СОР26: Садыр Жапаровдун экологиялык демилгелери
Президент Садыр Жапаров Глазгодо климаттык саммитте чыгып сүйлөгөндөн кийин, Фейсбуктун студиясына барып, кыргыз калкына кайрылуу жолдоду.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Кыргызстандын лидери өзүнүн сөзүндө глобалдык саммитте чыгып сүйлөгөнүн, климаттык өзгөрүүлөр болуп жатканда таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосун, жардамын алуу боюнча демилгелерди көтөргөнүн билдирди.
"2022-жылы Кыргызстан БУУнун мүчөсү болгондугунун 30 жылдыгын белгилейт. Биз бул жылдар аралыгында БУУнун активдүү мүчөсү боло алдык. Кыргызстан дегенде көк мелжиген тоолор, ак кар, көк муздуу мөңгүлөр, жашыл токойлор, жылга-жылгадан шылдырап агып түшкөн өзөн суулар элестейт. Климаттык өзгөрүү биздин көз жоосун алган жаратылышыбызга терс таасирин тийгизип, мөңгүлөрүбүз тездик менен эрип, кемип баратат. Таза суунун булагы болгон мөңгүлөрүбүздү дүйнө коомчулугу менен бирге сактап калуу бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси",-деди президент.
Садыр Жапаров ошондой эле 2002-жыл убагында БУУнун чечими, Кыргызстандын демилгеси менен Эл аралык тоо жылы деп жарыяланганын, биринчи глобалдык тоо саммити Бишкекте өткөнүн белгилеп, сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында видео кайрылуу жасап, 2022-жылды кайрадан Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык программасын кабыл алуу жөнүндө сунуш жасаганын билдирди.
"Ал эми 2027-жылы Бишкек + 25 глобалдык саммитин Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрдүм. Мөңгүлөрүбүз эрип, дарыялар жана тоолор экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү жоголуу коркунучуна кептелген шартта, өзүбүз жалгыз туруштук бере албайбыз, дүйнө коомчулугунун көмөгү керек. Мен саммитте биз сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өз алдынча максаттуу каржылоонун каралышын сунуштадым. Бул сунуштарым саммиттин чечимдерине камтылышын көздөймүн. Бул багыттагы максаттуу программаларыбызды ишке ашыруу үчүн БУУнун алдында атайын фонд түзүлсүн деген сунушубузду киргиздик".
Кыргыз президенти бүгүн Глазгодогу саммитте чыгып сүйлөп, 2030-жылга карата Кыргызстан көмүр кычкыл газын абага чыгарууну 44% кыскартуу жөнүндө милдеттенме алганын билдирип, ошондой эле мөңгүлөрдү климаттык өзгөрүүлөр эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердиктен дагы коргоого чакырды.
Садыр Жапаров дүйнөлүк климаттык саммитте Борбор Азиядан барган бирден-бир президент болуп калды. (КС)








