Сузакта дагы бир келин күйөөсүнүн колунан каза тапканы кабарланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сузакта дагы бир келин күйөөсүнүн колунан каза тапканы кабарланды. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Би-Би Сиге тастыктады.
Алдын ала маалыматка ылайык, жубайлардын ортосунда кызганычтан улам чыр чыккан.
"3-январь күнү Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 1990-жылы туулган тургуну чалып, ал ошол күнү 19:55 чамасында 1997-жылы туулган жубайы менен өз ара пикир келишпестиктен улам өлтүрүп алгандыгын билдирген. Аталган маалымат Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Тиешелүү органдар окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил буюм катарында 1 даана аш бычагы алынып, 1997-жылы туулган Т.Р. кызынын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган",- деп айтылат маалыматта.
Милициянын маалыматына караганда, 4-январь күнү кылмышка шектүү, 1990-жылы туулган Д.Я. Сузак райондук соту тарабынан камакка алынган. Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.
"Күйөөсү Орусияда мигрант болуп иштеп жүрүп, мекенине жаңы эле кайтып келген. Үйүнө келгенине эки-үч күн гана болгон. Жубайлардын ортосунда кызганычтан улам пикир келишпестик чыгып, шектүү ачуусу менен аялын аш бычак менен бир нече жолу сайып жиберген",- деп билдиришти милициядан.
Алдын ала маалыматтарга караганда жубайлардын ортосунда эки баласы болгон.
25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев Биринчи радионун эфиринде 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирди.



