Газадагы ачкалыктан алсыраган баласына тамак сурап жалбарган энелер
Аднан Эль-Бурш, Би-Би-Си араб кызматы, Газа

Ачкалыктан алсырап ооруканага түшкөн, салмагы араң 3 кг болгон Абдулазизди дарылап, жаңы эле чыгарышты.
Анын энеси Газада баласына тамак таап бере албай, азап чеккенин айтууда.
«Бул менин жалгыз балам. Ал кеминде беш кг болуш керек эле, мен анын саламаттыгына кабатыр болуп турам»,-дейт ал. «Мен аны чет өлкөгө да алып кете албайм, чек аранын баары жабык».
Бул Абдулазиздин эле башына түшкөн азап эмес. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча согуш башталгандан бери беш жашка чейинки сегиз миң бала кесерген ачкалыктан ооруга кабылды, анын ичинде 1600 баланын абалы оор болду.
Өткөн аптада ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус жетиштүү тамак ичпегендиктен келип чыккан 32 өлүм катталганын, анын ичинде беш жашка чыга элек 28 бала бар экенин билдирди.
Июнь айынын башында ЮНИСЕФ Газадагы он баланын тогузу азык-түлүктүн курч тартыштыгын баштан өткөрүп, араң жан сактап жатканын кабарлаган. Анда «Көп айлаган согуштук аракеттер жана гуманитардык жардамга чектөөлөр азык-түлүк жана саламаттык сактоо системаларын талкалап, кырсыктуу кесепеттерге алып келди» деп айтылат.

Ачкачылык менен оорунун азабы
Газадагы досторум менен күнүгө сүйлөшүп турам. Мага келген сүрөттөрдөн алардын арыктап, өңдөн азып калганын көрдүм.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ДССУдан доктор Тедрос «азык-түлүк көбүрөөк жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарларга карабастан, азыркы убакта муктаж болуп жаткандар жетиштүү сандагы жана сапаттагы тамак алып жатканына далилдер жок» деп эскертти.
Ал ошондой эле коопсуздук жоктугунан ачкалыктан алсыраган адамдар үчүн эки гана чукул жардам борбору иштеп жатканын айтууда. Медициналык кызматтын, таза суунун жана канализациянын жоктугу «балдардын ачкалык оорусуна кабылышына алып келерин" эскертти.
Бул кырдаал гепатит сыяктуу инфекциялык оорулар жайылуу коркунучу бар экенин көрсөтөт. Көптөгөн ооруканалар менен клиникалар жабык, а иштеп жаткандарында адам толтура же бузулуп бүлүнгөн.
«Биз алдан тайып, алсырап бүттүк», — дейт Газанын түндүгүндөгү Жабалиядагы улгайган аял Умм Фуад Джабер. «Бизди каякка гана айдашкан жок, күнүгө өлтүрүп жатышат».
«Биз айбандардын тамагын жеп атабыз, балдар менен аялдар ачкалыктан эс-учун жоготууда. Денебизди оору жеп бүттү».
Палестиндик дарыгер, өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин мүчөсү Моатасем Саед Салах күн сайын ачкалыктан алсырап ооруган ондогон адамдар каттоого алынып жатканын, анын ичинде өзгөчө жаш балдар, кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдар көп экенин айтты.
Өнөкөт оорусу бар көп адамдарга эми башка оорулар жармашты.
Береке качкан базарлар

Мен Газада төрөлүп, бул жакта үй-бүлөм менен жашагам — мен февралга чейин бул жакта болдум.
Согушка чейин мен Газанын түндүгүндөгү Алть-Туфа районун миңдеген кардар жайнаган, күнүгө соода кайнаган жер катары билчүмүн. Мен бул жакта жашап жаткан адамдарга азыр чалып сүйлөшкөндө, алар мага жиберген сүрөттөрдөн бул райондун берекеси качып, томсоруп турганын көрдүм.
«Помидор да, бадыраң да, жемиш да, нан да жок»,-дейт бул базардагы улгайган адамдардын бири Салим Шабака. Ал мага дүкөндүн витринасында мурда кийилген кийим-кече менен консервалардын калдыктары гана турганын айтты.
«Биз мындай оор азапты көргөн эмеспиз — сатып алганга же сатканга эчтеке жок»,-дейт базардагы башка бир соодагер.
«Менин жети балам бар, бирок мага эч кандай жардам жок».
«Тиккеяс» деп аталган чакан дүкөндүн алдында күн сайын акысыз тамакка узун-узун кезек пайда болот. Акысыз тамакты Газанын түндүгүндөгү колунда бар адамдар каржылоодо, бирок бул мүмкүнчүлүк да токтоп калышы мүмкүн.
Азыркы учурда бул жакка балдар ысык тамак издеп келип жатышат, а башкалары суу издеп алыска барууда.

Гуманитардык жардам көйгөйү
Согуш ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 адамды өлтүрүп, 251 адамды Газага барымтага алып кеткен окуядан башталды.
ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлиги согуш башталгандан бери 37 миң палестиндик өлтүрүлгөнүн, башка жүз миңдеген адамдар жаракат алып, үй-жайын таштап тентип кеткенин билдирүүдө.
Газанын жашоочулары жан соога издеп гуманитардык жардам сурашууда, бирок жардам баарына жетпей жатат.
Египет менен чек арадагы Рафахтагы өткөрүү бекети кайсы бир учурда жардам өтүп келип жаткан негизги пункт эле. Израил Газа жагындагы өтмөктү көзөмөлдөп калгандан кийин бул жол дагы жабылды.
Түштүктө ошондой эле Израилге өткөн Керем-Шалом дарбазасы бар. Ал ачык, бирок согуштук аракеттерден улам бул маршруттан келген жардам да кыскарды.
Азык-түлүктүн кайсы бир бөлүгү түндүккө жаңы өтмөктөр аркылуу келүүдө. Бирок БУУнун кабарында бул жактагы жардамдын көлөмү 7-майдан бери үчтөн экиге кыскарды, ал эми түштүккө келип жаткан азык-түлүк да азайды.
АКШ гуманитардык жүк жеткирүү үчүн сууда курган жай аба ырайынын бузулганынан улам бир топ күн иштебей туруп, деңиздеги катуу толкунга байланыштуу убактылуу башка жакка көчүрүлдү.
Жардам көрсөтүү боюнча жыйырма эл аралык агенттик «Газага жардам тынбай агып жаткандай көрүнөт, бирок гуманитардык жардам агымы соолуп жок болгон турат» деп эскертишти.
Өткөн аптада ХАМАС башкарган Газанын өкмөтү Газага күн сайын 35 жүк ташуучу машина кирип жатканын, бул Газанын түндүгүндөгү 700 миң адам үчүн тамак менен дарынын жалгыз булагы экенин билдирди.
Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүүнү координация кылган израилдик органдын кабарына караганда, "согуш башталгандан бери Газага бир миллиард фунттан көп азык-түлүк жеткирилген".
«Гуманитардык жардамдын көлөмүнө чектөө жок, анын ичинде дары-дармектер да бар».
Ошол эле мамлекеттик органдын башка билдирүүсүндө Газага бир күндө гуманитардык жардам жеткирген 220 жүк ташуучу автоунаа киргени айтылат. Ал ошондой эле жардам жеткирген агенттиктерди азык-түлүктү жана башка жардамды бөлүштүрүүдө туура эмес иштеп жатат деп логистикалык үзгүлтүк үчүн айыптады.
Алардын кабарында 1300 автоунаадагы гуманитардык жүктү алиге эч ким алып кете электиги айтылат.
БУУ өз кезегинде гуманитардык жардамды жеткирүүдө кыйынчылыктар согуштук аракеттерден, Израил тараптын мыйзам бузуулары менен чектөөлөрүнөн болуп жатканын билдирди.
Жекшембиде Израилдин аскери Газа тилкесинин түштүгүндө гумжардамды көбүрөөк жеткирүү аракетинде «тактикалык тыныгуулар» болуп жатканын жарыя кылды. Бирок бул ок атуу токтогонун билдирбейт, Рафахта согуштук аракеттер уланып жатат. Израил Рафахтагы операция ХАМАСты «анын эң акыркы тирегинен сүрүп чыгаруу үчүн керек» дейт.
Бул тыныгуулар ишембиде жергиликтүү убакыт боюнча 8:00 дөн 19:00 гө чейин болору жана ал Керем-Шалом өткөрүү бекетинен түндүккө карай кеткен жолго гана тийиштүү.
БУУнун өкүлү бул билдирүүнү кубаттады, бирок жекшембиде жер-жерлерге жардам дагы эле көбөйө электигин билдирди.
БУУнун агенттиктери эгер согуштук аракеттер токтобой турган болсо, Газадагы миллиондон ашык палестиндик июлдун ортосунда кырсыктуу ачкачылыкка кабыларын эскертти. (МА)











