Төлөгөн Касымбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы: элге белгисиз он факты

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Быйыл Кыргызстандын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун туулган күнүнө 90 жыл толду. Би-Би-Си атактуу жазуучунун балдары, жакын туугандары менен байланышып, анын өмүр жолундагы жана чыгармачылыгындагы элге анча белгисиз фактыларды топтоду.

Т. Касымбеков

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2006-жылы Төлөгөн Касымбековго Кыргыз Республикасынын Баатыры жогорку наамы берилген

Туулган күнү да, жылы да так эмес

Атактуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков документи боюнча Аксы районунун Ак-Жол айылында 1931-жылы 15-январда туулган. Бирок туулган күнү да болжолдуу түрдө, жылы да кемитилип жазылып калган дешет.

Ал учурда балдар төрөлгөндө дароо күбөлүк бере калган тартип жок, элдин өзүндө да буга анча маани берилген эмес. Экинчи жагынан так күнүн жазып алгыдай азыркыдай жайнаган календарь жок, элдин көбү сабатсыз.

Ошол себептүү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк кийин-кийин алынган өңдүү. Күбөлүктү алып атканда, кыштын так ортосунда төрөлгөн деген энесинин айтканына таянып, болжолдуу түрдө 15-январь деп жазып беришкен.

Ошондой эле кайсы бир максатта Төлөгөн Касымбековдун туулган жылы да атайы кемитип жазылган деген кеп бар.

Т. Касымбеков

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Университетке окуурдан мурун ал айылдык советтин катчысы болуп бир аз убакыт иштеди

Атасы молдо болгон

Атасы Касымбек өз заманындагы арабча кат тааныган билимдүү, алдыңкы адам болгон. Аны убагында көргөн-билгендер арабча жазылган бир сандык китеби боло турган эле деп айтышчу экен.

Каза болгондо ошол учурда бирөөнүн сөзүнө киришкенби же анын өзүнүн керээзи ошондой болгонбу, китептерин да кошо көмүп жиберишкен.

Атасы каза болгондо Төлөгөн болжолдуу түрдө он төрт-он бештерде болгон.

Юрист болоюн деген изги тилеги

Болочок жазуучу оюнда юрист болоюн деген максатта эле. Анткени, айылда жетимчиликтин азабынан көп жерде кагуу жеп, чоңдордун бюрократиясы менен эки жүздүүлүгүнөн, кызматтагы кара мүртөз адамдардан көңүлү калган учурлары көп болгонбу, айтор элдин көйгөйүн караган кызматка келип, сот же прокурор болуп, чындык менен адилеттик үчүн күрөшүү жөнүндө астейдил ойдо болгонсуйт.

Бирок юридика факультетине тапшыра албай калат. Анткени, ошол убакта бул жакка тапшыруу үчүн кандайдыр бир чектөөлөр болгон экен, экинчи жагынан кайсы бир документи жетпей да калат.

Ошондо кыргыз тили жана адабият факультетине тапшырат. Бирок бул жакка да дароо өтө албай, кийинки жылы тапшырууга туура келген.

Өзүнүн архиви

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи жубайы Адаштан алты баласы бар.
Т. Касымбеков балдары

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архиви

Калем акынын даамын татканда

Эң алгачкы чыгармасы “Жылкычынын уулу” аңгемесин студент болуп жүргөндө жазган. Чыгарма жазып башташына материалдык муктаждык дагы өзүнчө бир маанилүү себеп болгон.

Анткени, атасы жок, жалгыз бала, каралашкан карылуу туугандары аз. Студенттик стипендия жашоого бирде жетсе, бирде жетпейт.

Ошондо балдар журналына алпарып берген аңгемеси жарык көрүп, биринчи калем акыны алат. Калем акынын даамын татып калган студент ошондон баштап борбордогу газета-журналдарга чыгармаларын, макалаларын чыгарып, акча таап, чыгармачылык потенциалы да ойгонуп, жазуучулук өнөргө баш оту менен киришет.

“Жетим”, “Көкө”, “Туулган жер” деген аңгемелери студент учурунда жазылган.

Калемдеши Жалил Садыков менен бирге окурмандар арасында

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Калемдеши Жалил Садыков менен бирге окурмандар арасында

Аалыкенин колдоосу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Сынган кылыч” романы 1966-жылы жазылып бүтүп, журналга жарыяланган. 1971-жылы китеп болуп басылып чыккан.

Аны Борбордук комитеттин (БК) биринчи катчысы Турдакун Усубалиев өзү жоопкерчилик алып чыгартканын Асанбек Стамов эскерет. Ал ошол убакта БКнын аппаратында иштеп турган болот.

“Биз жазган справканын башына Турдакун Усубалиев “Одобрить записку отдела культуры о романе Т. Касымбекова “Сломанный меч”, ознакомить всех членов бюро” деп жазып койгон экен. Ошондо Теңдик экөөбүздүн сүйүнгөнүбүздү айтпа. Биздин чакан справкабыз аркылуу Турдакун Усубалиев романдын тагдырын өз мойнуна алып жатканы оңой эмес болчу”, - деп эскерет Стамов (“Кут Билим”, 07.11.2001).

Роман жарыкка чыгып, элге алынып кеткен менен ошол учурдагы көрө албас калемдештери андан саясий каталарды таап чыгат. Алардын арызы менен жазуучулар союзунда атайын талкууга алынат.

Кийинки "Келкел" романынан “саясий ката” табышып, беш-алты жылдай кармалып чыкпай калат.

Бир курдай жазуучулар союзунда жыйын өткөрүп, аны коммунисттик партиянын катарынан да чыгармак болушат.

Ошондо Аалы Токомбаев иштин жайын Майрамкан Абылкасымовадан угуп, ооруканада жатканына карабай жыйынга келип катышып, колдоо сөзүн айтып коргоп калганын жазуучунун жубайы Адаштын эскерип кеткен жайы бар (“Кут Билим”, 2000-жыл, 8-март).

Т. Касымбеков

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвадагы маданий иш чарада, болжол менен алтымышынчы жылдар

Айтматовго таарынычы

Ошол кыйын күндөрдө анын ийгилигине ичи күйгөн калемдештери туш-туштан тийишип, Борбордук комитет чыгармаларынан саясий ката таап, кысмакка алып жаткан учурда жазуучу бүтүн союзга кадыры артып турган Чыңгыз Айтматовдон колдоо күткөн сыяктуу.

Бирок Айтматов кайсы бир себептер менен бул талашка аралашпай койгон. “Чыкемдин бир эле ооз сөзү болчу, ошону кылбай койду”, - деп жазуучу кийин таарынычын ачык эле бир-эки жерде айткан экен.

Андан сырткары, “Сынган кылычтын” орусча котормосу өзүнчө китеп болуп чыгып жатканда Чыңгыз Айтматов баш сөзүн жазып бермей болуп сүйлөшүлүп, бирок эмнегедир аткарылбай калганы дагы Төлөгөн Касымбековдун көңүлүн ооруткан иш болгон сыяктуу.

Т. Касымбеков

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиянын президенти Борис Ельцин менен менен Бишкекте учурашуу убагы

Биринчи минген машинеси

Касымбеков өзү өмүрүндө машина айдаган жок, буга өзүнүн каалоосу болгон эмес. Бирок жазуучулардын арасынан биринчилерден болуп “Жигулинин” мыктысын, ошол учурдагы “шоха” деген атактуу маркасын минген.

Өзү айдабаса дагы улуу баласына айдатып алып жүрчү. ВААПтын (Бүткүл союздук автордук укук агенттиги) кыргыз бөлүмүнө начальник болгондо, Жогорку Кеңешке депутат болгондо кызматтык унаада жүрдү.

Бирок 90-жылдардан кийин өзү чет өлкөдөн тандатып, “Ниссан-Максима” машинасын сатып алган.

Кастарлаган жоргосу

Жазуучу машиненин эле эмес, аттын мыктысын да баалачу. Аксыдан бир айтылуу жоргону издетип жүрүп, сатып алып, айылга барганда минип калчу эле дешет. Ал жоргосу убагында көп ат оюндарына катышып, байге алып берген учурлары да болгон экен. Кийин аны Кой-Таштагы үйүнө алып келип, кастарлап караган дейт балдары.

Т. Касымбеков

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ат минип бастырганды, асыл тукум ат кармаганды жактырчу экен

Күү чыгарган комузчу

Жазуучунун дагы бир өнөрү – комуз черткенди билген. Көпчүлүктө эмес, өзүнчө, үйдө болгондо эрмектеп комуз чертип, ой-кыялы алып учуп, убакыт өткөргөндү жакшы көргөн.

Башка күүлөрдү эле ойнобой өзү да күү чыгарган жайы бар. Уулу Кылычтын айтымында, өзү чыгарган күүнүн атын айтып, көп мактаныч кылчу эмес.

Ошол себептүү ал күүсүнүн атын балдары да билбейт, анын жазылып калганы да жок.

Шахматты катыра ойногон

Касымбеков так илимдерге табигый шыгы болбогон менен шахматка келгенде жата калып ойногон.

Кайсы жерге барбасын, кандай учур болбосун, шахмат ойноп отуруп сүйлөшкөндү жакшы көрчү экен.

ВААПтын начальниги Аман Токтогуловдун кабинетинде бир курдай Дооронбек Садырбаев үчөө шахмат ойноп, каткырышып чер жазып отурганын өзүм да көрүп калган жайым бар.

Төлөгөн Касымбеков

Сүрөттүн булагы, Өзүнүн архиви

Акыркы керээз

Жазуучунун сөөгү өзүнүн керээзи боюнча, өзү жашап турган Кой-Ташка, биринчи жубайынын жанына коюлду. Жубайынын сөөгүн жашырып жатканда балдарын чакырып, ошондой керээз айткан тура.

2011-жылы 15-июнда каза болгондо вице-премьер-министр кызматында турган Ибрагим Жунусов баштаган өкмөт адамдары барып, анын сөөгүн Ала-Арчага коюуну сунуш кылышкан. Бирок балдары атасынын керээзи бар экенин айтып, ал сунуштан баш тартышкан.

Т. Касымбеков

Сүрөттүн булагы, Өздүк архиви