Испаниялык фермерлер да Европадагы каршылык акциясына кошулду

A convoy of tractors
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Испаниялык фермерлер жолдорду бөгөй баштады. Алар ушул айдын аягында Мадриддеги чоң каршылык акциясына камынууда
    • Author, Гай Хеджко
    • Role, BBC News, Аранда де Дуэро

Испаниядагы фермерлер европалык кесиптештерине кошулуп бүт өлкө боюнча каршылык акцияларына чыга баштады.

Башка өлкөлөрдөгү фермерлер сыяктуу эле алар дагы Евробиримдиктен көбүрөөк ийкемдүү саясатты, биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн келген продукцияга катуу көзөмөл кылууну жана өздөрүнүн өкмөтүнөн көбүрөөк жардам талап кылышууда.

Бир топ региондордо алар жолдорду бөгөп салып, автоунааларга олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда.

Ушул айдын аягына Мадриддин борборунда чоң каршылык акциясын өткөрүү пландалууда.

Шейшембиде Испаниянын түндүгүндө фермерлер көчөлөргө агылып, тракторлорун колонна кылып тизип алышып, сигналдарын кыйкыртып басып, испан желектерин желбиретип, көрнөктөрүн көтөрүп чыгышты.

Алар Каталониянын түндүк-чыгыш регионунда, Андалуссиянын түштүк регионунда жана батыштагы Эстремадурада дагы каршылык акциясына чыгышты.

Испаниянын фермерлери Франция менен Бельгияда, Нидерландарда, Италияда жана башка өлкөлөрдө нааразы болуп, митингиге чыгып ызылдап жаткан дыйкандар койгон талаптарды эле коюшууда.

Алардын айтымында, Евробиримдиктин жалпы айыл чарба саясаты киргизген эрежелер, ансыз да отун-суу менен энергия кымбат болуп атканда, пайда табууга тоскоолдук кылууда.

«Буудай менен арпадан түшүм алууда чыгым абдан көп болуп жатат",-деди Аранда-де-Дуэродогу фермер Эстебан. "Жер семирткичке, пестицидке, күйүүчү майга төлөш керек, биз өчөйүп калдык. Биздин чыгым абдан жогору болууда, ал эми продукцияны арзан сатып атабыз".

Францияда каршылык жыйынга чыккан фермерлер испандык өндүрүшчүлөрдү Евробиримдиктин эрежелерин сактабай, бааларды түшүрүп жатат деп айыптады. Өткөн аптада Франциянын мурдагы министри Сеголен Руаяль Испаниядагы помидорлор органикалык экендиги "жалган" деп билдирип, талаш-талкууну күчөттү. Испандык тамак-аш жана айыл чарба өнөр жайы кыжырданып реакция кылып, ал эми премьер-министр Педро Санчес Руаялды келип испан помидорлорун жеп кетүүгө чакырды.

Ал эми Испаниянын айыл чарба сектору өз кезегинде Евробиримдикке кирбеген Марокко сыяктуу түштүктөгү коңшуларына доомат коюуда. Алар экологиялык жана санитардык нормаларга баш ийбей, продукциясын арзан сатууга кынык алганын айтууда.

«Биз толтура текшерүүдөн өтөбүз, санитардык эрежелерди карайбыз, ал эми ЕБке кирбеген өлкөлөрдүн продукциясы бул эрежелерди тоотпойт», — деди мал жана дан өстүргөн фермер Эстрелла Перес.

«Биз айыл чарбасынын келечеги болсун деп атабыз, азыр аны көргөн жокпуз».

Estrella Pérez standing in front of a tractor
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эстрелла Перес фермерлер бюрократиялык чоң тоскоолдуктарга кабылганын айтты

Испандык фермерлерди кургакчылык да кууратмай болду. Өлкөнүн көп райондорунда соңку айларда жаан аз болуп, түшүм жакшы болгон жок. Испания дүйнөдөгү оливка майын өндүргөн ири өндүрүшчү, бирок түшүм аз болгондуктан анын баасы өсүп кетти. Өткөн аптада Каталония үч жылдык кургакчылыктын улам чукул кырдаал жарыялады.

Башка жерлерде италиялык фермерлер бир апта бою Евробиримдиктин эрежелерине жана бюрократиялык тоскоолдуктарына каршы акцияга чыгышты. Алар баары бул аптанын аягында Римге бармакчы болууда.

Кыргыз фермерлеринин ийгилиги менен кемчили тууралуу да окуңуз:

Премьер-министр Джорджия Мелони аларды колдоп, Евробиримдиктин "Жашыл курсу" фермерлерге азапты үйөт деп билдирди. Фермерлер ошол эле убакта өкмөттүн айыл чарбасына берген салык субсидияларын кыскартуу планына кабатыр болушууда.

Шейшембиде Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен пестициддерди колдонууну кыскартуу планынан баш тартарын жарыялап, аны "ажырымдын символу" деп атады.

Бельгиянын премьер-министри Де Кроо бул билдирүүнү кубаттап: "Жашыл келишимди" аткаруунун алкагында биз фермерлерди колдоого алганыбыз абдан маанилүү" деди. (МА)