Навальныйды киллерге алмашуу планы болгон: cаясатчынын өлүмүнөн кийин ачыкка чыккан жагдай

GETTY IMAGES/THEINS.RU

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES/THEINS.RU

Алексей Навальныйдын өлүмү аны жакында эркиндикке чыгарууга даярдык менен байланыштуу деп саясатчынын үзөңгүлөштөрү айтууда. Батыштын бир нече маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Навальныйды алмашуу боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты жарыялады. Навальныйдын өлүмүнө чейин бул сүйлөшүүлөр кайсы этапта турганы тууралуу ар кандай маалыматтар айтылууда.

"Аны ушул күндөрү алмашуу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жаткан. Президент Путинге сунуш айтылган эле",- деп жазды Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш.

Навальныйдын өнөктөшү Мария Певчих YouTube каналына жарыялаган видеосунда Навальный менен чогуу АКШнын эки жаранын (атын атаган жок) ФСБ офицери Вадим Красиковго алмаштыруу тууралуу сүйлөшүү болгонун билдирди.

"Мен 15-февраль күнү кечинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана акыркы баскычта экенин тактагам", - дейт Певчих.

Жогоруда айтылган сүйлөшүүлөрдү расмий тастыктоо мүмкүн эмес. Германиянын өкмөт өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартты. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо мындай келишимдер тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Орусияда 1986-жылдан бери эл аралык алмашуунун негизинде соттолгон орусиялык оппозиционерлерди бошотуу учурлары болгон эмес.

Батыш маалымат каражаттары эмне дейт?

Навальныйды Красиковго алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү бир нече чет элдик басылмалар, анын ичинде Reuters, CNN жана Financial Times анонимдүү булактары ырасташты. Навальныйдын бошотулушуна даярдык көрүлгөнүн Би-Би-Си Орус кызматынын булагы да ырастады.

Америкалык Financial Times гезитинин маалыматына караганда, Красиковдун ордуна журналист Эван Гершковичти, Навальныйды жана америкалык ардагер Пол Уиланды бошотуу варианттары каралган. Бирок Навальныйдын өлүмүнөн кийин Берлиндин бул келишимге болгон кызыгуусу азайган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жакында эле президент Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маегинде Wall Street Journal журналисти Эван Гершковичти Берлинде киши өлтүргөн деп өмүр бою эркинен ажыратылган ФСБнын офицери Вадим Красиковго алмаштырууга даяр экенин кыйытып айткан.

New York Times да алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө Навальныйдын өзгөчө ролун белгиледи. Басылма америкалык чиновниктерге шилтеме берип, Германия Вадим Красиковду бошотууну караган ар кандай келишимге Алексей Навальныйды кошууну суранганын жазат.

Басылманын булактары Навальныйдын өлүмүнө чейин алмашууга даярдык акыркы баскычта болгонун тастыктай алган жок.

Америкалык CNN телеканалынын булагы алардын пикирине кошулуп, Навальныйдын өлүмүнө чейин алмашуу боюнча Орусияга расмий сунуш түшкөн эмес деп ырастады.

Reuters агенттиги АКШ жана Германия Орусия менен туткундарды алмаштырууну талкуулашканын, бирок сүйлөшүүлөр алгачкы баскычта болгонун кабарлады.

Агенттиктин Орусиядагы булагы алгач планда Гершковичти гана алмаштыруу каралганын билдирди. "Путин алмаштырууга даяр болгон жалгыз адам Красиков эле. Бирок немистер буга кескин түрдө каршы болушкан, анткени бул АКШ көйгөйү болгон. Навальный планга киргизилгенде немистер акыры макул болушту",- деп билдирди Reuters өздүк булагы.

"Германия канцлери Олаф Шольц 9-февралда АКШга барып, Акүйдө сүйлөшүү өткөндө баары даяр болуп калган эле. Мунун баары качан жана кайсы жерде болоору тууралуу маалымат буга чейин эле талкууланган",- деп кошумчалады ал.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнөн кабардар болгон Би-Би-Си Орус кызматынын булагы да ушундай эле сүйлөшүү болгонун айтууда. Ал Красиковду Навальный менен Гершковичке алмаштыруу чындап эле Орусия, Германия жана АКШдан келген сүйлөшүүчүлөр тобу тарабынан талкууланганын ырастады.

Өдүк булактын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары алмашуу боюнча келишимге 15-16-февралда, Навальныйдын өлүмүнө бир күн калганда жетишишкен. Ошол эле учурда Владимир Путин алмашууга макулдугун берип же бербегени тууралуу Би-Би-Си булагынын маалыматы болгон эмес. Анын айтымында, мындай вариант Орусия президентинин макулдугун албай туруп каралышы мүмкүн эмес.

Германиянын Frankfurter Allgemeine Zeitung гезити да сүйлөшүүлөр акыркы этабына жетип калган эле деп жазды. Анын Батыштагы өкмөттө иштеген булактары сүйлөшүүлөр алда канча алдыга жылганын, ошондуктан немис бийликтери Навальныйдын өлүмү тууралуу кабарды өзгөчө таң калуу менен кабыл алганын айтууда.

Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш NYT агенттигине комментарий берип, Навальный сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын билбей турганын, бирок алмашуу планы бар болушу мүмкүн экенин айткан.

"Ал кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын түшүнгөн, бирок эч кандай майда-чүйдөсүнө чейин билген эмес", - дейт Ярмыш.

Навальныйдын өлүмү

Навальный

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненец автономиялык округундагы колонияда каза болгон.

Анын апасына берилген расмий билдирүүдө Навальный 16-февралда жергиликтүү убакыт боюнча 14:17де каза болгону айтылат.

Федералдык Жаза аткаруу кызматы Алексей Навальный сейилдөөдөн кийин ооруп, "дароо эсин жоготуп" каза болгонун билдирди. Бирок адатта мындай сейилдөөнүн убагы эртең мененки убакытка туура келет.

22-февралда Алексей Навальныйдын апасына өлүмдүн себеби жазылган кат көрсөтүлдү.

Ишембиде Навальныйдын сөөгү Салехардда апасына берилгени белгилүү болду. Буга чейин маркум саясатчынын үзөңгүлөштөрү Навальныйдын сөөгүн жашыруун көмүүнү тергөөчүлөр талап кылып жатышат деп билдиришкен.

Саясатчы менен коштошуу иш-чарасы ушул аптанын соңуна пландалууда. (ErA)