Кара-Кече көмүрүнөн баш тартуу ыштын алдын алабы?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкек ЖЭБ Кара-Кечеде өндүрүлгөн жергиликтүү көмүрдөн толугу менен баш тартпайт. ЖЭБге быйыл жагыла турган көмүрдүн дээрлик жарымы Казакстандан ташылганы менен, жарымы мурункудай эле Кара-Кечеден ташылып келет.

Буга чейин Кара-Кече көмүрүнүн зыяны көп экени, андыктан мэрия жана Энергетика министрлиги аны колдонууга тыюу салганы жатканы тууралуу маалымат тараган.

Бишкек мэриясы буга чейин калаадагы кышкысын пайда болчу кара түтүн Кара-Кеченин көмүрүнөн экенин аныктап чыккан

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек мэриясы буга чейин калаадагы кышкысын пайда болчу кара түтүн Кара-Кеченин көмүрүнөн экенин аныктап чыккан

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасыны директору Канатбек Ашырбаевдин Би-Би-Сиге билдиришинче алар быйыл деле Бишкек ЖЭБге көмүр ташуусун улантышат. Болгону анын көлөмү азаят:

ЖЭБге жагылат, бирок жеке секторго болбойт

“Бишкек ЖЭБ күз-кышта жылына 1 миллин 200 миң тонна көмүр керектейт. Быйыл анын 550 миң тоннасын Казакстандан алганы жатышат. 600 миң тоннасын мурункудай эле Кара-Кечеден алышат. Калган 50 миң тоннасын Таш-Көмүрдөн ташыганы жатышат. Ал дагы казактардын көмүрүнө окшоп сорту таш көмүр болот. Кара-Кеченикин күрөң көмүр дешет. Ал көмүрдү ЖЭБдин жаңы энерго блогунда жакканы жатышат. Ал жерде ЖЭБди оңдоп-түзөгөндө жаңы фильтрлер коюлган. Таш көмүрлөрдү эски энерго блоктон жагышат. Алардан ыш чыкпайт”.

Канатбек Ашырбаевдин айтымында, былтыр сезондо Кара-Кечеден Бишкек ЖЭБге 1 миллион тоннадай көмүр ташылган.

Бишкектеги жеке менчик сектордун көмүргө болгон муктаждыгы азыр 136 миң тоннага чыгат. Буга чейин калаа тургундары чөнтөгүнө жараша Казакстандан, Кара-Кечеден келген көмүрдү жагып келген. Бирок быйыл шаарда кышкысын абаны булгаган ышты азайтуу үчүн жеке секторго Кара-Кеченин көмүрү сатылбай турган болду.

Кара-Кече көмүр кени Кабак көмүр бассейнинде жайгашканнде

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Кече көмүр кени Кабак көмүр бассейнинде жайгашкан

“Ыш маселесин чечүү үчүн ошондой чечим кабыл алынып жатат. Бизде көмүрдү экиге бөлсөк болот: күрөң көмүр жана таш көмүр. Көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөсүн алсак, барынын эле курамында кошумча заттар болот. Мисалы: чайыр, күл. Аларды жакканда абага зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Андай болбош үчүн көмүрдү байытуу деп дагы бир процесстен өткөрүү керек. Негизи таш көмүр баары бир сапаттуу келет, табы да күчтүү”,- дейт Ашырбаев.

Бишкекке жеке сектор үчүн да Казакстандан көмүр ташып келүү пландалып жатат. Анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн.

ЖЭБге Казакстандан көмүрдү ким ташыйт?

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев эмнеге быйыл ЖЭБге казак тараптын көмүрүн алуу чечими кабыл алынганын Би-Би-Сиге чечмелеп берди:

“Быйыл эми кезектеги суу тартыштыгы келди. Ошол үчүн биз Бишкек ЖЭБдин кубаттуулугун 500 Мега/Ваттка чейин жогорулатып жатабыз. Бизде 250-300 мега/Ватт Кара-Кеченин көмүрү менен иштесе, калган эски блоктор Карагандынын, казактардын көмүрүнө ылайыкташкан, эсеп боюнча алардын ПКК (пайдалуу кыймыл коэффициенти) көрсөткүчү дагы көбүрөөк болот. Ошол үчүн казактардын көмүрүн алып жатабыз”.

Байгазиевдин айтымында, Казакстандан ташылып жаткан көмүргө талап - Д маркасында болушу керек. Бул маркага Казакстанда өндүрүлгөн көмүрдүн “Каражыра”, “Шабыркүл” “Жалын” сорттору жооп берет.

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев

“Электрдик станциялар” ишканасы казакстандык "Инновация Гефест" ЖЧКУсу менен Бишкек ЖЭБге быйыл 550 миң тонна, калориясы 5 миң 500 ккал/кг кем эмес көмүр ташып келүүгө макулдашкан. Ага ылайык, көмүрдүн биринчи партиясы 24-июлда эле Шабыркүл кенинен алынып келинген. Эми 2024-жылдын мартына чейин казак компаниясы графикке жараша аны четинен ташып турат.

"Инновация Гефест" компаниясынын ээси Болотбек Абиров деген сөздөр да айтылып жүрөт. Бул адам 2010-жылдары “Рассвет компани” жана “Прогресс компания” ЖЧКУларын жетектеп, Бишкек ЖЭБге көмүр ташып келгени белгилүү.

Болотбек Абиров Кыргызстандагы эң бай адамдарды бири, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абировдун атасы.

Kaktus басылмасы өздүк булактарына таянып, "Инновация Гефест" ЖЧКУсу менен келишимдин баасы 3 миллиард 263,1 миллион сом экенин жазып чыкты.

Kaktus

Сүрөттүн булагы, Kaktus

Бишкек ЖЭБге буга чейин деле Казакстандан көмүр ташылчу.

Бирок 2012-жылы Казакстандан алынып келген “КуланТБ” көмүрүнүн радиоактивдүүлүгү жогору экени билинип, чуу чыккан. Мына ошондон кийин Жогорку Кеңеш өкмөткө ички керектөөнү жергиликтүү көмүр кендеринин эсебинен жабуу талабын койгон эле. Улам бир жыйын болуп, зыяндуу көмурдү кайрадан Казакстанга жиберүү маселеси да коюлган. Бирок ал көмүр чуусунун аягы эмне менен аяктаганы так белгисиз дегендер дагы бар.

Сапатсыз көмүр жана Бишкектеги ыш маселесинен улам тийиштүү мекемелер кайрадан казак көмүрүнө артыкчылык берип жатат.

“Кир аба адам өмүрүн алууда”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кышында Бишкекте абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Экологдор буга ЖЭБ, шаардын четиндеги конуштар, машинанын көптүгү жана көмүр жагуу башкы себеп экенин айтып келишет.

“МувГрин” коомдук уюму буга чейин иликтөө жүргүзүп, Бишкектеги кир абадагы РМ2.5 зыяндуу бөлүкчөлөр көбүнесе көмүр жаккандан пайда болорун жана жеке сектордо жашагандар абаны эң көп булгап жатканын аныктап чыгышкан

“Буга чейин эл аралык уюмдар жана “МувГрин” жүргүзгөн изилдөөлөр Бишкекте кышкысын ыш каптап жактанын себеби көмүр жаккандан экенин көрсөткөн. Шаарда конуштардын баарында эле сапатсыз көмүр жагышат. Азыр өкмөт конуштарды газ менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп атат. Бирок биз азыр үйлөрдү жылуулоо программасын киргизүү керек деп эсептейбиз. Изилдөөлөр көрсөтүп жатат, жарандарды үйлөрүн көмүр жагып жылытканда деле анын 60-70% сыртка чыгып кетип жатат. Бул үйлөрдү жылуулоо менен көмүрдү көп жагууга муктаждык жоюлат. Абага да ыштын бүркүлүп чыгуусу азаят эле”, -дейт аталган уюмдун менеджери Гүлмира Эсенгелдиева.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров Глазгодо климаттык саммитте 2030-жылга карата Кыргызстан көмүр кычкыл газын абага чыгарууну 44% кыскартарын убадалаган.

Бирок Борбор Азия аймагындагы климаттык өзгөрүүлөр, суунун тартыштыгынан улам чыккан энергетикалык каатчылык көмүрдү дагы деле башкы энергетикалык отун катары кароого мажбурлоодо.