ХАМАС туткундары: Израилден уурдалган адамдардын окуясы

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
Өткөн жылдын 7-октябрында ХАМАС барымтага алган 116 адам дагы деле дайынсыз.
Барымтадагы төрт киши 8-июнда Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) тарабынан Газанын борборунан куткарылды. Ноа Аргамани, Алмог Мейр Ян, Андрей Козлов жана Шломи Зив баары Supernova музыка фестивалынан уурдалып кетишкен.
Израилдин маалыматына караганда, 7-октябрдагы террористтик чабуулда 251 израилдик жана чет элдик туткунга түшкөн.
Израил 2014 жана 2015-жылдары барымтага алынган төрт кишини кошкондо, Газада 120 киши туткундалганын расмий жарыялады. Алардын экөөсү каза болгон деп болжолдонууда.
Бул барымтадагылардын Би-Би-Си тастыктаган же ишенимдүү булактардан алынган окуялары.
Бул тизме такай жаңыланып турат жана мындагылардын аты-жөнү өзгөрүшү мүмкүн, анткени уурдалды деп божомолдонгон кээ бир адамдардын өлтүрүлгөнү же бошотулганы тастыкталууда.
Акыркы түзөтүү: 2024-жылдын 8-июну, BST боюнча саат 22:51
34 жаштагы Ягев Кирштти жубайы Римон Бучстаб Киршт менен бирге киббутц (Израилдеги айыл чарба коммунасы) Ниримдеги үйүнөн алып кетишкен. Жубайына азыр азаттык берилди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Александр Трупанов, апасы 50 жаштагы Лена Трупанова, анын шериги 29 жаштагы Сапир Коэн жана 73 жаштагы чоң энеси Ирина Тати менен чогуу барымтага алынган. Туткун болгондордун баары киббутц Нир Оздон ишемби күнүн чогуу өткөрүшкөндө уурдалган деп айтылат Адам укуктары боюнча Рауль Уолленбург борборунун билдирүүсүндө. Ирина менен Лена 29-ноябрда шаршембиде, ал эми Сапира кийинки күнү бошотулган.
Ариэль Кунио, анын сүйлөшкөн кызы Арбел Яхуд да Нир Озго болгон кол салууда уурдалган деп болжолдонууда. ХАМАСтан качкан Ариэлдин бир тууганы Эйтан Кунио «Жөөт хроникасы» гезитине Ариэлден келген акыркы билдирүүдө: «Биз коркунучтуу кинодобуз» деп жазылганын айтты.
Үй-бүлөсүнүн айтымында, Ариэлдин дагы башка бир тууганы, 33 жаштагы Дэвид Кунио да Нир Оздон уурдалган. Дэвиддин жубайы Шэрон Алони Кунио жана алардын үч жаштагы эгиз кыздары Эма менен Юли 27-ноябрда бошотулган. Шарондун карындашы Даниэле Алони жана анын алты жашар кызы Эмилия экөө тең 24-ноябрда азат кылынган.
ХАМАС чабуул койгондо, 30 жаштагы ветеринардык медайым Дорон Штайнбрехер киббутц Кфар Азадагы батиринде болчу деп жазат Times of Israel. 7-октябрда саат 10:30да ал досторуна: «Алар келишти, мен алардын колундамын» деген үн билдирүү жөнөткөн дейт гезит.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
19 жаштагы Наама Левинин колу артына байланып, джипте баратканын сүрөткө тартып алышкан. Бул тасманы ХАМАС бөлүшүп, социалдык тармактарда кеңири тараган. Апасынын айтымында, ал аскер кызматын жаңыдан баштаган болчу.
53 жаштагы бедуин сүт өндүрүүчүсү Юсуф Зядна киббутц Холиттен уурдалып, 22 жаштагы Хамза жана 18 жаштагы уулу Билал жана 16 жаштагы кызы Айша менен чогуу Газага жеткирилген. Айша менен Билал 30-ноябрда бейшемби күнү бошотулган.
47 жаштагы Элад Катзир апасы Ханна менен Нир Оздон уурдалган. Израил армиясы анын сөөгүн 6-апрелде Газадан "Ислам жихадынын" туткунунда өлтүрүлгөндөн кийин алып чыкканын билдирди. Ханна ноябрда куткарылган.
55 жаштагы Охад Бен Ами аялы Раз менен Беэриден уурдалган. Аны 29-ноябрда ХАМАС бошотту.
26 жаштагы эгиз бир туугандар Гали жана Зив Берман Кфар Азадан уурдалган. Кол салуу маалында Зив досуна кат жазып жаткан. Жакындары бир туугандар Газада кармалып турганын аларга Израил армиясы айтышканын билдиришти. Туткундардын бир тууганы Лиран CBN жаңылыктарына бул эгиздерде "эки эселенген күч" бар жана алар кайда барбасын, көңүл борборунда болушканын айтып берди.
Иракта туулган 85 жаштагы Шломо Мансур тооккананын башчысы болуп иштеген киббутц Киссуфимден туткунга алынган. Анын аялы Мазал качып кетүүгө үлгүргөн.
19 жаштагы Даниэла Гильбоа өзү жашаган киббутц Нахал Озго кол салуу болгонун айтып, апасынан ал үчүн дуба кылуусун суранган билдирүүлөрдү жөнөткөн. Анын сүйлөшкөн жигити Рой Дадон "Economist 1843" журналына үч кызды жол тандабастын артына салып, айдап кетип бараткан видеодон Даниэланы көргөнүн айтты.
Times of Israel жазгандай, 19 жаштагы АКШ жана Израил кош жарандыгы бар ЦАХАЛ аскери Итай Чен 7-октябрда танк бөлүгү менен аскердик кызматта болгон. Гезит ЦАХАЛ анын үй-бүлөсүнө расмий түрдө согушта дайынсыз жоголгонун жана барымтада кармалып жатканын кабарлаганын билдирди. Ал кызмат кылган бөлүктөн дагы бир жоокер, 21 жаштагы Матан Ангрест да Газада экени болжолдонууда.
51 жаштагы Йоси Шараби 55 жаштагы бир тууганы Эли Шараби менен Беэриден алынып келинген. Кол салууда Элинин аялы жана эки кызы набыт болгон. Йосинин кызы Ювалдын жигити Офир Энгель да колго түшүп, бирок 29-ноябрда куткарылган.
19 жаштагы Агам Бергерди Нахал Оз шаарынан уурдап кетишкен. Аны ХАМАС тараткан видеолордон көрүшкөн.
19 жаштагы Эдан Александр Израилдин армиясына өз ыктыяры менен кошулган израилдик АКШ жараны. ХАМАСтын чабуулу учурунда ал Газа чек арасына жакын жерде кызмат өтөгөн. Эдандын үй-бүлөсү анын Газада барымтада экенин Израил бийлиги айтканын кабарлады.
53 жаштагы Кайд Фархан Элькади үй-бүлөсү менен Рахаттын түштүгүндө жашап, күзөтчү болуп иштегенин Израил маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кабарларда анын үй-бүлөсү ХАМАС тараткан сүрөттөргө таянып, аны барымтага алып, Газага туткундап кеткен деп эсептешет.
Илананын атасынын айтымында, 24 жаштагы Матан Зангуакер 30 жаштагы шериги Илана Грицевский менен Нир-Оз шаарынан алынып келинген. Мексиканын жараны Илана бейшемби күнү 30-ноябрда бошотулган.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
Аргентинанын жарандары 37 жаштагы Эйтан Хорн жана анын бир тууганы 45 жаштагы Яир да кол салуу учурунда Нир-Оздо болушкан. Алардын атасы Итзик аларды уурдап кетишкен деп ишенерин айтты. Яир курулушчу, ал эми Эйтан билим берүү тармагында иштейт.
38 жаштагы Итай Свирский Бээриде карыган ата-энеси өлтүрүлгөндө уурдалган деп болжолдонууда. Ал Симхат Тора майрамын белгилөө үчүн ата-энесине келген болчу.
Би-Би-Сиге 64 жаштагы Кит Сейгел менен анын аялы 62 жаштагы Адриенни Сейгелди Кфар-Азедеги үйүнөн алып кетишкенин Киттин агасы Ли Сейгел билдирди. Адриенни 26-ноябрда боштондукка чыккан.
46 жаштагы Омри Миран Нахаль Оздо жубайы жана эки кызы менен жашачу. Омрини ХАМАС колдору байланган абалда алып кеткенин анын жубайы Лишай Guardian гезитине билдирди. Ал ага баатыр болбо: "Алардын айтканын кыл, анткени мен сени кайтарып алам" деп ишендирген.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOU
Непалдык студент 23 жаштагы Бипин Жоши киббутц Алюмимде барымтага алынган деп болжолдонууда. Непалдын Setopati гезити ал Израилде университеттин айыл чарба тармагында окуган 49 студентинин бири болгонун жазган. Ошондогу кол салууда 10 студент каза болгону айтылат.
58 жаштагы Илан Вайсс акыркы жолу киббутц Беэрден жамаатты коргоо үчүн үйдөн чыгып бараткан бойдон дайынсыз жоголгон. 25-ноябрда анын аялы 53 жаштагы Шири Вайсс жана алардын кызы 18 жаштагы Нога барымта келишиминин негизинде туткундан бошотулган.
83 жаштагы Одед Лифшиц жана анын 85 жаштагы аялы Йочевед Нир Оздон барымтага алынган. 23-октябрда дүйшөмбү күнү Йочевед азаттык берилген эки улгайган аялдын бири болгон. Апасынын бошотулгандыгы тууралуу кабарды уккандан кийин, алардын кызы, лондондук сүрөтчү Шэри мындай деди: "Анын абалы азыр коопсуз экенин айта албайм, бирок мен атамдын жана башкалардын - Газада барымтада калган 200дөй бейкүнөө адамдардын - бошотулушу үчүн болгон күч-аракетимди жасайм"
Израилдин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, 78 жаштагы Авраам Мундер Нир-Оздон барымтага алынган. Андан бери анын жубайы Рути, кызы жана небереси бошотулган.
Америкалык 22 жаштагы түбү израилдик Омер Нейтра Холокосттон аман калгандардын небереси болуп эсептелет. Ал Израилде окуу үчүн АКШдагы колледжге баруу идеясын артка жылдырып, акыры ЦАХАЛга кошулган. ХАМАС кол салганда, Газага жакын жерде танк командири болуп кызмат өтөп жүргөн. Омердин ата-энеси Израилдин элчилиги анын барымтага алынганын кабарлаганын айтышты.
ХАМАС кол салганда Холокост боюнча окумуштуу жана тарыхчы, 75 жаштагы Алекс Данциг Нир-Оз шаарындагы үйүндө болгон. "Биз анын уурдалганын так билебиз", - деди анын уулу Мати Би-Би-Сиге. Улуу эжеси Эдит Холокосттон аман калган Алекс акыркы 30 жылда Израилдин Холокостту эскерүү борбору Яд Вашемде иштеген. Анын дайынсыз жоголушу Израилде да, туулган жери Польшада да аны бошотуу кампаниясын баштады.

Сүрөттүн булагы, MATI DANZIG
68 жаштагы Ицк Элгараттын Алекс Данциг менен бир убакта барымтага алынганын анын бир тууганы Дэнни Элгерт Израилдин Кан 11 телеканалына кабарлап, бир тууганынын телефонун Газа чек арасына чейин аңдыганын кошумчалады.
Туугандарынын жана өзү айыл чарба боюнча эксперт болуп иштеген Израилдин жардам агенттигинин айтымында, 79 жаштагы Гади Мосес дагы Нир-Озго кол салуу учурунда уурдалган. Анын шериги Эфрат Катц да колго түшкөн деп болжолдонгон, бирок кийинчерээк анын өлүгү табылган, деп жазат Times of Israel.
Эфрат барымтага алынып, кийин эки кызы менен бошотулган Дорон Ашердин апасы болгон. Дорон Ашердин бир тууганы, 51 жаштагы Равид Катц алгач Нир-Оздон барымтага алынган деп болжолдонгон, бирок 28-ноябрда анын үй-бүлөсү анын 7-октябрда өлтүрүлгөнүн тастыкташкан.
Кабарларга караганда, 19 жаштагы Нимрод Коэн орто мектепте программалык камсыздоону үйрөнүп жаткан. Ал барымтага алынгандан кийин анын атасы жана башка барымтадагылардын үй-бүлөлөрү Рим папасы Франциск менен жолугушууга чакырылган.
51 жаштагы Цачи Иданды акыркы жолу ХАМАСтын куралчандары алып кеткенде жубайы Гали көргөн. Алардын үй-бүлөсү Нахал Оз шаарындагы коопсуз бөлмөсүндө буктурмага алынган. Алардын тарткан азабын ХАМАС түз эфирде көрсөттү. Гали Би-Би-Сиге алардын улуу баласы, жаңы эле 18ге чыккан Мааян атып өлтүрүлгөнүн айтты.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
34 жаштагы Ярден Бибас Нир Оздон уурдалып кеткен. Анын жубайы Шири жана эки кичинекей балдары Ариэл менен Кфир да барымтага алынган, бирок 29-ноябрда ХАМАС алар туткунда жүргөндө Израилдин аба соккусунан өлгөнүн ырастады. Израил өкмөтү бул дооматты текшерип жатканын билдирди.
54 жаштагы Ронен Энгель аялы 51 жаштагы Карина Энгельберт жана алардын эки кызы: 18 жаштагы Мика жана 11 жаштагы Ювал менен бирге киббутц Нир Оздон алынып келинген. 1-декабрда үй-бүлөлөрдүн өкүлү болгон уюм Ронен Энгель набыт болгонун билдирген. Карина, Мика жана Юваль 27-ноябрда куткарылган.
19 жаштагы жоокер Карина Ариева барымтага алынганда, Газага жакын жердеги аскерий базада кызмат өтөп жүргөн. Анын эжеси Александра Би-Би-Сиге Карина кол салуу маалында ага телефон чалганда, ок атылып жатканын укканын, кийинчерээк Каринаны унаага салып кетип баратканы тартылган видеону көргөнүн айтты.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
53 жаштагы Офер Калдеронду ХАМАС Нир Оздон туткундап кеткен. 27-ноябрда анын эки баласы: 12 жаштагы Эрез жана 16 жаштагы Сахар бошотулган. Дагы эки тууганы: 80 жаштагы Кармела Дан жана анын небереси, 12 жаштагы Ноя да колго түшүрүлгөн деп болжолдонгон, бирок кийин Израил бийликтери алардын өлүгү табылганын жарыялашкан.
46 жаштагы Омри Мирандын үй-бүлөсү коопсуз баш калкалоочу жайдын эшигин израилдик балага ачып бергенден кийин туткундалган. Ал бала эгерде эшикти ачышпаса, өзүнүн соо калбасын айткан. Омринин жубайы Лишай Лави өмүрлүк жолдошун Нахал Оздон дагы үч барымтага алынган адамдар менен кошо кишендеп алып кетишкенин көргөнүн айтты.
18 жаштагы Лири Элбаг Газа чек арасына жакын жерде, армиянын күзөтчүсү катары, аскердик машыгууну жаңы эле баштаган болчу, деп билдирди анын атасы Эли Ассошиэйтед Пресс агенттигине. Элинин айтымында, ал кызын кийинчерээк ХАМАС тараткан видеодо, куралчан адамдар басып алган аскердик жүк ташуучу унаанын артында башкалар менен чогуу отурганын көргөн.
Израилдин түштүгүндөгү Supernova музыкалык фестивалынан бир нече киши уурдалган деп болжолдонууда. Алардын ичинен: 32 жаштагы Александр Лобанов - фестивалда барымтага алынган Орусия-Израил жараны.
25 жаштагы Ори Данино фестивалдан машинасы менен качып кеткени кабарланууда, бирок ал ошол жерден жолуккан кээ бир адамдарды куткаруу үчүн артка бурулгандан кийин, колго түшүрүлгөн деп болжолдонууда.
26 жаштагы Алмог Саруси музыкалык фестивалдан барымтага алынып, анын өнөктөшү Шахар Гинди өлтүрүлгөнүн Израил маалымат каражаттары кабарлады. Октябрда Израилдин премьер-министри менен жолуккан барымтадагылардын жакындарынын арасында Алмогдун атасы Йигал да болгон.
21 жаштагы Омер Шем Тов октон качып баратканда, ата-энесине телефон чалган жана досунун унаасына отурууга үлгүргөн. Анын ата-энеси Шелли жана Малки Шем Тов Израилдин маалымат каражаттарына уулу менен байланыш үзүлгөнүн жана телефонундагы жайгашкан жери анын Газадагы чек аранын ары жагында экенин көрсөткөнүн айтышкан.
Экология факультетинин студенти 28 жаштагы Айдан Штиви фестивалга достору өткөргөн музыка жана йога боюнча семинарларга сүрөткө түшүү үчүн келген. Ал унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткен, бирок жолдон ХАМАСтын чабуулуна кабылган. Анын эки жүргүнчүсүнүн сөөгү табылган жана анын үй-бүлөсү "Джерузалем пост" гезитине аны уурдалган деп шектенишкенин маалымдашкан.
24 жаштагы Йосеф Охана досу менен фестивалда болгон, ал апасына Йосеф экөө өздөрү качканга чейин элге качууга жардам берүү үчүн калганын айткан. Йосефти акыркы жолу машиненин астына жашынган жеринен көрүшкөн жана Израилдин бийликтери апасына барып, анын уурдалганын кабарлашкан.
30 жаштагы Авинатан Ор ХАМАС анын сүйлөшкөн кызы Ноа Аргаманини туткундап бараткан видеодо пайда болгонун Times of Israel билдирди. Израиль армиясы 8-июнда кабарлагандай, Ноа Аргамани дагы башка үчөө менен бирге Газанын борборунан куткарылган.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
24 жаштагы Эден Йерушальми ХАМАСтын фестивалга чабуулу маалында үй-бүлөсүнө телефон чалганын анын эжеси Мэй CBS телеканалына билдирди. Үй-бүлөсү Эденди уурдап кетишкенин кийин аларга ЦАХАЛ кабарлаганын айтышат.
21 жаштагы Жонатан Самерано фестиваль күнкү эртең мененки саат 7ден бери дайынсыз болууда. Анын үй-бүлөсүнө ал Газада кармалып жатат деп болжолдоп жатышканын Израил маалымат каражаттары кабарлашты.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
22 жаштагы Гай Гилбоа-Далал фестивалга агасы менен барган. Барымтага алынгандар тууралуу видеодо көрүнгөнү үчүн, анын үй-бүлөсүнүн айтымында, ал Газада делип шектелүүдө.
23 жаштагы Эйтан Мор Иерусалимде жашайт жана фестивалда күзөтчү болуп иштеген, дейт Times of Israel. Кабарларга караганда, ал ХАМАС келгенден кийин таекесине смс жазган жана аны акыркы жолу досу менен башкаларды коопсуз жайга алып баратканда көрүшкөн.
Сербиянын жараны, 22 жаштагы Алон Охел майрамдан кийин баш калкалоочу жайга жашынганын анын үй-бүлөсү билдирди. Жакындары аны граната колдонулган чабуулдан кийин, сүйрөп кетишкенин тасмалардан көрүшкөн.
21 жаштагы студент Инбар Хейманды эки израилдик жаш жигит менен фестивалдан мотоцикл менен алып кетишкенин көрүшкөн. ХАМАС анын кыскача тартылган видеосун чыгарды.
Орус тилдүү Максим Харкин 35 жашта экенин анын апасы орусиялык басылмаларга билдирди. Ал уулу кол салуу болгон күнү эртең менен саат 07:00дө телефон чалганын кошумчалады.
АКШ-Израиль кош жарандыгы бар 23 жаштагы Херш Голдберг-Полин кол салууда катуу жаракат алганын анын үй-бүлөсү Би-Би-Сиге билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, аны ак түстөгү жүк ташуучу унаага күчтөп салып жатышканын көрүшкөн - анын телефонунан акыркы билдирүү Газанын ичинен келген.
Барымтадагылар жана дайынсыз жоголгон үй-бүлөлөр форумунун маалыматы боюнча 26 жаштагы Сегев Калфон чабуул огунда калган фестивалдан качып, трассанын аркы өйүзүнө өтүп бара жатып, ХАМАСтын колуна түшкөн.
23 жаштагы Роми Лешам Гонен Supernova фестивалынан качууга аракет кылып, апасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Мерав Лешем Гонан кызы тарапка ок атылгандан кийин, анын жардам сурап жалбарган сүйлөшүүсүн айтып берди. ABC News кабарлагандай, Роминин телефону анын азыр Газада экенин көрсөтүүдө.
21 жаштагы Бар Куперштейн акыркы жолу үй-бүлөсү менен 7-октябрда, эртең менен кол салуу болуп жаткан маалда, сүйлөшкөн. Ошол эле күнү үй-бүлөсү аны ХАМАС жарыялаган израилдик туткундардын видеосунан тааныганын айтышып, бирок мындан бөлөк бир да кошумча маалыматы жок экенин кошумчалашты.
26 жаштагы Элия Коэн өзүнүн сүйлөшкөн кызы Зив менен жашынып калганда, аны куралчан адамдар кармап кеткенин Элия Коэндин апасы "Эми үйгө алып кел" видео демилгесине айтып берди. Дагы бир басылма, тагыраак айтканда, Times of Israel "Газадан Элия Коэндин сүрөтүн көрүшкөн" деп жазат.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
"34 жаштагы Элкана Бохбот достору менен кечеге барган жана байланыш үзүлгөнгө чейин аялы, апасы менен сүйлөшүп, жарадарларды эвакуациялоого жардам берип жатканын айткан", деп билдирет Times of Israel. Бир нече сааттан кийин аны үй-бүлөсү ХАМАС интернетке жарыялаган видеодон, BBC Verifyдан да көрүшкөн.
19 жаштагы Ром Браславски фестивалдын коопсуздугун камсыздоодо иштеп жаткан. "Барымтадагылар жана дайынсыз жоголгон үй-бүлөлөр форуму" жарыялаган билдирүүгө караганда, ал кол салууда жарадар болгон адамды куткарууга аракет кылып жатып, чуулдаган октун алдында калган. Ошондон бери андан кабар жок.
Ресторандын менеджери 22 жаштагы Омер Венкерт үй-бүлөсүнө коопсуз жакка качып баратканын кабарлаган. "Бирок андан соң байланыш үзүлгөнүн билдирген билдирүү жөнөттү", - деди атасы Шай Венкерт BBC Today программасына. Шай Венкерт уулунун туткунда экенин, колу кишенделип, ич кийимчен түшкөн сүрөтүн көргөнүн айтты.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT
23 жаштагы Евятар Дэвид фестивалда болчу жана кол салуу болгон күнү, телефон байланышы үзүлө электе, ок атылганда качып кеткенин, анын бир тууганы айткан. Кийинчерээк, үй-бүлөсүнүн айтымында, Эвятардын эжеси Instagram баракчасына инисинин жүргөн жери тууралуу маалымат сурап кайрылган. Андан кийин ал белгисиз номерден Эвятардын караңгы бөлмөнүн полуна кишенделген видеотасмасы кыстарылган билдирме алган. Израилдин Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал Газадагы ХАМАСтын туткунунда кармалууда.
39 жаштагы Кармел Гат Жордандын жеңеси болуп эсептелет жана аны атасы киббутц Беэринин куралчан адамдары алып кеткенин көргөн, деп билдирет Haaretz гезити. Ошондон бери андан кабар ала элек.
49 жаштагы Охад Яхаломи ноябрдагы ок атышпоо учурунда бошотулган 12 жаштагы уулу Эйтан менен бирге Нир Оздон уурдалып кеткен.
48 жаштагы Дрор Орду Беэридеги үйүнөн уулу жана кызы менен бирге сүйрөп чыгып баратканын кошунасы көргөнүн, алардын жээни Эммануэл Бесораи кабарлады. Ишембиде 25-ноябрда Дрордун 17 жаштагы уулу Ноам жана 13 жаштагы кызы Алма туткундан бошотулган. Йонаттын бир тууганы Guardian гезитине берген маегинде кибутцта өлтүрүлгөн 120 адамдын арасында Дронун аялы жана балдардын апасы 50 жаштагы Йонаттын сөөгү аныкталганын айтты.
38 жаштагы Тал Шохам киббутц Беэриден туткундалган. Анын 38 жаштагы аялы Ади, 67 жаштагы апасы доктор Шошан Харан, жубайлардын сегиз жаштагы Наве жана үч жашар Яхел аттуу балдары менен чогуу 25-ноябрда ХАМАС тарабынан бошотулган. Доктор Харандын күйөөсү Авшалом - экономист жана Германия менен Израил кош жараны - 7-октябрда өлтүрүлгөн.
35 жаштагы Израилдин жана Американын жараны Сагуи Декел-Чен ХАМАСтын Нир Озго кол салуусунан бери дайынсыз болуп жатканын анын атасы Жонатан Би-Би-Сиге билдирди. Ал каза болгондордун арасында уулу табылбаганын жана анын Газага алынып келингени "жалгыз жүйөлүү түшүндүрмө" экенин айтты.

Сүрөттүн булагы, JONATHAN DEKEL-CHEN
Таиланддын өкмөтү Газада алты жараны дагы деле барымтада экенин билдирди.
Ушуга чейин камакта жаткандардын арасында 32 жаштагы Ваткара Шриуан да бар деп болжолдонууда. Анын апасы Вьюваев (Viewwaew) Thaiger жаңылыктар сайтына уулунун туткунда экени үй-бүлөсүнө кабарланганын айтты.
Джейми Райан менен Эмма Пангеллинин изилдөөсү.












