ТИМ Таиланддагы кырсыкка кабылган кемеде эки кыргызстандык болгонун ырастады

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстративдик сүрөт

Таиландда кырсыкка кабылган сейилдөөчү кемеде Кыргызстандын эки жараны болгондугу аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги аталган жарандар менен түз байланышка чыгып, алардын абалынан маалымат алган.

Кырсыктан кыргызстандыктар жабыркаган эмес. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып, сунушталган медициналык жардамдан жана ооруканага жатуудан баш тартышкан.

Тышкы иштер министрлиги элчилик жарандар менен байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, эки жаран 15-январда Кыргызстанга кайтып келет деп күтүлүүдө.

Буга чейин чет элдик басылмалар Таиланддын Пхукет шаарында Korawich Marine 888 сейилдөөчү кеме балык уулоочу кеме менен кагылышып, 55 адам жабыркаганын жазышкан.

ТАСС агенттиги Орусиянын Таиланддагы арал провинциясындагы башкы консулу Егор Ивановго шилтеме берип, катердин бортунда 33 Орусиянын жараны, ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жарандары болгонун билдирген. Алган жаракаттын кесепетинен 2008-жылы туулган орусиялык кыз каза болгону айтылган.

Маалыматтарга ылайык, Korawich Marine 888 кемесин башкарган компания негизинен орус тилдүү туристтер үчүн арзан баада экскурсиялык кызматтарды сунуштап келген. Бул тейлөөнүн сапатына таасир эткени белгиленип, аталган компаниянын кемелери буга чейин да кырсыктарга кабылганы маалымдалган.