрокурор бар, анан соттор. Акыркы чекитти сот коет".
Райондук соттун басма сөз кызматы андан ары кайра эле соттолгон адам кылган кылмышынын оордугуна жараша жазанын айрым бөлүгүнөн бошотулушу мүмкүн деп анын шарттарын келтирет. Атап айтканда, түрмөдөгү жакшы жүрүш-турушу, зыяндын теңинен кем эмес бөлүгүн төлөп берүү, эмгекке жакшы мамилеси, кайсы бир оорудан дарылануу зарылдыгы сыяктуу себептер негиз болуп бере алат. Ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте бошотуу мүмкүн эмес болгон дагы башка бир топ учурлар бар.
Бирок депутат соттордон мыйзамдын бул тартибин түшүндүрүп бер деп сурап жаткан жок.
"Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат. Баардыгы коррупциялык схема. Буга тийиштүү комиссия түзүлөт. Депутаттык комиссия түзүп, иликтөө кылыш керек",-деди Жусупбек Коргонбай уулу Би-Би-Сиге.
Кыскасы, Аламүдүн райондук соту ЖК депутатынын билдирүүсүндөгү конкреттүү фактыларга конкреттүү түрдө жооп бербей, анын ордуна мыйзамдын тартибин баяндоо менен жоопкерчиликтен буйтап кетүүнүн амалын кылууда.
Анткен менен Кыргызстанда сот тармагындагы коррупциянын кылы кыйшая элек деген нааразылык коомдо басаңдай элек.
Так ушул соттордун ээнбаштыгы, алардын коррупцияга батканы коомдук чыңалууну пайда кылып, Кыргызстанда үч жолу элдик көтөрүлүшкө алып келген эң башкы себептердин бири катары саясий отчеттордо баса белгиленип келатат.







