Ангус букалар, кредит, жер семирткич, үрөн талкуусу. Айыл чарба министринин жообу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
Парламенттин бир топ депутаты, анын ичинде такай колдоп келген Балбак Түлөбаев дагы айыл чарба министринин дарегине ачуу сындарды айтып жаткан учуру. Кээ бир фермерлер “айыл чарба министрлигин түп орду менен жоюп жиберсе дагы эч нерсе өзгөрбөйт, анткени дыйкан, фермерлер баарын өздөрү кылып келе жатат” деп келишет.
Би-Би-Си айыл чарба министри менен кенен маек курду. Анын үзүндүсүн сунуштайбыз.
Аскарбек Жаныбеков: Үрөн боюнча, бизге жетишерлик үрөн алынып келинди. Быйылкы жазга, быйылкы күзгө ал эле эмес, 2023-жылкы жазга дагы 6 миң тоннага жакын үрөн алып келип койдук. Эмне үчүн мындай кылдык? Январь айынын башынан эле аракетибизди баштаганбыз. Кийин Украина менен Россиянын ортосунда кризис болду. Ошого байланыштуу ташып келүү боюнча көгөйлөр пайда болгон. Бул жолу ошолорду болтурбоо үчүн, биз алдын-ала алып келип койдук. Үрөндөр бар. Айыл чарбасына түздөн-түз каралган бөлүнгөн каражаттар толугу менен өздөштүрүлүп жатат.

Би-Би-Си: Кээ бир дыйкандар ошол үрөндүн “түшүмү мол болду” деп жатат. Бирок ошол эле учурда муну коштогон көйгөйлөр чыккандай. Маселен, укмуш түшүмдүү үрөндөр деген менен ооруулар катталды. Айрым такталбаган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда буга чейин катталбаган кайсы бир оорулар ошол үрөөн менен келди дегендер бар. Негиз барбы?
Аскарбек Жаныбеков: Негиз жок. Мен муну так кесе айта алам. Ошол үрөндөр себилген аянттарда “кара көсө” бир аз пайда болду. Бир аз Таласта болду, Ысык-Көл облусунда эки-үч районунда болду. Жалпылап алып келгенде аз эле аянтта болду. Бирок бул “кара көсөнүн” бир эле минусу бар. Бул үрөөнгө пайдаланылбайт. Ал эми малга тоют катары пайдаланылат. Кийинки алынган үрөөндөр дарыланып эле себилет. “Кыргызстанда буга чейин болбогон оорулар ошол үрөөндөр менен келди” деп айыл чарбасынан алыс кээ бир адамдар “серепчи” болуп айтып жатат. Мен так кесе айта алам, ал туура эмес.
Би-Би-Си: Демек, “кара көсөдөн” башка оору чыккан жок деп жатасыз?
Аскарбек Жаныбеков: “Кара көсөдөн” башка оору чыккан жок.
Би-Би-Си: Айдоо аянттарынын жетиштүүлүгүнө, климатка, сугаттын бар экенине карабай, Кыргызстан дан өсүмдүктөрү боюнча импортко көз каранды. Эмне себептен ушундай болуп жатат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аскарбек Жаныбеков: Мол түшүм деген бул эмне? Бул биринчиден сапаттуу жана жогорку түшүмдөгү үрөн. Экинчи ошол үрөндү себе турган жерлерди жакшы иштетүү. Үчүнчү, убагында суу менен камсыз кылуу. Төртүнчү кошумча азык менен камсыздоо. Эң негизгиси - бул коромжусуз жыйнап алуу. Эми карап көрөлү, бүгүнкү күнгө чейин эгемендүүлүк жылдарда мамлекеттин колдоосу менен бир жолу үрөн алып келдиби Кыргызстан? Биз тээ союздун убагындагы үрөөндү кармап эле келатабыз. Анча-мынча жеке тараптар сатып келген үрөөндөрдөн эле жаңыруу болбосо, мамлекеттик колдоо менен болгон эмес. Экинчиси, биздин тармактык илимий-изилдөө институттарын каржылоо маселеси, кадр маселеси мындай абдан чоң көйгөйгө туш келгендиктен бизде жаңы сорттор дагы чыкпай жатпайбы. Мына ошон үчүн кординалдуу чечимдер керек эле.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Былтыркы жылда биз азыктык буудай менен өзүбүздү 40 пайыздын тегерегинде камсыз кылганбыз. Министрлик кескин кабыл алган чечимдерди мамлекеттик жетекчилик колдоп, жаңы үрөөндөр келген үчүн биз өзүбүздү үрөн менен камсыз кыла алдык. Экинчиси, жогорку түшүмдүү ушул үрөндөр берди баардык жерде. Эселеп көбүрөөк болгондор болду. Биз тез эле унутуп калып жатпайбызбы. 15-20 центнер алып жаткан жерден 60-70 центнерден алышты быйыл дыйкандардын көпчүлүгү. Тереңдеп карап көрсөк быйылкы жазда алып келген үрөндү күзүндө жыйнап алып, кийинки 2-3 жылга өзүбүздү толук камсыз кылганга пайдубал түзүлдү.

Би-Би-Си: Менин айтайын дегеним данды сырттан импорттоп келбей, Кыргызстан өз потенциалын толук кандуу пайдаланып жатабы?
Аскарбек Жаныбеков: Өзүбүздү өзүбүз азыктык буудай менен камсыз кылганга жерибиз жетишет. Башка маселе ошол жерден кандай түшүм алып жатабыз? 20 центнерден алып жатсак кайдагы азык-түлүк коопсуздугу? Мына ошону чечүүнүн бирден бир булагы - үрөн. Аны чечтик. Эми быйыл биз ушул эле суугатка, айыл-чарба техникасына анан үрөнгө чоң аракет кылдык. Жыйынтыгында былтыркыга караганда быйыл биз азыктык буудайды 169% га көп алдык. Камсыздоо былтыр 40% болсо, быйыл 70% дан ашып, 80% га чукулдады.
Ал эми малга тоют боло турган, кайра иштетүүгө керек деген арпадан туура эки эсе көп түшүм алдык. Эгерде ошол эле аянттан кошуна мамлекеттердей болуп,мисалы үчүн Россиядай, Өзбекстандай болуп 45-50-60 центнерден алсак, биз аянтты азайтып, бирок көп түшүмдүн эсебинен өзүбүздү камсыз кыла алабыз.
Би-Би-Си: Сиздин божомолуңузда Кыргызстан дан эгиндери менен өзүн толук кандуу качан камсыз кылып калат?
Аскарбек Жаныбеков: Азыктык буудай менен 2023-жылы күз, буюрса 2024-жылы өзүбүздү толук камсыз кылабыз.
Жер семиркичтин чоо-жайы...

Би-Би-Си: “Ири суммадагы каражатка сатылып алынган жер семирткич пайдаланылбай калган” деп абдан ачуу сындар айтылып жатат. Ушунун чын-бышыгы кандай, чындап эле пайданылбай калдыбы?
Аскарбек Жаныбеков: Бүгүнкү күнгө чынында эле ушундай акыбал. Мамлекет, Министрлер кабинетинин токтому чыкты, баасы арзандатылды. Эмнеге мындай болду? Аракет абдан туура болгон, себеби жыл башында жеке тараптар сатып келип, өз кызыкчылыктары менен бааны көтөрдү аябай. “Газ кымбаттап жатат” деп россияныкы да, өзбекстандыкы дагы казактар дагы жалпы эле биз импорттоп жаткан мамлекеттерде маалымат берип жатты. “Мына газ кымбаттап жатат, мына 500 доллар болду, 600 доллар болду, 800 доллар болду” деп турду. Ошондо биз чечим кабыл алдык. Министрлер кабинетине кайрылдык, мындай акыбал болуп жатат, селитранын баасы 60 сомдон ашып кетти, 67 сом болду. Ошондо анан чечим кабыл алынды. Бул эң туура чечим болгон убагында. Тилекке каршы, ошол мезгилде доллар 105 сомго чейин чыгып кетпедиби. Сом каралып бөлүндү, доллар кымбат кезде. Материалдык резервдерге акча бөлүнгөн, алар конвертация кылган, алар барып келишим түзгөн, алар алып келген, алар саткыла деп милдеттендирген. Бирок кийин доллардын куну түшүп, анан доллар түшкөнгө жараша минералдык жер семирткичдин да баасы төмөндөдү. Мына ошондой көйгөй пайда болуп калбадыбы.
Би-Би-Си: Демек,сырттан сатып алганда баасы кымбат келген.
Аскарбек Жаныбеков: Батыраак келип калды да бул жерге. Анан ошентип базардагы баа арзаныраак болуп, матезервге келген селитранын баасы кымбат болуп калды. Мына ошол үчүн бул токтоп турду. Чечим кабыл алынды. Мына эми селитраны арзан баада, арзан эмес эми, базар баада, төмөнкү баада дыйкандарга сатуу чечими кабыл алынды.
Би-Би-Си: Тактап койчу маселе, канча көлөмдөгү селитра жөнүндө, канча каражат жөнүндө кеп болуп жатат?
Аскарбек Жаныбеков: 4977 тонна жөнүндө сөз болуп жатат, бул жерде баасы 30сом болду. Биздин Кыргызстан бир жылда 150 000 тонна селитра пайдаланабыз. Анын жанында 5000 тонна селитра анча чоң көлөм эмес. Албетте,эгерде ошол селитранын баасы ошол күндө базардагы баадан төмөн болгондо баары бизди мактамак. Бирок доллар курсуна дагы, газдын баасына дагы тилекке каршы Кыргызстан эч кандай бир таасир кыла албайт да.

Би-Би-Си: Эми эки маселе, биричиси, ошол келген селитралардын сактоо мөөнөтү өтүп кетпейби? Экинчиси, мактоо тууралуу айтып калдыңыз, эгер керек болсо жоопкерчилгин ким тартат?
Аскарбек Жаныбеков: Бул жерде мындай, биринчиден селитра өзү эки кат мүшөктө сакталып жатат. 4-апрелде биринчи жолу текшерди комиссия, андан кийин дагы үч жолу барып, анализ алып, лабораториядан анын сапатын текшерип жаттык. Соңку ирет 4-ноябрда текшердик. Селитранын заводдогу эле акыбалы, заводдогу көрсөткүчтөр турат бардыгы, анын сапатында өзгөрүү жок.
Би-Би-Си: Бирок баарыбир бүтө турган мөөнөтү болот да. Ошол качан бүтөт деп көрсөтүлгөн?
Аскарбек Жаныбеков: Эми ал заводдо көрсөтүлгөн мөөнөт 6 ай деп жазылып турат мүшөктө. Биз эксперттерге, заводго, Россияга, көз карандысыз эксперттерге кайрылдык. Мына мындай акыбал болуп жатат десек, эми ал көрсөтүлгөн эле убакыт дешти. Эң негизгиси анын химиялык составы, көрсөткүчү, заводдогу боюнча турат.
Би-Би-Си: Сиз дыйкан болсоңуз, “алынгандан кийин 6 айда мөөнөтү бүтөт экен, азыр мөөнөтү өтүп кетиптир, бирок сапаты өзгөрбөптүр, ала бергиле” десе жеке өзүңүз сатып алат белеңиз чарбаңызга?
Аскарбек Жаныбеков: Мен дыйканчылык кылган адам катары, эгерде жанагыдай баа менен берсе, мен айланайын деп алмакмын.
Би-Би-Си: Сатып ала бересиз?
Аскарбек Жаныбеков: Сатып алмакмын. Себеби мага биринчи сапат, ошол аракетим, экинчи баа.
Би-Би-Си: Кокус кайсы бир саламаттык сактоо мекемеси же уюму, “жок бул мөөнөтү өтүп кетти, зыян” десе кандай болот?
Аскарбек Жаныбеков: Дей албайт, себеби ошонун сапатын тастыктай турган лаборатория анализин берип жатат. Мынакей, заводдон чыккан сапаттынан өзгөрүү жок деп.
Би-Би-Си: Завод өзүнүн логикасына өзү каршы келген жокпу? Анткени 6 ай мөөнөт деп койсо?
Аскарбек Жаныбеков: Ар кандай сактоо шартында да ал. Ошондой деп коюшкан. А мында селитра өзү кургак, шамалдалган, эч бир ным өтпөгөн жерде сакталып турат.
Би-Би-Си: Кайсы бир убакыт өткөндөн кийин, ушул бир туура эмес, жаңылыш чечим болгон, тигил же бул жетекчи жоопко тартылсын десе, эмне болушу мүмкүн?
Аскарбек Жаныбеков: Эми ал убакытта… келет да, ким кандай кылган, ал боюнча биз ошол болгон маалыматтын баарын тактап жүрөбүз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда мал толтура, бирок сырттан эт сатып келмей. Себеби...
Би-Би-Си: Дандан сырткары, Кыргызстандын жайыты укмуш, тоолору керемет деген менен, этти сырттан ташып келет. Канаттуунун эти дагы ташылат. Ушунун өзү эмнеден кабар берет?
Аскарбек Жаныбеков: Жайытыбыз 9 034 000 гектар жер жалыпысы. Ошонун 60%ын колдонуп жүрөбүз. Мал жайганга жарактуу дегеним. Эми бүгүнкү күндө жайытыбыздын акыбалы кандай? Биз ар кандай жол менен, каалаганыбыздай пайдаланылып келип, бүгүнкү күндө жайыттарыбыздын кунардуулугу аябай түшүп кетти. Жазында кеткен малдарыбыз күзүндө илгерки Союз убагындагыдай ынтыгып, семирип келбей эле. Аны көрүп жатасың. Ал чоң өзгөчөлүгүбүз бар эле, артыкчылыгыбыз бар эле, мына андан дагы акырын ажырап баратабыз. Эми тамак-аш коопсуздугунун бир позициясы эт. Туура, кыргыздар, кыргызстандыктар өзүңөр мына жаңы эле 7 миллион болдуңар, эмне үчүн өзүңөрдү эт менен камсыз кыла албай жатасыңар деген суроо да жүйөлүү болот. Эмне үчүн буга чейин ушинтип келдиңер деп. Мунун эң негизги себептерин айтайын, биринчиси Кыргызстандагы айыл-чарба малдарынын бүгүнкү күндөгү өндүрүмдүүлүгү, сапаты, асылдуулугу эң-эң төмөн деңгээлде деп айтсам туура болот.
Эми карап көрөлү. Бизде 1 750000 баш уй баласы бар, 865000 баш уй саалат деп жүрөбүз. Ошондо бир жылда 2034 литр сүт саат алабыз биз, орточо. Ошол эле мезгилде, Европа боюнча 10000 литр, Америка 11000 литр болду, Израиль, чөл-таш деген жерде 11300 литрден ашты. Көрдүңбү, биздеги уйлардын сүттүлүгү эчкиден да кемирээк.
Музоолору бука болгондо мен мисал кылган мамлекеттерде бир жарым жаштагы букасынын тирүүлөй салмагы 600 кг, биздеги буканын тирүү салмагы 200 кг. Мына ушунун эсебинен биздеги өндүрүп жаткан айыл-чарба, малдардын продукциясы да төмөн. Бирок быйыл былтыркыга караганда эттин өндүрүмдүүлүгү көбөйүп, биз өзүбүздү 80% дан 85%га чыктык. Өзүбүздү камсыз кыла баштадык. Жылдын жыйынтыгы менен дагы бир топ көлөм көбөйөт. Менимче биз 85% дан да жогорку көрсөткүчкө барабыз. Эт менен буюрса, эмдиги жылы өзүбүздү камсыздайбыз.
Эт дегенибиз уй менен койдун эле эти эмес, уй, кой, жылкы, канаттуулардын дагы эти эсепке алынат. Биз 2021-жылы 48000 тоннадан ашыгыраак этти импорттоп келдик, 132 тонна экспорттодук. Быйыл дагы ошол көлөмгө келе жатабыз, бирок экспортубуз көбөйдү. Эмне үчүн, себеби бизде 2021-жылы 3 канаттуулар фабрикасы ачылды. Алар эт багытындагы канаттууларды өстүргөн фабрикалар. Биз азыр өзүбүзүдү өзүбүз камсыз кыла баштадык эт менен, канаттуулардын эти менен. Этти буюрса, кыргыздар өздөрүнө өзү жеткирип өндүрөт дегенге эмдиги жылы чыгабыз буюрса.
Би-Би-Си: Турмуштун, базардын бир чындыгы бар. Ким кайсы бир тармактан киреше таап жатса башкасы дагы ошого ыктайт. Малчылардын баары азыр сизди угуп же сиздин угуп ээрчип кетпей турганы анык. Ошондой шартта сиз баарына үлгү кылып Израилди, Европаны мисал тартып жатасыз. Ошондой өрнөк көрсөтө турган чарбаны түзүп, же ошого үлгү болуп бердиңизби?
Аскарбек Жаныбеков: Өзүң билгендей мен мурда дагы 12-жылы [2012-жыл] министр болуп иштегенмин. Ошондо мен кетип жатканда өзүң өңдүү журналисттер “сиз эми эмне иш кыласыз” деп сураган эле. Мен ошондо айткам, кыргыз элине пайда келтириш үчүн министр болуш милдет эмес, мен ушул багытта иш кыламын дегем. Мына ошондон бери Кыргызстандагы айыл-чарбасынын кичинекей моделин заманбап технологиялар менен иштеткендей кылып түзгөм. Ошол жерде көп жылдардан бери дыйкандарды окутуп жүрөм, кайра экинчи жолу келгенге чейин ошол ишти кылып жүрдүм. Алдыңкы технологияларга умтулдук. Сен айткан азыркы асыл тукум малдарды элдин болбойт дегенине карабай Америкадан алдырып келип, бактым. Жанагы кара токол букалар делген ангусту эң биринчи болуп мен алдырып келгем.
Маектин видеосун толугу менен бул шилтемеден көрүңүз:












