Орусия абактагы бир топ кишини алмашты. Мурунку тизмеде Навальный да болгонбу?

Френк Гарнер: 1991-жылы кансыз согуш аяктагандан бери карай Батыш менен Орусиянын кырчылдаган тиреши эң курч фазасында турган учурда бул иштин ишке ашканы таң калтырат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Френк Гарнер: 1991-жылы кансыз согуш аяктагандан бери карай Батыш менен Орусиянын кырчылдаган тиреши эң курч фазасында турган учурда бул иштин ишке ашканы таң калтырат

Орусия, АКШ, Германия, Норвегия, Словения, Беларусь жана Польша абактагы бир топ кишисин алмашты. АКШ президенти Жо Байден орусиянын абагынан бошотулган он алты киши тууралуу билдирди. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) сегиз жаранын жашы жете элек эки баласы менен кайтарып алганын ырастады.

Алмашууга катышкан жети мамлекет жалпысынан 24 кишини бошотушту. Орусиянын ФККсы алмашуу ишинде жашы жете элек эки бала дагы болгонун кошумчалады. Кремль тараткан видеодо Путин алмашуу жолу менен Орусияга келгендерди учактан өзү тосуп алганын көрүүгө болот. Ошол эле видеодо эки тестиер да кошо келгени тартылган.

Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы Френк Гарнер, бул соңку мезгилдин эң иири жана өзгөчө алмашуусу болгонун белгилейт. Анын айтканына караганда, 1991-жылы кансыз согуш аяктагандан бери карай Батыш менен Орусиянын кырчылдаган тиреши эң курч фазасында турган учурда бул иштин ишке ашканы таң калтырат.

Би-Би-Синин орус кызматы алмашууда аттары аталып жаткан 24 киши кимдер экени тууралуу чечмеледи.

Түрмөдөн кимдер чыкты?

Эван Гершкович

Журналист Эван Гершкович 16 жылга кесилген

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналист Эван Гершкович 16 жылга кесилген

Июндун ортосунда Свердлов областтык соту америкалык журналист Эван Гершковичти тыңчылык кылды деп 16 жылга катуу тартиптеги колонияга өкүм кылган. Wall Street Journal басылмасынын 32 жаштагы журналистинин иши жабык каралган.

Айыптоочулардын версиясы боюнча, Гершкович "ЦРУнун тапшырмасы боюнча 2023-жылы Свердлов областындагы "НПК", "Уралвагонзавод" АКнун аскердик техникаларды оңдоо жөнүндөгү купуя маалыматтарын топтоп, "конспирациянын чараларын кылдат сактап" иш алып барган делет.

Гершкович менен өнөктөш болуп иштеген фотограф, кабарчы орусиянын аймагындагы эл согушту кандай кабыл алаары жөнүндө макалага материалдарды топтоп жана ал иш үчүн Екатеринбург жана Төмөнкү Тагилге ошондой эле башка аймактарга барууну пландаганын Би-Би-Синин Орус кызматына айтып берди. Гершкович ЧВК "Вагнер" кишилерди кантип азгырганына да кызыкканын ЖМК жазып жатат.

Гершкович өзүнө тагылган айыпты четке кагып, анын иши түздөн-түз журналистика болгонун айтууда. WSJ редакциясы анын ишин жасама деп атады, АКШ президенти Жо Байден болсо - муну "толугу менен мыйзамсыз" деди.

Гершкович орусиянын соңку жаңы тарыхында тынчылыкка айыпталган америкалык биринчи журналист болуп калды.

Илья Яшин

Илья Ящин Орусиянын армиясы тууралуу жалган маалымат таратты деп айыпталган

Сүрөттүн булагы, Sergei Fadeichev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илья Ящин Орусиянын армиясы тууралуу жалган маалымат таратты деп айыпталган

2022-жылдын декабрында Москвадагы Мещан соту оппозиционер Илья Ящинди ("иноагент" реестрине киргизилген) орус армиясы тууралуу "фейк" таратты деп 8.5 жылга эркинен ажыратып, жалпы режимдеги абакка салган.

Кылмыш ишине Илья Ящин 7-апрелде YouTube каналындагы түз эфиринде украинанын Бучасында болуп жаткан окуяларды айтып, ага кошуп Би-Би-синин ал шаарда каза тапкан жөн-жай тургундар тууралуу сюжетин көрсөткөнү себеп болуп берген. Жазында Бучада болгон окуяларды эл аралык кылмыш соту иликтеп жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги орусиялык жоокерлердин Бучадагы кылмыштары тууралуу билдирүүлөрдү "чагым" деп атап, өлгөн кишилер көрсөтүлгөн кадрларды "жасалма" деп атап келет. Сотто прокурор ушул эле версияны кайталады.

Оппозиционер тагылган айыпты четке кагып келет. Ал соттогу соңку сөзүндө орус аскерлерин Украинадан чыгарууга чакырган.

Абакта каза тапкан Алексей Навальныйды да алмашмак беле?

Алексей Навальный менен коштошуу зыйнаты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алексей Навальный менен коштошуу зыйнаты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Навальный каза тапкан тушта бул иштин ар кайсы өңүтү талкууга түшкөн. Анын бири аны киллерге алмашуу планы тууралуу тастыкталбаган маалымат эле. Алексей Навальныйдын өлүмү аны ошол мезгилде жакын арада эркиндикке чыгарууга даярдык менен байланыштуу болду деп саясатчынын үзөңгүлөштөрү айткан эле. Батыштын бир нече маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Навальныйды алмашуу боюнча уланып жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты жарыялаган жайы бар. Навальныйдын өлүмүнө чейин бул сүйлөшүүлөр кайсы этапта турганы тууралуу ар кандай маалыматтар чыккан.

"Аны алмашуу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жаткан. Президент Путинге сунуш айтылган эле",- деп жазган Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш.

Навальныйдын өнөктөшү Мария Певчих YouTube каналына жарыялаган видеосунда Навальный менен чогуу АКШнын эки жаранын (атын атаган жок) ФСБ офицери Вадим Красиковго алмаштыруу тууралуу сүйлөшүү болгонун билдирген.

"Мен 15-февраль күнү кечинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана акыркы баскычта экенин тактагам", - деген Певчих.

Жогоруда айтылган сүйлөшүүлөрдү расмий тастыктоо мүмкүн эмес. Германиянын өкмөт өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тарткан. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо мындай келишимдер тууралуу маалыматы жок экенин айткан.

Орусияда 1986-жылдан бери эл аралык алмашуунун негизинде соттолгон орусиялык оппозиционерлерди бошотуу учурлары болгон эмес.