Чоң Жетилик Россиянын активинен Украинага $50 млрд насыя берет

Ярослав Лукив, Би-Би-Си, Лондон • Жан Маккензи, Би-Би-Си, Киев
Чоң жетилик өлкөлөрү Украинага орусиялык баскынчыларга каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн Орусиянын Борбордук банкынын тоңдурулган активдеринен алынган пайыздык кирешени күрөө катары колдонуу менен 50 миллиард доллар насыяга макулдук берди.
АКШнын президенти Жо Байден Орусияга дагы бир жолу "биз артка чегинбейбиз" деп эскертти, бирок Москвада президент Владимир Путин бул кадам "уурулук" экенин жана "жазасыз калбай турганын" айтты.
Ошондой эле Италиядагы G7 саммитинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Жо Байден 10 жылдык эки тараптуу коопсуздук келишимине кол коюшту, аны Киев “тарыхый” деп баалады.
Келишим АКШнын Украинага аскерий жана үйрөтмөндүк жардамын камтыйт, бирок ал Вашингтонду өнөктөшүн ачык колдоп, аскер жөнөтүүгө милдеттендирбейт.
Ак үйдүн айтымында, бул коопсуздук келишими Вашингтон менен Киев Украинанын коргонуу жана бөгөт коюу жөндөмүн курууда, өлкөнүн коргонуу өнөр жай базасын чыңдоодо, ошондой эле экономиканы калыбына келтирүүдө жана энергетикалык коопсуздукка колдоо көрсөтүүдө чогуу аракеттенет дегенди билдирет.
Мындан тышкары, коопсуздук келишиминде, эгерде келечекте Орусия Украинага кол салса, анда эки өлкө "Украинаны колдоо багытында жана Орусияга чыгымдарды таңуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги консультацияларды өткөрөт" деп айтылат.
Орусия 2022-жылы Украинага басып киргенден кийин, Евробиримдик менен бирге G7 тарабынан 325 миллиард долларлык активдер тоңдурулган. Активдер жылына 3 миллиард долларга жакын пайыздык киреше алып келүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чоң жетиликтин планына ылайык, ал 3 миллиард доллар украиналыктардын эл аралык каржылык булактардан алынган 50 миллиард доллар насыясынын жылдык пайызын төлөөгө жумшалат.
Акча жылдын аягына чейин келери күтүлүүдө, бирок ал Украинанын согуш аракеттерин жана экономикасын колдоо үчүн узак мөөнөттүү чечим катары каралууда.
Италиянын түштүгүндөгү Пуглиядагы саммит өтүүчү жерде, биргелешкен пресс-конференцияда сүйлөп жатып, президент Байден 50 миллиард доллар насыя "акчаны Украинанын кызыкчылыгына жумшоого мажбурлап жана [Орусиянын президенти Владимир] Путинге биз артка кайтпай турганыбызды дагы бир жолу эскертет" деди.
Фронтко көбүрөөк ракеталарды жөнөтүүнү көздөгөн Американын жардам пакетинен айырмаланып, бул акчалар жылдын аягына чейин келбей калышы ыктымал, бул болсо азыркы берилчү жардам согуштун жүрүшүнө анча деле таасир этпейт дегенди түшүндүрөт.
Ушундан улам Йенс Столтенберг НАТО боюнча өнөктөштөрүн Украинага кепилденген узак мөөнөттүү аскердик колдоо көрсөтүүгө чакырып жатат. Эгерде анын тилеги ишке ашса, анда Украина жылына 40 миллиард доллардын (31,5 миллиард фунт стерлинг) тегерегинде каржылык пакет менен камсыз болмок. Тилекке каршы, бул маселеде азырынча өнөктөштөр арасында бирдиктүү пикир жок.
Брюсселде чогулуп жаткан НАТОнун коргоо министрлери альянстын Украинага жардамын координациялоо планын бекитти. Белгилей кетсек, бул иштин көбүн буга чейин АКШ аткарып келген эле.
Столтенберг бул өзгөртүүлөр НАТОну жаңжалга аралаштырбастан, альянс Украинанын өзүн коргоо укугун колдой турганын көрсөттү деди.
Учурда Украина дагы деле көбүрөөк куралга муктаж экенин айтууда. Ал Орусиянын ракеталык жана учкучсуз чабуулдарын токтотуу үчүн абадан коргонуу системалары, ошондой эле көптөн күткөн F-16 согуштук учактары ушул жайда эртерээк келе баштайт деп үмүт артып турат.
G7 саммитинде Зеленский жаңы коопсуздук келишиминде АКШдан ал согуштук учактарды алып келүү каралган деп айтты.
Кредиттик келишим Украина үчүн да өтө символикалуу. Анын агрессору өзү алып келген кыйроолорду оңдоо үчүн эле эмес, Украинага өзүн коргоо үчүн төлөп берүүгө аргасыз болууда.
Зеленскийдин эң жакын кеңешчилеринин бири Батыштын Орусияны ушундай жол менен жазалоо чечими бир жагынан согуштагы бурулуш учур экенин айтты.
АКШ лидери "Путин бизди бөлө албайт жана бул согушта жеңгенге чейин биз Украина менен бирге болобуз" деп баса белгиледи.
Президент Зеленский өзүнүн америкалык жана башка союздаштарына туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Коопсуздук боюнча жаңы келишимге токтолуп, ал: "Бул чындап эле тарыхый күн жана биз Украина менен АКШнын ортосунда эгемендүүлүк алгандан берки эң күчтүү келишимге кол койдук [1991-жылы]" деди.
Бай мамлекеттердин G7 тобу же "Чоң жетилик", (Канада, Франция, Германия, Италия, Япония, Улуу Британия жана АКШ) оккупациялоочу орус күчтөрүнө каршы күрөштө Украинага маанилүү каржылык жана аскерий колдоо көрсөтүп келет.
G7нин башка лидерлери да 50 миллиард долларлык насыя келишимин кубаттады, ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак болсо, аны "оюндун эрежесин өзгөртүү" деп атады.
Май айында акыры макулдашылган АКШнын 61 миллиард долларлык аскерий жардамы менен салыштырганда, 50 миллиард долларлык насыя – өтө чоң акча.
Ак үйдүн жогорку даражалуу расмий өкүлү G7 макулдашылган фонд "бир нече" колдонууга ээ болорун айтты, алар "аскердик, бюджеттик, гуманитардык колдоону, ошондой эле, кыйратылгандарды калыбына келтирүү боюнча колдоону" камтышы мүмкүн.
«Бул түзүм баары үчүн ийкемдүү», - деп кошумчалады америкалык чиновник, анткени кээ бир өлкөлөр "бюджетти колдоого жана реконструкциялоого өз акчаларын жөнөтүүнү артык көрүшөт", ал эми башкалары аскердик колдоо үчүн каражат бөлүүнү каалашат.
Киевдегилердин айрымдары G7 300 миллиард долларлык тоңдурулган фонддун пайыздарын гана эмес, кармалып жаткан орус акчасынын баарын берүүнү каалашат. Европанын Борбордук банкы бул мүмкүнчүлүктү жокко чыгарды.
Банктын президенти Кристин Лагард буга чейин «Ушуну билип туруп эми сиз Орусиянын урматтоосун каалайсыз..." деп мындай кадамдын “эл аралык тартипти бузуу” коркунучу бар экенин эскерткен...
Бирок, бул насыя Орусияны Украинадагы согушту токтотууга мажбурлай албайт.
Орусиянын Борбордук банкынын тоңдурулган активдеринин көбү Бельгияда сакталууда.
Эл аралык мыйзамдарга ылайык, өлкөлөр Орусиядан ал активдерди конфискациялап, Украинага бере албайт.
Чоң жетиликтин чечими жарыяланган күндүн эртеси сүйлөп жатып, президент Путин бул кадам "жазасыз калбайт" деп убада берди.
Москва Батыштын тоңдурулган орус активдеринен түшкөн акчаны колдонуу аракетин кылмыштуу иш катары чечмелеп жатканын билдирди.
Февраль айында Орусиянын каржы министри эгер батыш өлкөлөрү Москванын каражатын тартып алууга аракет кылса, аларда жооп кайтаруунун жолдору бар деп билдирген.
Чындыгында эле, саясий чөйрөдө европалык инвесторлордун Орусияда 33 миллиард еврого жакын каражаты бар экени айтылып жүрөт. (МА)
Джонатан Билдин кошумча отчету.












