Бишкек мэриясы: Кара түтүн Кара-Кеченин көмүрүнөн

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Суук түшкөндөн бери бишкектиктердин талкуулаган темаларынын бири булганыч аба. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун айтымында, "көрүнбөгөн киши өлтүргүч" деген атка конгон булганыч аба жылына жети миллион адамдын өмүрүн алат.
Буга чейин булганыч аба альцгеймер жана деменцияга (алжып калуу) алып келери аныкталган. Окумуштуулар булганыч аба өзгөчө улгайган адамдарга терс таасир этээрин айтышууда.
Бишкек мэриясы абанын сапатын текшерүү үчүн бир ай мурун 39 жабдык орноткон. Би-Би-Си анын жыйынтыгы боюнча "Тазалык" ишканасынын өкүлү Адиль Назаровго кайрылды:
Адиль Назаров: Ооба, шаар боюнча кыркка жакын датчик орнотконбуз. Анын негизинде шаарда абанын эң эле биринчи кирдеткичи Бишкек ЖЭБи болуп жатат. Андан кийин эле Бишкекти курчап турган 47 жаңы конуштар, бул экөө тең төмөнкү сапаттагы Кара-Кече көмүрүн жагып аткандан ушундай көйгөй жаралып жатат.
Би-Би-Си:Көйгөй Бишкек ЖЭБ колдонгон көмүрдөн улам чыкканын айтып жатасыздар. Бирок эмнеге андай кир аба жай мезгилинде байкалбайт? ЖЭБ жайында деле иштейт да.
Адиль Назаров: Кара түтүн деп атабыз же болбосо смогдун эң негизи себеби - ЖЭБ. Ыш жаралып жатканына абанын басымы да таасир этет. Жер муздаганда жогорку абанын басымы муздак абаны капкак сыяктуу Бишкектин үстүнөн басып турат. Шамал да, жел да болбой жатат. Анан биз жагып жаткан начар көмүрдүн ышы кетпей, ошонун астында калып жатат. Табигый жактан да ошентип шартталып жатат. Смог -5 градуста пайда болуп жатат. Муздактан нымдуулук көбөйөт, атмосфералык басым басканда эле түтүн болуп жатып калып атабыз.
Би-Би-Си: Ошол эле убакта шаардагы сапатсыз май менен жүргөн эски унаалар көп болуп жатат. Мэрия ал маселени кантип чечкени жатат?
Адиль Назаров: Эгер унаалар негизги себеп болгондо датчиктер менен текшергенде деле шаардын борборлору кир абаны көрсөтүшү керек эле. Бирок ал жакта көрсөткүчтөр нормасында болду, ашкан жок да. Бирок көмүр жагылган жерлерде көрсөткүчтөр жогору болуп жатканын байкадык.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Мэрия шаардын экологиясы тууралуу жаңы концепция иштелип жатат деп айткан эле. Кандай сунуштар болду?
Адиль Назаров: Эң негизгиси баняларды шина, тигүүчү цехтердин калдыктары менен жакпашы керек деген талапты киргизип жатабыз. Бишкектеги санитардык полигон, акыр жерлердин үстүнөн да иштеп жатабыз. Ал жакта да ыш бар. Ошондой эле шаарга экологияга олуттуу таасири жок транспорт алып келүү каралды. Газ менен жүргөн автобустар, монорельстер боюнча да долбоорубуз бар. Машина санын азайтуу боюнча сааты менен төлөй турчу парковка кылсакпы деген да ойлор бар. Коомдук транспортко көбүрөөк элди тартуу керек.
















