Фермер канткенде байыйт? Миллиондогон долларга келишим түзгөн ишкерден кеңеш
Абдыбек Казиев,
Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда эң негизги макулдашууга жетишкендердин бири “Бай Дыйкан” компаниясы болду. Миллиондогон долларлык ал келишим кантип ишке ашат, кимдер ашырат, пайдасы кандай болот деп кызыккандар көп.
Би-Би-Си компаниянын негиздөөчүсү Эрлист Акунбеков менен кенен маек курду.
Эрлист Акунбеков: Бизнес-форумда биздин компания 120 млн долларлык келишимге кол койдук. Бирок бул бир күндө эле даяр болгон иш эмес. Ал боюнча үч жылдан бери тынымсыз даярдык көрдүк. 100 миллион доллар деген айтканга оңой болушу мүмкүн, бирок аны ишке ашыруу жеңил-желпи иш эмес. Дыйкан катары милдетин моюнубузга алдык. Андыктан кол коёрдон мурун биз ошол жыйынтыкка жеткире турган көп жумушту бүтүрдүк. Ошончо көлөмдү кантип алабыз, дыйкандар менен кантип мамиле түзөбүз? Аларга эмне беребиз? Жүгөрүнүн сапаттуу кайсы үрөнүн беребиз деген көп суроолор турган.
Үрөн - өтө маанилүү фактор...
Европа өлкөлөрүнөн, АКШдан бери жүгөрүнүн үрөнүн алып келебиз. Элестетсеңиз, ошол эле Голландия, Франциядан бери алып келебиз. Себеби, Кыргызстанда жүгөрү боюнча селекция ойдогудай деңгээлде эмес. Артта калдык. Дыйкандарга болсо гектарынан, 17-18 тонна түшүм бере тургандай үрөн ташыдык. Андан тышкары, жер семирткичтерди алып келебиз. Азот, фосфор, калий.
Мындан сырткары, өсүмдүктөрдү митеден коргоочу заттардын баарын эле химиялаштырбай, биологияга өткөрүү боюнча дагы алпурушуп жатабыз.
Чоң бизнестин чоң сырлары...
Чоң бизнесте, соода-сатыкта эки-үч негизги фактор бар. Биринчи фактор - бул баа. Биз берген баа башкаларга караганда арзаныраак болушу керек. Өзбек тарапка ошонусу менен ыңгайлуу. Экинчиден - сапат. Эгерде химияны бере берсек сапаттан өтпөй калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күндө Орусияга барганда дыйкандардыкы кайра артка кеткенин көрүп жатпайбызбы. Мен ушундай маалыматты уккан сайын ичимден сызам. Себеби, биз ошол учурда дыйкандарга жардам бере алган жокпуз. Ошол нитраттын калдыктары ченемден ашып кеткен үчүн ошондой иш болуп жатат.
Кардар көлөмгө көңүл бурат...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Көлөм дагы маанилүү. Ушул үч көрсөткүчтөн аксап жатабыз. Мисалы, помидорду алабызбы, дарбызды алабызбы же койдун терисинби, жүндү алабызбы ошол эле маселе. Балким көлөм болушу мүмкүн, бирок сапаттан аксайт. Терини мисал келтирейин.
Мал бакканда биз эч эрээн-төрөнү жок эле “бул баланчаныкы, Уландыкы, Абдыбектики” деп ар кайсы жагына тамганы басып коёбуз. Жоголбосун, ууру албасын дегендегибиз. Биз этибар албаган так ошол аракетибиз сапатты кемитип салып жатпайбы. Ошол эле өзбек туугандарыбыз теридеги тамганы көрүп, “минтип терини күйгүзүп, сапатты бузуптурсуңар” дейт. Картошканы сыртка чыгаралы дейбиз, текшере келгенде сапатынан аксап лабараториядан өтпөй калган мисалдар бар. Ошондуктан мол түшүм болот деп эле, химиялык каражатты каалашынча сээп салган болбойт. Сатпаган күндө деле аны жеген дыйкандын өзүнө зыян. Коомубуз ушул нерсени жакшылап түшүнсө дейбиз.
Ал эми жүгөрү боюнча 100 миллион долларлык келишимге кол коёрдон мурун ушул фактордун барын таразалап чыктык. Өзбекстан кошунабыз. Түндүк региону менен жүргөндө транзиттик кыйынчылыктарыбыз бар. Себеби, коңшу Казакстан мамлекети аркылуу өткөнгө туура келет. Экинчи жолубуз түштүк аркылуу. Фергана өрөөнүнө кирип кеткен жагыбызда да бир аз кыйынчылыктарыбыз бар. Кыштын күнү жолдорубуз татаал эмеспи. Кар жаап коёт, башка болот дегендей. Ушул маселелерден башкасын буюрса жолго койдук.
Дыйкандарга дагы бир ирээт айтып кетерим, “Бай Дыйканды” издеп болсо дагы табыңыздар. Бизде үрөнү дагы, жер семирткич дагы, трактор, комбайныбиз дагы бар. Колубуздан келишинче биргелешип иштесек, макулдашуубуз так болсо компанияга эле эмес, дыйкандарга дагы жакшы болот. Мына азыр бизге “пахта боюнча иш жакшы болбой калды” деп Ноокен, Аравандан дыйкан чарбалар кайрылып жатат. “Пахта менен иштеш кыйын болуп калды” деп жатышат. Табиятынан пахта мээнетти аябай көп талап кылат. Мисалы жүгөрүнү үч жолу сугарса, пахтаны алты жолу сугарасың. Баары бүттү эми түшүм алам дегенде дагы кол менен терип жатпайбы. Мурун бир сомдон, кийинчерээк беш сомдон теришсе, бүгүнкү күндө 16 сом, 20 сомго чейин тердирип жатышат. Ушунун өзү эле пахта өстүрөм дегендерге чоң машакат. Мындайда кирешени кой, жумушчу күчүн табуу баш ооруу.
Ушундай маселенин баарын эске алып, жүгөрүнү тандадык. Себеби, башынан аягына чейин техника иштейт, комбайн оруп алат. Комбайн болгондо дагы Америкадан чыккан эң алдыңкы “John Deere” комбайндарын алып келгенбиз. Тракторлор дагы дал ошол компанияныкы. Себеби, бизге сапат керек, көлөм керек.

Пандемия дыйкандардын көз карашын өзгөрттү...
Пандемияга чейин айыл чарбабызда кирешеси, пайдасы жок, тескерисинче чыгаша менен жыйынтыктаган жылдар болгон. Пандемияда чек аралар жабылып калганда көп нерсени түшүндүк. Ага чейин ундан көйгөй болбойт, буудайдан көйгөй болбойт деп эле жүрө берген экенбиз. Көрсө, убакыт сааты келгенде биз ишенген орустар деле жаап коё берет экен. Казактар деле унду бербей коё берет экен да. Бул үчүн аларды деле айыптап болбойт. Себеби алардын деле өзүнүн көйгөйү, муктаждыгы бар да.
Пандемиянын курч фазасы канчага созуларын ал кезде эч ким билген жок. Бир жыл болобу, беш жыл болобу, балким он жыл болуп кетеби деп санаркап турушту. Биз өзүбүздүн тамак-аш коопсуздук программабыздын маанилүүлүгүн түшүндүк. Өкмөт, анын ичинде Айыл чарба министрлиги баарын бир сыйра карап, мамиле өзгөрдү. Бүгүнкү күнү ошол тармакта кетип бара жатат. Тогуз продукцияны класстер кылып чыгарганы да ошондон. Ошолор акырындап ишке ашып жатат. Айтайын дегеним, ушул пандемиядан кийин айыл чарбасы дыйкандар үчүн да кызык болуп калды. Бир мисал, ага чейин жерлердин жылыдк ижара акысы 5- 10 миң эле сом болчу. Азыр 70-80 миң сомго дагы жерди арендага алып иштетем деген дыйкандар бар. Сокулук, Аламүдүн райондорунда мындай мисал четтен чыгат. Бул көп нерсени туюндурат.
Алыска кетпейли, ошол эле биз ар дайым белгилеп келген Голландия мамлекети. Чакан эле өлкө, бирок дүйнөнүн баарын багат. Биз дагы ошол багытта кетсек болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Көп эле келишимдер, макулдашуулар түзүлдү. “Мына ишке ашып кетет” деген маалымат чыгат, бирок ишке ашпай калган учурлар бар. Сиздер түзгөн келишим канчалык реалдуу?
Эрлист Акунбеков: Ишке ашышына өбөлгө болчу көп иштин баарын алдын ала даярдадык. Анын үзүрү бар. Мисалы, үч айдан бери Өзбекстанга экспорт кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө 10 миң тоннадан ашык экспорттоп койдук. Кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес-форуму бизге алдыга кадам таштаганга, өкмөт менен биздин кадамыбыз шайкеш келишине, эки мамлекеттин ортосундагы мамиле түз экендигине ынанасак дегенбиз. Бизнес-форумда дал ошол белгини алдык. Абдан жакшы иш болду. Соңку 30 жылда Өзбекстан менен мамилебиз солгундап калган учурлар болгон. Ал жашыруун эмес. Мамиле солгундагандан кийин ишенич дагы солгундап калат. Карым-катнаш азайып, Өзбекстанда эмне болуп жатканын биз билбей, биз тууралуу алар терең билбей калган учурлар болду. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен биздин президент Садыр Жапаров экөөнүн бири-бирин туура түшүнгөндүгү чоң жылыш.
Айтайын дегеним, биз түзгөн 100 миллион долларлык келишимдин пайдасын дыйкандар да алат. Себеби, өкмөт жүгөрү өстүрбөйт. Биздин карапайым дыйкандардын мээнети, түшүмү. Демек ушул акчанын негизги бөлүгү барып-барып дыйкандарыбыздын чөнтөгүнө түшөт. Дыйкан өстүрүп, өндүрүп бирок сата албай турса бул чоң маселе да. Чоң келишим менен ошол маселе чечилди.
Биз мурунтан эле Өзбекстандан жер семирткич алып чыгып келебиз. Ушул жумуштардын баарын аткарып, дыйкандарга алып келип берип, алар жакшы түшүм алып, ошол түшүмдү кайра өзбек туугандарга сатып, долларды кайра алып келип, дыйкандарыбыздын чөнтөгүнө салып берип, сооданын чынжыры түзүлдү да. Эки мамлекеттин ортосундагы импорт менен экспорттун балансы акырындап теңделип баратат.
Чынында азыркы президент Садыр Жапаровго чейинки мезгилде Кыргызстан көпчүлүк учурда Кытайдан келген товар менен оокат кылып келген. Ошол эле “Дордой” Россияга жөнөтүп. Бүгүнкү күндө ушул форумдар президент Жапаровдун “өзүбүздүн ички өндүрүштөрдү колдойлу, бизнестерди көтөрөлү” дегени. “Кыргыз-өзбек фондунан акча керекпи? Инвесторлор үчүн электрондук платформа ачып берели” деп ошондой дагы сөздөр болду. Бул деген аябай жакшы жөрөлгө, жакшы шарт. Ал эми шарт жакшы болсо бизнес жүктү бат эле көтөрүп кетебиз.

Сүрөттүн булагы, Бай Дыйкан
Би-Би-Си: Өзүңүз айткандай ошол эле жүгөрүнү өкмөт же бир эле киши өстүрбөгөндөн кийин кантип, кандай ыкма менен топтойсуздар?
Эрлист Акунбеков: Бүгүнкү күндө биздин айыл чарбабыздын эң чоң кыйынчылыгынын бири - биз баягы үйрөнүп калган адаттагыдай эле майдалыгы. Муну иргелештирүү, кооперативдештирүү зарыл. 30 жылдан бери ушунун тегерегинде сөз кылып келебиз. Башын бириктире албай койдук. Табиятыбыз ушундай окшойт. Экөө бириксе бирөө директор, бирөө орун басар, анан үчүнчүсү оппозиция болот экен. Ошондон улам мындай жердин тегерегинде бириктиришибиз кыйын болоорун түшүндүк. Өзүм аспирантураны дагы бүткөм. Билим, тажрыйбага таянып, башка ыкмага өттүк.
Базар экономикасында жашагандан кийин, анын эң чоң критерийи бул пайда болуп эсептелет. Демек ар бир кылган ишибиздин арты пайда менен жабылыш керек. Ал пайданы кол менен кармап көрмөйүн болбойт. Товар, акча дегендей колубуз менен кармай тургандай болушубуз керек. Демек дыйкандарды бүгүнкү күндө биздин табиятыбызга жараша жердин тегерегинде бириктире албасак, пайданын тегерегинде бириктирели дедик. Комапаниябыз ушуну сунуштап жатат. “Урматтуу дыйкандар! Сиздерге урук, үрөндү беребиз, керек-жарак менен камсыздайбыз. Жакшы тааныыгандарга, ишенимдүүлөрүнө узартылган мөөнөткө беребиз. Тааныбагандар кечирип койгула. Биз каражатты өзүбүз чогултуп, үйүбүздү күрөөгө коюп, бизнесибизди ушундай деңгээлге көтөрүп анан берип жатабыз. Сиздер өстүрүп бериңиздер. Бир гектарыңарга орто эсеп менен миң доллар акча кетсе, алган түшүмүңөрдү үч миң долларга сатсаңар, эки миң доллар бир гектардан пайда калат”. Болду ошол пайданын тегерегинде сөз кылып, бириктирели деп жатабыз.

Сүрөттүн булагы, Бай Дыйкан
Сатам десеңиз баарын аз-аздан айдап албаңыз...
Бир массив 500 гектар, 1000 гектар, 2000-3000 дагы болушу мүмкүн. Ошол бир массивде бүгүнкү күндө көйгөй эмне болуп жатат? Ошол жерде баары аралашып “салаттай” эле болуп калган. Помидору дагы ошол жерде, картошкасы дагы ошол жерде, пиязы менен жүгөрүсү да бар дегендей. Мунун ар бири ар башка убакта сугарылат. Ар башка учурда ар башка камкордукту талап кылат. Ошолордун баарын бириктирүү кыйын. Ошонун барын бириктирип, 10 дыйкан болсоңуздар биз баарын берели, комбайн, тракторду дагы берели, силер олуттуу карап бергиле. Керек болсо аграномубузду дагы берели, өстүрөлү. Эки-үч жыл экспорт кылалы андан кийин тереңдейли. Этап менен кылалы.
Биринчи өстүрөлү, аны саткандай инфраструктура түзөлү. Ошол эле жүгөрүнү биз бир аз кургатабыз. Терип алганда анын нымдуулугу 17-18 кээде 25 пайызга чейин чыгып кетет. Бизге ал болбойт, биз 14-11 менен алып чыгышыбыз керек. Демек аны кургатабыз. Ошол инфраструктураны коюп алышыбыз керек. Анан кийинки этап көлөм. Убагы келгенде каалаган инвесторду чакырып алууга болот. “Каалаган статистиканы алыңыз, өкмөттүкүнбү же бажыныкынбы чыгарып караңыз. Ошончо көлөмдү чыгара алабыз. Эми аны сизге буруп беребиз, Кыргызстандын ичинде иштетели” дегенге мүмкүнчүлүгүбүз болот.
Экономист ишкер катары биз сырттан келген инвестор менен ички инвестордун укугун бирдей кылмайынча ишти тартып кетишибиз кыйын. Биз өзүбүздүн туугандарыбызга, балдарыбызга башкаларга тарта бергенибизде жыйынтык болбойт. Ансыз дагы бизде көп кыйынчылыктар бар. Себеби, үч революциядан кийин сырттан келген инвесторлордун бизге болгон ишеничи төмөн. Бүгүнкү күндө тарыхый миссия президент Садыр Жапаровго туура келиптир. Өзбекстан менен болгон ынак мамиле дагы эки президенттин миссиясы болду деп эсептейм. Ошону жакшы алып кетсе сөзсүз түрдө эки мамлекет тең жакшы ийгиликтерге жетет.
Мол түшүм алам деп эле жер семирткич чача бербеңиз...
Би-Би-Си: Жерди ар ким ижарага алып иштетип, биринчи алган киши эмне каражат сепкенин, кандай көлөмдө сепкенин кийинкиси билбейт. Ал дагы башкасын себет. Ошентип колдон-колго өтүп жатып жердин күрдүүлүгү, топурактын сапаты андагы микроорганизмдер эмне болот деген маселе турат. Бузулган, булганган топуракты калыбына келтирүү деген чоң маселе да. Муну кандай кылыш керек?
Эрлист Акунбеков: Бул маселе айланып келип эле биздин мойнубузда. Себеби, биз дыйкандарга сапаттуу чыгарып бериш үчүн башынан аягына чейин айтып, үйрөтүшүбүз керек. Баарын көрсөтүп турушубуз керек. Чынында ошол көйгөй бар. Эми бүгүнкү күндө дыйканчылык айласыз болуп жатат. Айылда турган айылдын тургуну бүгүнкү күндө үч-төрт тармакта иш алып барат. Биринчиси, талаачылык жумуштарын аткарат. Экинчи, 15-20 соттук жери бар, ал жерде бактары бар. Демек ал багбанчылык. Үчүнчүсү, тоогу же беш он майда жандыгы болсо дагы чарбасы бар. Тоокко дагы укол саят, башка кылат. Демек үч тармакта тең иш алып барат. Бир багыт эмес. Продукция кытайдыкына салыштырмалуу биздики органика.
Биздики мыкты, бирок ушул деңгээлден ылдый түшүрүп албай алдыга алып кетели. Себеби ушул жердин күрдүүлүгүн 1 пайызга көбөйтүү үчүн жүз жыл убакыт кетет. Ал эми биз жардам берели ошол бир жылда биогомустук нерселер бар. Мына азыр көп ишкерлер активдүү иш алып барып, гумус өстүрүп, же болбосо кампосторду даярдап жарнама кылып элдерге жеткирип жатат. Ал эми биз өзүбуз тараптан химиялык жер семирткичтерди, минералдык жер семирткичтерди колдонууну жөн эле айтпастан дыйкандарга алтернативаны сунушташыбыз керек. Эки жыл мурун завод салганбыз. Органикалык жер семирткич чыгаруу багыты. Ал жерде биогумус плантациябыз бар. Аны дагы көрсөтөбүз.
Демек биз бүгүн дыйкандарга химияны минималдаштырып колдонгула дегенди жөн эле айтып калбастан ордуна өзүбүздөн чыккан жер семирткичтерди сунуштап жатабыз. Анан эми туура, мойнубузга алышыбыз керек микро бар жерде макро дагы болот. Макро дегенибиз ошол азот, фосфор, калий деген - бул макроэлементтер. Өзүбүз азыр дем алып аткан абада дагы 79 пайызы азот болот. 21 эле пайызы кислород, бир пайызы газ мына бизде ыш, балким бир пайыздан көп болот. Жерден дагы ушул азотту алып койсоң дем ала албай калгансып, өсүмдүк дагы өсө албай калат. Ошон үчүн селитра болот. Фосфор дейбиз, амафос дегендер болот. Алардын курамында фосфордун элементи бар. Калий хлориди деп коёт. Демек ушул тармакта жумуш эч качан токтобойт, минералдык жер семирткичтерди беребиз. Күчүбүздүн баарын жер семирткичтен чыгарып койгон учурларыбыз көп. Ал такыр жарабайт. Жакшы түшүм алуунун себеби бир эле жер семирткичте эмес.












