Батыш Украинага күйгөндөй, Палестинага күйөбү? НАТОнун саммитинде Эрдоган көтөрчү маселелер

Сүрөттүн булагы, Reuters
Президент Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун 9-11-июлда өтө турган саммитине катышууга Вашингтонго келди. Эрдоган Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушту токтотууга аракет көрүүгө союздаштарын үндөмөкчү.
НАТОнун 75 жылдыгына арналган саммитте альянстын потенциалы Россия Украинага кол салгандан кийин Европадагы өзгөргөн коопсуздук архитектурасына ылайык өзгөртүлмөкчү.
Саммитке Түркияны Эрдоган баштаган чоң делегация катышат.
Үч күндүк саммиттин биринчи жыйыны Вашингтондо 9-июлда 75 жыл мурун Түндүк Атлантика келишимине кол коюлган Mellon Auditorium’да болот. АКШ президенти Жо Байден чыгып сүйлөйт.
Саммиттин лидерлеринин расмий сүйлөшүүлөрү 10-июлда болот. Ошол эле күнү кечинде Байден лидерлерди Ак Үйдө кечки сый тамакка кабыл алат.
Саммит 11-июлда НАТО-Украина Кеңешинин отуруму менен аяктайт. Саммитте кабыл алынган чечимдер ошол эле күнү жазуу жүзүндө жарыяланмакчы.
Америкалык басма сөздүн маалыматына караганда, Байден саммиттин жүрүшүндө эки тараптуу жолугушуу өткөрө турган эки лидердин бири Украинанын президенти Владимир Зеленский жана экинчиси - Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Кир Стармер.
Күн тартибиндеги эң маанилүү маселелер - Украинага жардам жана альянсты бекемдөө
НАТОнун саммитинин күн тартибиндеги эки маанилүү маселе - альянстын коргонуу потенциалын өзгөрүлгөн шартка ылайык бекемдөө, ошондой эле тийиштүү коргонуу пландарын жана башкаруу түзүмдөрүн уюштуруу.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
НАТО 2022-жылы февралда Мадриддеги саммитте Украинага басып кирген Россия менен «терроризмди» эки эң чоң коркунуч деп атаган.
Вашингтондогу саммитте альянстын түндүк, түштүк жана борбор деп аталган региондор боюнча коргонуу пландары жаңыртылат.
Коргонуу пландарынын алкагында альянстын аскердик потенциалы кеңири талкууланып, НАТОнун Европадагы жогорку командачылыгынын координациясы астында союздаштар белгилүү бир кырдаалда кандай кызматташа тургандыгы аныкталат.
Бул саммитте ошондой эле SACEUR союздаштардан ала турган жаңы аскердик взностору тууралуу өтүнүчү каралып канааттандырылат деп күтүлүүдө.
Бул контексттен караганда НАТОнун региондогу күчтөрүнүн көбөйүшү күтүлөт, Чыгыш Европа менен Балтика боюндагы өлкөлөрдүн талаптарына биринчи көңүл бурулат. Анын үстүнө альянска Швеция менен Финляндия жаңы кошулгандыгын эске алуу керек.
Түркия НАТОнун аскердик кырдаалды кайра карап, коргонуу пландарын жаңыртып жатканын түшүнүү менен кабыл алууда. Бирок Анкара пландаштырууда орчундуу көңүлдү түндүк багытына эмес, түштүк жана түштүк-чыгыш багытына буруу керек деп жатат.
Дипломатиялык булактар НАТОнун түштүк канатындагы ири аскердик держава катары Түркия альянстын көп ишин аткарганга чоң салым кошконун, саммиттен кийин да ушундай ырааттуу мамиле болот деп белгилешүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түркия Украинадагы тынчтык темасынын дагы талкууланышын каалайт
НАТОнун саммитинде кабыл алына турган маанилүү чечим Украинага жардамды туруктуу жана ырааттуу жолго салуу жөнүндө болмокчу.
Вашингтондогу саммитте Украинага союздаштардын 40 миллиард евродон ашкан өлчөмдөгү жардамын координация кылуу тууралуу чечим кабыл алынары күтүлүүдө.
Андан сырткары, кээ бир НАТО өлкөлөрү Украина сураган асмандан коргонуу куралдарын берүү жагындагы өзүнүн милдеттенмелерин жарыялашат деп айтылууда.
Украинаны НАТОго кабыл алуу пландары жөнүндө саммитте кандайдыр бир маселе каралат деген эч кандай сөз жок.
Түркия өз кезегинде Россиянын Украинага басып киргенине каршы экенин жана Украина коргонууга укуктуу экенин баса белгилеп, Украинага жардам маселесин колдоого алууда. Бул саясаттын алкагында Анкара Украинага куралдуу дрон аппараттарын берип жатканы белгилүү.
«Украинадагы согуш НАТО менен Россиянын согушуна айланып кетпеши керек»
Түркия өзүнүн союздаштары менен жолугушууда баса белгилеп аткан позиция Украинага аскердик жардам НАТО менен Россиянын ортосундагы конфликтке өсүп кетпегендей болуп жүргүзүлүшү жөнүндө.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн министрлери менен жакында жолугушуп, бул көз карашты жеткиргени айтылууда. Франциянын Украинага аскер жөнөтүү пландарына байланыштуу бул маселе курчуп кетиши ыктымал.
Түркия көңүл борборунда кармаган дагы бир маселе – кара деңиздеги орус-украин согушунун кесепеттери.
Түркия аскер кемелерине регионго киргенге тыюу салып, Кара деңизди жээктеп жайгашкан НАТО мүчөлөрү Румыния жана Болгария менен бул процессти катуу көзөмөлгө алууда.
Терроризмге каршы күрөш
НАТОнун ар бир жыйынында каралгандай эле, “терроризмге каршы күрөш” Вашингтондогу саммиттин да күн тартибинде бар.
Дипломатиялык булактардын маалыматына караганда, саммитте НАТО бул маселе боюнча жаңы саясий түзүмдү кабыл алат жана иштөөнүн жалпы принциптерин жарыя кылат.
Эрдоган саммит убагында күн тартибине Түркияны тынчсыздандырган маанайды жеткирип, Кошмо Штаттары Түндүк Сириянын элдик коргонуу отряддарына көрсөтүп жаткан аскердик жана саясий колдоону мисал кылмакчы.
Эрдоган Газа маселесин көтөрөт
Вашингтондогу саммиттин күн тартибине жана эки тараптуу жолугушууларда Эрдоган кое турган дагы бир маанилүү маселе – 2023-жылдын октябрь айынан бери токтобой жүрүп жаткан Израиль менен ХАМАСтын согушу.
Эрдоган батыш лидерлерин ХАМАС менен Израилдин ортосундагы ок атышуунун тезинен токтотууга чакырат жана палестин маселесин эки мамлекет түзүү жолу менен чечүүгө чакырат деп күтүлүүдө.
Эрдоган мурунку билдирүүлөрүндө Батыш Украинага кандай күйсө, Палестинага да ошондой күйүшү керек деп баса белгилеп, батыш дүйнөсүн “Израилдин ээнбаш кылып жатат” деп айыптаган. (МА)












