Токтогул суу сактагычы: Соңку үч жылда суунун деңгээли канчалык өзгөрдү?
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү адаттагыдан аз. 10-ноябрга карата суунун көлөмү 11,670 млрд куб метрди түзгөн. Былтыр ушул эле күнү 14,555 млрд куб метр болсо, 2019-жылы Токтогулда 16,872 млрд куб метр суу болгон.
Кыязы, сиздин жабдык бул визуализацияга жараксыз
Бул суу Кыргызстанды электр энергиясы менен эле камсыз кылуу менен чектелбестен, Борбор Азия аймагын суугат суусу менен камсыздоодо дагы мааниси чоң.
Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон.
Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.
Кыргыз бийлиги Токтогулдагы суунун деңгээлин критикалык чекке жеткирбей кармап турууга аракет көрүп келет.
Бирок суунун көлөмү 5,5 млрд куб метрге түшүп кетсе, анда ГЭСтин агрегаттарын токтотууга аргасыз болот.
Адистердин айтымында, "суунун тартыштык айлампасы" башталган жана ал беш жылга чейин созулушу ыктымал.
Бирок бул убактылуу көрүнүшпү же климаттык өзгөрүүдөн улам Борбор Азия аймагы туш боло турган суу тартыштыгы көйгөйүбү, азырынча ар кандай жооптор айтылууда.
Кыязы, сиздин жабдык бул визуализацияга жараксыз
Токтогул суу сактагычындагы олуттуу кырдаал жыл башынан бери кыргыз коомун түйшөлтүп келет.
Ушул жылдын апрель айында суунун деңгээли 8,6 млрд куб метрди түзгөнү кабарланган эле.
Метеорологдор 2021-2022-жылдары күз жана кыш мезгилдеринде бүтүндөй Борбор Азия аймагында жаан-чачын жана кар азыраак жаашы мүмкүн экенин жоромолдошкон.
Токтогул ГЭСи Совет доорунда курулуп, 1970-жылдары ишке берилген. Ошол кездеги макулдашууга ылайык, Кыргызстан кышында суу сактагычка сууну топтоп берип, электр энергиясын чыгарбай турган болгон.
Ал эми жаздан баштап күзгө чейин бул сууларды Өзбекстанга, Казакстанга пахта жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарыш үчүн берип турмак болот.
Ал үчүн Кыргызстан кышында Өзбекстандын жана Казакстандын эсебинен газ, көмүр жана нефти продуктуларын алчу.
Ал эми СССР тарагандан кийин коңшу республикалар өздөрүнүн газын, көмүрүн жана нефть продуктуларын Кыргызстанга валютага сата баштаган.
Мындан улам Кыргызстан дагы суу жана энергия булактары үчүн акы төлөө маселесин коюп келет. (EA)













