Запорожье АЭСинде өрт өчүрүлдү. Атышуулар токтоду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Запорожье АЭСинде өрт өчүрүлдү. Атышуулар токтоду. Бул тууралу АЭС жайгашкан Энергодар шаарынын мэри билдирди. Буга чейин ал жерде тынымсыз атышуулар болуп жаткан.
Буга чейин Запорожье облустук администрациянын жетекчиси Александр Старух Запорожье АЭСине өрт өчүргүчтөр киришкенин билдирген. Жума күнү Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов, АЭСтин жанындагы имараттар, блоктор түнүчүндө токтоосуз аткыланып, мунун натыйжасында Европадагы эң ири атомдук электростанцияда өрт чыкканын кабарлаган.
Бейшемби күнү Дмитрий Орлов Энергодардын чет жакаларында курч мүнөздө салгылашуулар болуп жатканын, орусиялык танктар шаарга кирип, АЭСти өз көзөмөлүнө алуу аракетин көрүшкөн билдирген. Бирок, берилген маалыматтар боюнча, орусиялык куралдуу күчтөрдүн жолун бөгөө үчүн АЭС кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар станциянын алдына жана ага алып келген жолдордо чогулушкан.
Запорожье атомдук электростанциянын кызматкерлеринин бири ЗАЭСтин телеграм-каналында видео кайрылуу жаздырып, анда орусиялык күчтөр АЭСке багыттап ок атканын билдирген.
“Көңүл бургула! Орусия Федерациясынын техникасы Запорожье АЭСине ок аткылап жатат. Европадагы эң ири атомдук электростанцияда чыныгы ядролук коркунуч бар. Запорожье АЭСине оор техникадан ок атууну токтотууну талап кылабыз!” — деп, ал билдирди.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба: “Орус армиясы Европадагы эң ири атомдук электростанцияны көздөй бардык тараптан ок аткылап жатат”, — деп жазды Твиттерге.
ТИМдин чакырыгында: “Өрт чыгып кетти. Эгер станция жарыла турган болсо, зыян Чернобылдыкына караганда 10 эсе чоң болот. Орусия дароо азыр ок атууну токтотуп, өрт өчүрүүчүлөргө жол ачып берип, коопсуздук аймагын түзүш керек”, - деп айтылат.
Ок атуулардын кесепетинен өрт өчүрүүчүлөр ишин баштай албай жатышты. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, пландуу оңдоо иштери аткарылып жаткан биринчи блокко снаряд келип түшкөн, бирок АЭС кызматкерлеринин айткандары боюнча, андан өзөктүк отун чыгарылып кеткен эмес.
Башка маалыматтар боюнча, өрт станциянын тышындагы административдик окуу-машыгуу корпусунда гана чыкты.
Түнкү саат төрттөрдө Запорожье АЭСинин басма сөз катчысы Андрий Туз Би-би-синин орус кызматына ок атуулар токтогонун, бирок кырдаал абдан бүдөмүк экенин билдирди.
“Эмне бар болсо, ошонун баарын бомбалап жарып салышыптыр, анын ичинде блоктор жана калган имараттар жарылыптыр. Бир нерсе айтуу кыйын. [Станцияны көздөй] ак машина, орус аскерлеринин өкүлдөрү жолго чыгышты. Фараларын жарк-журк этип жарык берип жатат. Алар азыр сүйлөшүүгө бизди көздөй келер-келбеси, мындан ары кандай иштер жасалары аныкталып жатат”, - деди Туз мырза.
"Өтө коркунучтуу кесепеттер"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын президенти Зеленский европалык лидерлер, Жо Байден жана МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси менен шашылыш түрдө байланышка чыкканын кабарлады.
“Азыр Европа ойгонуш керек! Европадагы эң ири атомдук электростанция өрттөнүп жатат. Дал ушул маалда атомдук блокторго ок атылып жатат. Бул танктардын жылуулукту көрө алган атайын сканерлери бар, башкача айтканда, алар кайда атып жатканын билишет, алар буга даярданышкан”, - деди Украинанын президенти.
“Ал жакта алты энергоблок бар! Алты! Чернобылда [1986-жылы] бир эле энергоблок жарылган! Биз өнөктөштөрүбүз менен байланыштык, мен Шарль Мишель, Шольц, Дуда, Байден, Жонсон, МАГАТЭнин жетекчиси Гросси менен сүйлөштүм".
Бейшемби күнү Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик ушундай оор кырдаалда өлкөдөгү төрт атомдук электростанцияда коопсуздук камсыз кылуу үчүн максималдуу түрдө мүмкүн болгон жардам көрсөтүү максатында Украинанын бийлиги менен консультацияларды өткөргөнүн жарыялаган.
Шаршемби күнү Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин директору Рафаэль Гросси Энергодардын тегерегинде аракет кылып жүргөн аскерлерди Запорожье АЭСин көздөй ок атпоого чакырды. Гросси өлкөдөгү атомдук электростанциялар коопсуздукка эч кандай коркунуч жаратпастан ишин уланта бериши керектигин эскерткен.
“Бул согуштук жаңжалга байланыштуу ортого келип чыккан каалагандай авария Украинада жана анын тышында адамдар менен айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирдин кесепеттери өтө опурталдуу болот”, - деп Гросси эскертти.
Запорожье АЭСи — Европада орнотулган кубаттуулук боюнча эң чоң атомдук электростанция болуп саналат. Анын ВВЭР-1000 алты энергоблогу В-320 долбоору боюнча курулган. Биринчи энергоблок эксплуатацияга 1984-жылы декабрь айында, ал эми алтынчысы 1995-жылы октябрда берилген.
Бир аптадай мурун орус аскерлери жабык Чернобыль АЭСин көзөмөлүнө алышкан. Украинанын расмий бийлик өкүлдөрү ошондо бул райондо радиациянын деңгээли беш эсе жогорулап кеткени билдирген. Бирок Орусия абал эч мындай эмес деп жарыялаган. (KGNE)











