Түтүндөн кантип арылабыз? Газдын баасын арзандатуу демилгеси

Сүрөттүн булагы, AFP
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитети өкмөткө газды доллар менен эмес, рубль же сом менен сатып алууну сунуштады. Эксперттер газдаштыруу жана анын баасы Бишкектин абасына түз таасир этерин айтууда.
Бишкектин тургуну Айгүл жер тамда турат. Жаратылыш газы болсо, мүшкүлү, түйшүгү аз болмок. Бирок ага чөнтөгү чак келбейт.
"Биз көмүр жагабыз. Быйыл тонналап эмес, мүшөктөп эле алып жатам. Кыштан бери 15 чакты мүшөк алдым, бирөөсү 200 сомдон. Биздин райондо газ жок да, үйлөрдүн баары эле көмүр жагат. Кечинде электр энергиясына туташтырып коёбуз. Албетте, анысы деле кымбат. Ноябрга 3300 сом чыгыптыр, элестеткиле! Көмүргө деле болжолдуу ошончо акча кетти", - деди Айгүл.
Газдын баасы доллардын кунуна жараша өсүп келүүдө. Декабрда калк үчүн бир метр куб газ 18 сомго жетти, ал эми ишканалар үчүн 22 сомго барды. Октябрда 17,2 жана 20,8 сом болчу. "Газпром Кыргызстан" доллар кымбаттаганда жазда бааны көтөрүп, бирок эпидемиялогиялык оор абалга байланыштуу мурунку баада калганын билдирген эле. Газ июндан бери кымбаттап жатат.
Кыргыз орус өкмөттөрүнүн келишимине ылайык, ар айдын биринчи күнүндөгү доллардын баасына жараша газдын баасы коюлат. Келишим 2015-жылы түзүлгөн. Бир катар эксперттер Кыргызстан чөлкөмдө газды эң кымбат сатып алган өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп жүрөт. Ал эми компания Кыргызстанга газ берүүдөн пайда деле көрбөй турганын айтат. Газды тартып келип, сактоо, таратуу чыгымын актабайт. Ал эми кызматкерлеринин айлык акысы, бюджетинин таңкыстыгын орусиялык "Газпром" каржылайт дейт аталган ишкана.
Бирок бул жүйө менен көпчүлүк кыргызстандыктар макул эмес. Жарандык активист Семетей Талас уулу башында келишим мамлекеттин кызыкчылыгына түзүлгөн эмес деп эсептейт.
"Бизде деле газдын баасы Казакстандагы, Өзбекстандагы сыяктуу болсо болмок. "Газпром" жакшы эле пайда таап жатат. Газ киргизүү үчүн орноткон түтүктөрүн эбак актап бүттү деп ойлойм. Айрым жерлерде көчөнүн бир бетинде бар, экинчи бетинде газ жок болуп жатат. Бир метр түтүктү 500-600 сомдон тартат, ал бааны эки эсе түшүргөндө да ишкана бирме бир пайда тапмак", - дейт Талас уулу.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитети газды рубль же сом менен сатып алуу сунушун өкмөткө жана "Газпром Кыргызстанга" берди. Депутаттар газдын баасы, өлкөнү газдаштыруу маселесин талкуулашканын комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди.
"Газ доллардын баасы өскөнүнө байланыштуу кымбаттады дешти, - деди Рыспаев. - Миң метр куб газды 150 доллардан алып, элге доллардын курсуна жараша сатып жатат. Газды доллардын марттагы баасы менен саткыла деген сунуш бердик. Соода валютасын сом же рубль кылса дагы кыйла арзан болмок. "Газпром" газды ташып келип саткан жеке компания. Ошондуктан биздин өкмөт орус өкмөтү менен сүйлөшүп чечиш керек".
Газдаштыруу Бишкектин абасын тазалай алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Медицинага байланыштуу дүйнөдөгү маалыматтарды карасак, булганган аба менен дем алган кишилер өзү оорулуу болуп эсептелет деп жатат", - деди Би-Би-Сиге БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Кумар Кылычев.
Суук түшкөндө Бишкекти жылда ыш, түтүн каптайт. Эксперттер үйлөрдү, мекемелерди жана ишканаларды көмүрдөн газга өткөрүү коюу түтүндү бир топ азайтаарына ишенишет.
"Жаңы конуштар же шаардын ичиндеги үйлөргө газ колдонгула деп айтсаң, газ кымбат, андан көрө көмүр жагам жана кичине электр энергиясын колдоном деп жооп берет. Электр энергиясы дагы таңкыс. Ал эми газ азыраак сарпталыш үчүн үйдүн жылуулукту сактоосу тууралуу ойлонуш керек. Бизде энергетикалык натыйжалуулук технологиясы боюнча эч ким кам көргөн эмес. Үйдү текшерип, такай жылуулап туруш керек", - деди Би-Би-Сиге Кумар Кылычев.

Сүрөттүн булагы, kyrgyzstan.gazprom
Кыргызстандын программасына ылайык 2030-жылга чейиин өлкөнүн 60 пайызы газ менен камсыз болуш керек. "Газпром Кыргызстан" Жогорку Кеңеште билдиргендей, алар планынан калбай баратышат. Ошол эле маалда эл арасында зарыл шаймандарды орнотуу чыгымын көтөрө албай, газдан баш тартып жаткан көчөлөр, үйлөр чыгып жатканы айтылат.
Биз маектешкен бишкектик Айгүл каалаган учурда да газ тарта албай турганын айтты:
"Биздин райондогулар газ алып кирүү үчүн арыз жазсак, "Газпром Кыргызстан" баш тартты. Анткени алар үчүн бул жерге газ алып келүү чыгымын актабайт экен. Жалаң жаңы конуштарды камсыздап жатышыптыр".
2020-жылы февралда газдын баасы эл үчүн 15,3 сом, ишканаларга 18,6 сом болчу. Ал ортодо Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын алдыңкы сабында аталууда.










