Бишкек абасы кир шаарлардын баш сабында

Жылытуу сезонунда Бишкекти кара түтүн каптайт. 29-январь, 2019-жылдагы сүрөт

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жылытуу сезонунда Бишкекти кара түтүн каптайт. 29-январь, 2019-жылдагы сүрөт

Бир нече күндөн бери бүгүн биринчи жолу Бишкектин абасы салыштырмалуу тазараак. Жергиликтүү MoveGreen уюму жылытуу сезону башталган акыркы апталарда Бишкек абанын кирдеши боюнча дүйнөдө алдыңкы саптардан түшпөй келатканын белгиледи.

World Air Quality рейтингинде Борбор калаанын көрсөткүчү "канааттандыраарлык" деп белгиленди. Бирок Караколдун абасы бүгүн "кооптуу" деңгээлде.

Бишкектин тургуну Жыргал анын ортосундагы райондордун биринде жашайт. Борбордогу түрдүү тейлөө кызматтарынын ыңгайлуугуна карап шаар четине жашоодон мурда баш тарткан. Акыркы бир нече жыл башкалаанын абасы өтө кирдегендиктен жана ага каршы олуттуу чараларды байкабагандыктан эми Чүйдүн айылдарына көчүүгө да даяр экенин айтат.

"Менин көп тааныштарым Бишкектин четине көчүп кетип жатышат. Мен дагы үй-бүлөм менен кеңешип, быйыл ошондой чечим кабыл алдым. Воронцовкага барсам өткөн жылы досторум 10 миң доллардан алган 7-8 сотых жер тилкелери быйыл 15-20 миң доллар болуп кетиптир. Эгер кир абанын маселеси чечилбесе, элдер четке качып, жерлер кымбаттай берет деп ойлойм", - деди ал.

Акыркы дем алышта World Air Quality боюнча Бишкек антирейтингде биринчи орунга чыкты. Жергиликтүү MoveGreen уюму жылытуу сезону башталган акыркы апталарда Бишкек абанын кирдеши боюнча дүйнөдө алдыңкы саптардан түшпөй келатканын белгиледи.

Булганган абада балдар менен карылар көп жабыркайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Булганган абада балдар менен карылар көп жабыркайт

World Air Quality абанын тазалык деңгээлин "жакшыдан" тарта "кооптууга" чейин бешке бөлүп көрсөтөт. Ал абанын кирдешин 0дөн 500гө чейинки көрсөткүч менен өлчөп, акыркы апталарда Бишкек 200дөн ашып "жакшы эмес" абалда кармалып турду. 26-ноябрда Бишкекте 70тен ашты. Бул күн ачылганына байланыштуу дешет адистер.

Ал эми жергиликтүү уюмдар аба сапатына андагы зыяндуу заттардын өлчөмү боюнча баа беришет. Ал PM2.5 менен өлчөнөт.

MoveGreen уюмунун экологу Жаңыл Мадыкова мамлекеттин экологиялык саясаты болуш керек дейт. Андай жумуш башталганга чейин ар ким өз ден соолугун коргоо чараларын бөлүштү.

"Биринчиден, абанын абалына байкоо жүргүзүп туруш керек. Өтө көп кирдеген учурда терезелерди ачып, үйдү желдетпеш керек. Спорт менен машыкпай туруу керек, мисалы, унаа толгон жолдун боюнда жүгүрбөй турган жакшы. Сейилдөөгө, айрыкча балдар менен чыкпаган оң. Балдар жана карылар тобокел тобуна кирет", - деди Би-Би-Сиге Мадыкова.

Андан кийин беткап кийиш керек. Зыяндуу бүртүкчөлөрдүн организмге, канга кошулуусунан N95 деген өңдүү атайын беткаптар сактайт.

Кыргызстанда унаалардын көбү эски, ал эми чоң шаарларда саны ашыкча

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда унаалардын көбү эски, ал эми чоң шаарларда саны ашыкча

MoveGreen уюмунун маалыматына ылайык, өткөн жылы жылытуу сезонунда бишкектиктер 100 күндөн ашык ден соолук үчүн коркунуч жараткан аба менен дем алышкан.

Эколог Жаңыл Мадыкова Америкада билим алып, жашап келди. Кыргызстандын экология боюнча саясаты жок экенине көңүл бурду:

"Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет биринчиден экологиялык саясатын катаалдаштырат. Эгер зыяндуу газдар менен күрөшүп жатса, коомдук унааларды жакшыртуу аракетин көрүшөт. Жарандарга жеке машинасында эмес, коомдук унаада жүрүүнү сунушташат. Шаарды жашылдандырыш керек, бактар көп тигилиш керек. Бишкекте жада калса таштандыны да көп өрттөшөт. Шаардын чок ортосунда чоң унаалар жүрөт".

Бишкекте аба имараттарды жылытуудан, эски унаалардан кирдей турганын адистер эсептеп чыккан. Таза эмес аба дем алуу органдарынын түрдүү ооруларына, өпкөнүн рагына чейин себеп болушу мүмкүн дешет дарыгерлер.

Ал эми өкмөттүн таштандыларды, кийим-кечелерди өрттөөгө тыюу салган чарасы бар. Андан сырткары айрым депутаттар сапатсыз бензин колдонууну чектеген мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан эле. Эксперттер үйлөрдү газ менен камсыз кылуу да көйгөйдү бир топ жеңилдетмек деп келишет.