Суунун тартыштыгы согушка жол ачууда

Сэнди Милн

Суу тартыштыгы жаңжалга түртөт

Сүрөттүн булагы, Asaad Niazi/AFP/Getty Images

Суу башындагы мамлекеттердин дамбаларды болуп көрбөгөндөй курушу жана сууну пайдаланышы төмөн жактагы өлкөлөлөрдү аябай чаңкатып, жаңжалдардын чыгышын шарттап жатат.

Мени менен Zoom аркылуу Амстердамдагы батиринде отуруп сүйлөшүп жаткан Али ал-Садр тунук стакандан суу ичип алыш үчүн бир тынымга токтой калды. Аны ирония басып, күлүүгө мажбурлады. “Ирактан кеткенге чейин таза суу табыш үчүн күндө кыйналчумун”. Үч жыл мурун ал-Садр өзү туулуп өскөн Басранын көчөлөрүндө каршылык акцияларына катышып, бийликтегилерден шаарда күчөп жаткан суу кризисин чечүүнү талап кылышкан.

“Согушка чейин Басра кооз жер болчу”, - деп кошумчалайт 29 жаштагы ал-Садр. “Биздин жерди Чыгыштын Венециясы деп коюшчу”. Бир тараптан Шатт эл-Араб дарыясы менен чектешкен шаар таза суу каналдарынын тармагы менен туташкан. Жүк ташуучу болуп иштеген ал-Садр каналдарды бойлоп иштегенди жакшы көрчү. “Бирок мен кеткенге чейин алар агынды сууну көлмөгө айдап жиберишти. Биз жууна албай калдык. [Дарыянын] жыты менен шакый болуп калдым. Акыры оорум күчөп, төрт күн төшөктө жаттым”. 2018-жылы жай мезгилинде кир суудан улам 120 миң басралык шаардык ооруканага түшкөн. Каршылык акциясына чыккандарга полиция ок атканда ал-Садр жашоосун сактап калууга үлгүргөн. “Бир айдын ичинде мен баштыгымды түйүп, Европага баса бердим”, - дейт ал.

Дүйнө жүзү боюнча ал-Садрдыкындай окуялар көп кездешчү болчу. Жер калкынын төрттөн бири бүгүнкү күндө жылына жок эле дегенде бир ай суу тартыштыгына туш болууда. Ал-Садр баштан өткөргөн сыяктуу эле көптөгөн адамдар коопсуз жашоо үчүн башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур болууда. “Эгерде суу жок болсо, адамдар көчө баштайт”, - дейт Китти ван дер Хейден. Ал Нидерланддардын тышкы иштер министрлигинде эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектейт жана гидросаясат боюнча адис. Суунун тартыштыгы дүйнө калкынын болжолдуу 40% таасир этет. Бириккен Улуттар Уюмунун жана Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча, кургакчылык 2030-жылга чейин 700 миллион адамды орун которууга түртүшү мүмкүн. Ван дер Хейден сыяктуу адамдар анын кесепеттери кандай болушу мүмкүн экенинен тынчсызданып жатышат.

“Эгерде суу жок болсо, саясатчылар сууну тартып алууга аракет кылышат жана ал үчүн күрөшө башташы ыктымал”, - дейт ал.

XX кылымдын акырына чейин адамдардын саны өскөн сайын глобалдык суу керектөө дагы эки эсеге өскөн. Учурда бул диссонанс Римден тартып Кейп Таунга, Ченнайдан Лимага чейинки көптөгөн шаарларда сууну нормалдаштырууга өбөлгө түздү. Суу кризиси 2012-жылдан бери Дүйнөлүк экономика форумунун Глобалдык тобокелдиктер боюнча тизменин алдыңкы беш сабынан орун алып келет. 2017-жылы катуу кургакчылык Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң катаал гуманитардык кризиске салым кошкон. Анда Африка менен Жакынкы Чыгышта 20 миллион адам азык-түлүк тартыштыгынан жана чыккан жаңжалдардан улам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Басранын айланасында суунун сапатынын төмөндөшүнө Түркиядагы дамбалардын көп курулушу таасир эткен

Сүрөттүн булагы, Haidar Mohammed Ali/AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Басранын айланасында суунун сапатынын төмөндөшүнө Түркиядагы дамбалардын көп курулушу таасир эткен

Сууга болгон талап өскөн сайын, чыр-чатактардын чыңалуусу дагы өсөт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Бул тема боюнча жүргүзүлгөн соңку изилдөөлөр чындыгында убакыттын өтүшү менен сууга байланыштуу чыр-чатактар көбөйгөнүн көрсөткөн”, - дейт Дүйнөлүк ресурстар институтунун суу иштери боюнча глобалдык директору Чарлз Айсланд.

“Калктын көбөйүшү жана экономикалык өнүгүү дүйнө жүзү боюнча сууга болгон талапты өстүрүп жатат. Ал ортодо климаттын өзгөрүшү сууну камсыздоону начарлатып, көпчүлүк жерде жаан-чачынды бара-бара башаламан кылууда”.

“Басрадагы окуянын негизи эки бөлүгү бар”, - дейт Айсланд. “Биринчиден, агындыны тазалабай туруп суу жолдоруна коё берип жатышат. Бирок Түркиянын чек арасындагы плотиналарды эске алыш керек. Натыйжада таза суу Тигр жана Эвфрат дарыяларына азыраак агып түшүп, туздуу суу болсо дарыядан жогору көздөй кирип кетүүдө (Перс булуңунан). Убакыттын өтүшү менен ал эгиндерди кыйратып, адамдарды оорутуп жатат”.

Эл аралык деңгээлде суу башындагы мамлекеттердин плотиналарды көп курушу төмөн жакта жайгашкан жана сууга көз каранды болгон мамлекеттер менен талаш-тартыш коркунучун күчөтүшү ыктымал. Бирок Сузан Шмайердин оюнча, суу жээгиндеги жаңжалды аныктоо оңой жана анын күчөп кетүү ыктымалдыгы азыраак. Ал Нидерланддардагы Делфт институтунда суу укугу жана дипломатия багытында профессор. “Жергиликтүү чыр-чатактарды көзөмөлдөө кыйын жана алар тез эле курчуп кетиши мүмкүн. Мамлекеттер аралык мамилелер сууга байланыштуу чыр-чатактардын курчуп кетишин көп учуп чектеп турат”, - дейт ал.

Эфиопиянын Көк нил дарыясына салган Кайра жаралуу плотинасы сууга көз каранды болгон төмөн жактагы Египет жана Судан менен мамилесин чыңалткан

Сүрөттүн булагы, Eduardo Soteras/AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эфиопиянын Көк нил дарыясына салган Кайра жаралуу плотинасы сууга көз каранды болгон төмөн жактагы Египет жана Судан менен мамилесин чыңалткан

Дүйнө жүзү боюнча зор чыңалуу байкалган көптөгөн мисалдар бар. Мисалы, Арал деңизи боюнча чыр-чатак Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстанды өз ичине камтыйт; Левант өлкөлөрүнүн ортосундагы Иордан дарыясынын айланасындагы чыр-чатак; Кытай менен анын Түштүк-Чыгыш Азиядагы коңшуларынын ортосундагы Мекоң дарыясы боюнча талаштар. Эч бири чоң чыр-чатакка айлана элек. Бирок Шмайер чыр-чатактын чыгышына ишарат кылган бир жагдайга көңүл бурат.

Мисалы, Пакистан бийлик өкүлдөрү мурдараак суу башындагы Индиянын стратегиясын “бешинчи муундагы согуштук аракеттер” деп атаса, маркум өзбек президенти Ислам Каримов аймактагы суу талаштары согушка алып барарып айтып эскерткен болчу.

“Белгилүү бир мамлекеттердин атын атабайм, бирок мунун баары олуттуу тиреш эле эмес, согуш менен аяктаган чекке чейин начарлап кетиши ыктымал”, - деген ал.

Суу бөлүштүрүү боюнча макулдашуулар мындай талаштарды басаңдатуу үчүн кеңири колдонулган жолдордун бири. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери 200дөн ашуун келишимге кол коюлган. Мисалы, 1960-жылдагы Индия менен Пакистандын ортосундагы Инд суусу боюнча келишим жана Израил менен Иордания тынчтык келишимине чейин кол койгон макулдашуу. Бирок БУУнун Чек аралар аралык дарыялар менен көлдөр боюнча глобалдык суу конвенциясын киргизүүгө багытталган он жылдык аракети болгону 43 өлкөнүн кол коюусу менен аяктаган.

Инд дарыясы түндүк Индия менен Пакистан үчүн суунун негизги булагы, бирок анын башаты Кытай көзөмөлдөгөн Тибет тоолоруна барып такалат

Сүрөттүн булагы, Nadeem Khawar/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инд дарыясы түндүк Индия менен Пакистан үчүн суунун негизги булагы, бирок анын башаты Кытай көзөмөлдөгөн Тибет тоолоруна барып такалат

Ал эми ички чыр-чатактарчы? Бир нече чакан өлкөлөр суу ресурстарын жакшыраак пайдалануу үчүн өздөрүнүн жолун түптөөдө. Перу суу камсыздаган ишканаларды кирешесинин бир бөлүгүн жамгыр сууларын башкаруу үчүн жашыл инфраструктураны изилдөөгө жана интеграциялоого инвестиция кылуу талабын койгон. Вьетнам Мекоң үч бурчтугунан орун алган өзүнүн бөлүгүндөгү өнөр-жай таштандылары менен күрөшүп, шаар жана айыл тургундарынын арасында сууну бирдей бөлүштүрүү үчүн салттуу суу инфраструктурасын киргизип жатат.

Климаттын өзгөрүшү менен жер калкынын көбөйүшү дүйнө жүзү боюнча кургакчылык көйгөйүнүн ого бетер тереңдетип жаткан маалда мына ушундай чечимдер чыр-чатактар менен миграцияны токтотуу үчүн аябагандай керек. Өткөн жылдын декабрь айында - Али ал-Садр Басрадан кеткенден кийин эки жыл өткөн соң - шаар тургундарынын 11% азыраагы таза ичүүчү сууга жеткилиги болгон. ЮНИСЕФтин жардамы менен 2020-жылдын аягында Нидерланддардан 6,4 миллион АКШ долларын алып келишип, бул каражат шаардагы суу инфраструктурасын жаңыртууга жумшалып жатат. Бирок ушул жылдын жай айынын башында электр энергиясы өчүп калып, күн катуу ысып жатканда шаардагы көптөгөн суу насостору иштебей токтоп калган.

Басралыктар таза суу көйгөйү менен күн сайын алышып жаткан чакта алардын оор абалынын башка кесепеттерин түшүнүү татаал. Анын үстүнө жакынкы эле айларда шаарда каршылык акциялары кайрадан болуп өткөн. Абал жакшырганга чейин, ал-Садр акциялар улана берет деп тынчсызданат.

“Мен митингге катышканда, анын артында эмнелер турганын билген эмесмин”, - дейт ал. “Мен болгону бир нерсе болсо да ичким келген”. (EA)

Макала айрым кыскартуулар менен которулду. Макаланын түп нускасын BBC Future сайтынан окуңуз.