Улуу Британияда премьер-министрлер эмнеге тез алмаша баштады?

Sunak and the last few prime ministers
    • Author, Джеймс Грегори
    • Role, Би-Би-Си жаңылыктар кызматы

Риши Сунак Улуу Британиянын эки ай ичиндеги үчүнчү жана алты жылдагы бешинчи премьер-министри болуп калды. Бул лидерлердин жүз жылдыктагы эң ыкчам алмашуусу.

2007-жылдан бери жогорку кызматты Гордон Браун, Дэвид Кэмерон, Тереза Мэй, Борис Джонсон, Лиз Трасс ээлеп келди жана азыр бийликте Риши Сунак. Ага чейин 28 жыл ичинде болгону үч эле премьер-министр иштеген — Маргарет Тэтчер, Жон Мейджор жана Тони Блэр.

№ 10 үйдүн каалгасындагы ысымдын бат-бат алмаша баштаганынын себеби эмнеде? Мындай тенденция британ саясаты үчүн норма болуп калабы?

Бул суроого эксперттердин пикирин сурадык.

Short presentational grey line

Аналитикалык борбор башчысы Джилл Раттер 2016-жылы Brexit боюнча добуш берүү британ саясатында соңку алты жылда туруктуу тенденцияны бузган фактор болуп калды дейт.

«Туруксуздук кырдаалды референдум менен Консервативдик партиянын ишинин натыйжасы деп ойлойбуз",-деди ал.

«Дэвид Кэмерон көп жыл премьер-министр болду. Эгерде референдум болбогондо ал 2018-жылга чейин туура жолдо болуп, бийликти же Жордж Осборнго, же Борис Жонсонго өткөрмөк".«Бирок ал референдум жарыялап жыдып калды. Жеңиш үчүн аракет кылбай коюу тактикалык каталык болду".

Кэмерон алты жыл иштегенден кийин анын жолун Тереза Мэй улантты. Ал бийликте үч жыл жана 11 ай болду, анын мураскору Борис Джонсон үч жыл жана 44 күн башкарды.

«Тереза Мэйге кош жүк түштү — 2017-жылдагы шайлоо ийгиликсиз болду жана ал партиясы менен Brexit боюнча келишимге келе албады», — дейт Раттер.

Анын айтымында, консервативдик партия "Борис Жонсон Brexit туңгуюгунан алып чыгат деп ойлогон, бирок анын иштеген ыкмасынын бири анын нормалар менен эрежелерден четтеп кеткени болду. Дал ушул кемчилик анын түбүнө жетти. Министрлер чыдай албай калды. Ошондо алар айласы куруп, башка жактан колдоо издешти".

Раттердин айтымында Лиз Трасстын премьер-министр кызматындагы жети аптага созулган кыска мөөнөтү референдумдун натыйжасы болду.

Вернон Богданор, Лондондогу королдук коллеждин профессору да ушундай ойдо. «Референдум британ саясатын бузуп кетти, — дейт. «Европа менен туура мамиленин көзүн табуу оор маселе болду».

Short presentational grey line

Чынында эле кептин баары Брекситтеби?

Мария университетинин политология профессору Тим Бэйл бул тенденциянын себептери тереңде дейт.

Ал Улуу Британиянын парламенттик системасынын өзгөргөн жагдайын "президенттештирүү" деп атап, партиялык лидерлерге көбүрөөк көңүл бурулганын премьер-министрдин иштөө мөөнөтү азайып кеткенинин бир себеби катары көрөт.

«Шайлоочулар менен саясатчылар партиянын өзүнө караганда лидерлерге абдан көп көңүл бурууда - бул иш туура эмес кетсе, ага лидер жеке жоопкерчилик көтөрөт дегенди билдирет",— дейт ал.«Азыр лидер шайлоодо жеңилген партиясын баштап кетиши кыйын», — деп түшүндүрүп, бирок лейбористтердин мурдагы лидери Джереми Корбин 2017-жылы бул эрежеден сырткары болгонун айтат.

42 жаштагы Риши 200 жылдан ашык мезгилдеги эң жаш премьер-министр болуп калды. 2015-жылы биринчи жолу депутат болуп шайлангандан кийинки жети жыл ичинде эле консервативдик партияда кызматтык өсүш жасады.

«Депутаттар азыр парламентке келгенден кийин бат эле репутацияга ээ боло алат, — дейт профессор Бэйл.«Бул парламенттик саясаттын ыргагын бузду. Мурда ал аябай эле иерархиялуу болчу, азыр депутаттар бат эле өскүсү келет. Эгер иш жылбай атса, анда алар Твиттер менен күнүмдүк жаңылыктар каналына чыгып: "кандайдыр бир өзгөрүү керек" дешет - мына ушундан лидер чыгып жатат".

Former British Prime Ministers Theresa May, John Major, Gordon Brown, Tony Blair, David Cameron and Boris Johnson, and Baroness Scotland arrive for the Accession Council ceremony at St James's Palace, where Britain's King Charles III will be proclaimed Britain's new monarch, following the death of Queen Elizabeth II, in London, Britain September 10, 2022. Joe Giddens/Pool via REUTERS

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чарльз III такка отуруп жатканда мурдакы премьерлер чогулуп сүрөткө түштү.

Профессор Бэйл социалдык жана санарип медианын өнүгүшү дагы шайлоочулардын саясатчыларга болгон мамилесине күчтүү таасир көрсөтүп жатканын айтат.

«Мурда деле саясатчылар кунарсыз болгон эмес»,-дейт ал, - бирок азыркылардай атактуу болушкан эмес. Бул шайлоочулардын саясатка кылган мамилесинен болуп жатат».

Профессор Богданор буга макул эмес. Анын жүйөсүндө Дэвид Ллойд Джордж менен Уинстон Черчиллдин эки дүйнөлүк согуштун убагындагы өкмөттөрү, 19-кылымдагы Уильям Гладстондун жана кечээ жакындагы эле Маргарет Тэтчердин өкмөттөрүн да «президенттик» деп атаса болот.

«Өкмөттөр дайыма президенттик болуп келген, — дейт ал. «Премьер-министрдин бийлиги чынында эле азайды, электоралдык позиция менен кошо ал дагы кетип жатат».

Short presentational grey line

Профессор Богданор эми Сунак мырза чоң туруксуздуктун убагында келгенин айтууда.

«Жакынкы эки жылда аны кетирет деп ойлобойм. Экономикалык кыйынчылыктар болот, бирок кезектеги шайлоого чейин консерваторлордун эки жылы бар».

Бирок Лондондун экономика мектебинин политология жана мамлекеттик саясат боюнча ардактуу профессору Патрик Данливи шайлоо эки жылга жетпей эле болот деп эсептейт.

«Эки жыл ишеним бере турган мөөнөт деп ойлобойм», — дейт ал келерки жылы боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана коомдук пикирди сурамжылоодогу рейтинг кандай болорун эске алып.

Профессор Данливи вестминистр түрүндөгү башка системаларда дагы проблема болуп жатканын айтууда. Мисалы, парламенттик система болуп саналган Австралияда 12 жылда тогуз премьер-министр алмашты. Ошондон улам Австралия «Демократиялык дүйнөдөгү төңкөрүштөрдүн борбору» деген атка конду.

Парламенттик партиянын мүчөлөрү лидер туура эмес жол менен кеткенин сезе баштаганда же шайлоодо берген убадасын аткарбай жатканда, анын позициясын колдогондор азайганда лидерлердин алмашуусуна алып келүүдө.

«Консервативдик партия шайлоо алдындагы операцияларга толук масштабда эле өттү. 2016-жылы Кэмеронго кыйын болду, Мэйге каршы да пайдаланышты — биринчисинде ал өтүп кетти, андан кийин кетишке аргасыз болду—Бориске дагы, андан кийин Труска каршы да пайдаланылды», — дейт проф Данливи.