Черчиллдин көсөмдүгү жана бийликтин текеберчилиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Алмаз Кулматов,
- Role, коомдук ишмер
Мындан туура 75 жыл мурда, 7-мартта Уинстон Черчилль Американын президенти Гарри Трумэндин коштоосунда Фултон шаарчасындагы Вестминстер коллежине келип, чай кайнам убакытка созулган лекция окуган.
Бул анын Америка коомчулугуна биринчи лекциясы эмес эле. Черчилль 1929-жылдан 1939-жылга чейин кызматсыз калган кезинде Кошмо Штаттарга тез-тез каттап, лекцияларды окуп, тарыхый, адабий, публицистикалык чыгармаларды жазуу менен алектенген. Анын чыгармалары кийин, 1948-жылы Нобель сыйлыгына татыган. Ал эми бул жолку келишинде согуштан кийинки дүйнө тагдырына арнап сөз сүйлөгөн.
Черчиллдин Вестминстер коллежиндеги 15 мүнөттүк ошол кебинде кылым бою адамзатты түйшөлтө турган маселелерди козголгон. Ал эскерткен проблемалар реалдуулукка айланып, аны кооптондурган коркунучтар алигиче актуалдуу. "Адамзат эми согушту көтөрө албайт, согуштаган жабыркаган миллиондогон адамдардын камын бирге көрөлү, тиранияга жол берилсе адамзат умтулган демократиялык, укуктук, маданий дөөлөттөр кыйрайт" деп эскерткен экен кайран киши.
Дүйнөнүн экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки келбетин даана сыпаттап, эми эмне болоорун болжоп айткан, эмне кылуу керек экендигин керээздеп айткан. Айрымдар кансыз согушту Черчилль баштаган деген ойдон да алыс эмес.
"Балтикада Штеттинден, Адриатикада Трестага чейин темир көшөгө жабылды, Ал Борбордук жана Чыгыш Европанын байыркы ордо калаалары темир тордун артында калды. Варшава, Берлин, Прага, Вна, Будапешт, Белград, Бухарест жана София - ушул атактуу шаарлар советтик бийлигинин таасиринде" деген үч сүйлөмдү гана контекстен сууруп алып, калган сөзүнүн маанисин бурмаланып, антагонисттик эки системанын айыгышып кармашынын, кансыз согуштун автору Черчилль деген аныктама азыркыга чейин күчүндө. Жок. Экинчи дүйнөлүк согушту ал баштаган эмес, бирок отузунчу жылдардын ортосунда эле согуш болоорун көзу ачыктай эле так айтса, кансыз согуш башталганын да ошондой эле таамай айткан. Ал дүйнөнүн кайда баратканын туура баамдап, окуялардын генезиси менен натыйжасын терең түшүнгөн, келечекти болжой билген акылман инсан, чоң интеллектуал саясатчы, гениалдуу стратег болгон.
Гитлер бийликке келгенде Батыш Европанын бир катар өлкөлөрү, анын арасында англис өкмөтү балким тоотпой, балким энөөлүк кылып, тил табышабыз, кесепети тийбейт деп бейкапар мамиле жасаганда Черчилль амбициясы күч бул саясатчы, балакеттин баарын баштаганы турат, дүйнөлүк согуш босого кирип келди, коммунисттик режим деп СССРди жектебей, аны менен биригели, эмитен Германияны ооздуктабасак болбойт деп чакырган Англиянын менен Европанын лидерлерин. Эгер эмитен коркунучка каршы чогуу аракеттенбесек анда эртең дүйнөлүк согушка даярданышыбыз туура келет, ал согушта да Германияга каршы турбасак баарыбызды бир-бирден жайлайт деп эскерткен. Бир эле айтып тим калган эмес, макалаларында, ар кайсы аудитория менен жолугушууларында, саясатчыларга жазган каттарында, Британ парламентине жолдогон билдирүүлөрүндө кайра-кайра эскертип, өз оюнун тууралыгына ынандырыш үчүн улам жаңы жүйөлөрдү бийлик башындагылардын алдына жайган.
Кедерине кетээр, эли-журтун азапка салаар бийликтегилердин трагедиясы ушунда, өзүнөн башка кишини укпай, манчыркап, биротоло акыл-эстен ажырап калат окшойт. Не Европанын калган өлкөлөрү, не бир кездеги үзөнгүлөштөрү Рэмси Макдональд, Стенли Болдуин жана Невилл Чемберлен жетектеген министрлер кабинети көңүл бурган эмес, тилекке каршы. Ушундай эле кырдаалга согуштун алдында Шарль де Голль туш болгон. Француз армиясы алсыз, танк, артиллерия, аскер-аба күчтөрү келечектеги согушта чечүүчү роль ойнойт деген докладдарын, баяндамаларын Франциянын өкмөтү четке кагып, каяктагы согуш, кайсыны айтып жатат бул генерал дегенчелик кылып, ырыс кесер мамиле кылган. Француз аскер жетекчилиги дасыккан генералдын кеңешин укпай, саясий жетекчилиги текеберлик кылган.
Британиянын расмий бийлиги да Гитлер Европадагы жана калган дүйнөдөгү стабилдүүлүккө коркунуч жаратат, амбициясы күч бул инсан бизди азапка салат, эмитен бирге каршы туралы, даярданалы деген Черчиллдин сөзүнө кулак салган эмес. Черчиллдин айтканы бир нече жылдан соң чындыкка айланды, бирок кубаттанып алган Гитлер бейкапар Европаны аралай чаап, кечиккен Францияны бат эле уйпалап, Англияга мөндүрдөй кылып ок атып, жамгырдай кылып жаа атып жүдөткөн. Ошентип адамзат тарыхындагы эң оор трагедияга айланган экинчи дүйнөлүк согуштун болоорун алда канча мурда билген, болтурбай коюунун жолун билген Черчилль 1946-жылы эми алдыда дүйнө эки лагерге бөлүнүп, элдешкис душманга айланганы турат деп эскерткен экен, кайран киши.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Фултондогу лекциясында Черчилль эгер Америка менен Батыш Европа СССРге кол сунбаса, дүйнөлүк маселелерди аны менен бирге чечүүгө аракеттенбесе, анда бир тарабы Америка менен Батыш Европа, экинчи тарабы СССР жана Чыгыш Европа, Азиянын айрым мамлекеттери болуп эки лагерге бөлүнүп, бири бирин кас душман деп эсептеп, адамзатты түйшүккө сала турганын бекем айткан. Экинчиден, дүйнөлүк державалар дүйнөдөгү жоопкерчилигин сезүүгө тийиш, адамзаттын кас душманы тирания экенин, ага англис-америка тилдүүлөр биригип алып каршы турууга тийиш, Бириккен Улуттар Уюмун чыныгы эл аралык таасирдүү институтка айландыруу зарыл, ар кандай проблемаларды биргелешип чечпесе адамзат кечээ эле башынан кечирген трагедияга кайра туш болот деп керээздеген.
СССР согушту каалабайт, бирок таасирин арттырууга жана доктринасын (социалисттик идеологияны) жайылтууга аракет кылат, ошондуктан согушту болтурбоого жана демократия менен эркиндикке шарт түзүүгө чогуу аракеттин зарылдыгын белилеген. Анда да угулбады Черчиллдин сөзү, укпады бийликтегилер. Черчилди жанында жүргөн президент Трумэн да укпаптыр, а тургай өчөшкөнсүп андан көп узабай СССР менен кармашты күчөткөн, АКШнын үстөмдүгүн орнотууга багытталган доктрина жарыялайт. Черчилдин ошол сөзүнө кулак төшөбөгөн мамлекет башчыларынын оргу-баргы, өзүм билемдик саясатынын айынан дүйнө нечендеген кризисти башынан кечирди (Кариб кризиси ж.б.). Жарыша куралдануу күч алды, а тургай өзөктүк бомбага ээ мамлекеттер ушул куралды колдонуудан кайра тартпай турганын билдиришти.
Эң коркунучтуу куралдар пайда болду, ага мамлекеттердин армиясы гана эмес, террористтик, кылмыштуу топтор да ээлик кыла баштады. Мисалы, учкучу жок учуучу аппараттар, же аскерий тилде камикадзе дрон-аткычтардын жана бомбалагычтардын 1998-жылы бир-эки эле түрү болсо, 2003-2010-жылдар аралыгында алардын онго жакын түрү, 2016-жылы эле жети түрү согуштук техникалардын рыногуна чыгарылган. Берлин дубалы кулап, СССР ыдырап, социалисттик лагерь жоюлуп, Чыгыш Европадагы социалисттик мамлекеттер Батыштын кучагына кирди. Дүйнө андан бери кыйла өзгөрдү. Коммунизмди идеология тутканды койдук, эски социалисттик баалуулуктарды айрымдарын сактап, саясий режимдин элементтерин мурастап калган мамлекеттер саналуу гана калды.
Кытай, Түндүк Корея, Куба, Венесуэла сыяктуу өлкөлөр шарттуу түрдө гана эски социалисттик түзүлүштү элестетет. Коммунизмге каршы деп башталган айыгышкан кармаш али токтогону жок. Башка өңүттө кайра күч алды, мазмуну байыды, форматы кеӊейди. Эч нерсеге карабастан кармашаарын кыйытмак тургай, ачык жарыялап да келишет. Орусия, Кытай бир тарабы, Америка менен Европа экинчи тарабы болуп жаңы тирешке аттанганын кай жагын караба даана байкалып турат. Индия, Пакистан сыяктуу калкынын саны арбын, аймагы кенен, экономикалык потенциалы жетиштүү өзөктүк державалар да бир кезде үн катышы мүмкүн. Соңку эки жыл ичиндеги окуялар, дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтар, аналитикалык изилдөөлөр жана отчеттор ушул эки тараптын атаандаштыгынын тигил же бул жагдайына арналып келет.
Ири державалар Черчилль айткандай дүйнөдөгү эркиндик жана демократия үчүн бирге аракеттенмек тургай, тескерсинче адам эркиндигине, коопсуздугуна шек келтирип, жашоого акысын тартып алып, ар кайсы өлкөдөгү конфликттерди жаратты, согуш жаңжалы басылбады, дүйнөдөгү калктын теңинен көбү жакырчылыктан башы чыкпады. Соӊку 20 жыл ичиндеги конфликттер, кыйраган мамлекеттер, миллиондогон качкындар сыяктуу проблемалар ошол каржалган, чабылып-чачылган мамлекеттердин жалаӊ ички проблемасынан улам чыкканы жок. Тышкы державалардын кармашы, атаандаштыгы проблемаларды чечмек тургай күчөттү.
Кыйынчылык, оорчулук адамдардын башын бириктирет, эсине келтирет деген социалдык психологиянын теориясы глобалдык масштабда ишгтебейт көрүнөт. Чочуламыш этип, кокуй жапырт күрөшөлү деген сөздөр айтылганы менен, пандемия да бириктирбеди. Кайра күчөгөндөй. А тургай таажылуу илдетти да айрым державалар атаандаштыктын куралына, бизнесмендер баюунун жолуна айлантты. Пандемия жакыр-кедейди теӊеп койду дегендер да болгон. Жок, андай болбоптур. Теӊебептир, теӊелгиси жок экен дүйнөнүн байлыгынын 90 пайызына ээлик кылган 1 % байлар бар дөөлөтүн тарттырып, ырыскысын колунан жулдуруп жиберген кедей мамлекеттердин жакыр, бечара калкы менен.
75 жыл мурда көсөм Уинстон Черчилль Вестминстр коллежиндеги сөзүндө дүйнөнүн эгеси болгусу келгендерге: "Биз байкабай же көрбөй калгандан кыйынчылык менен коркунуч жок болуп кетпейт. Өзүнөн өзү чечилип калаар деп отура бергенден проблема жоюлбайт. Күчөйт, дарт ырбайт. Жөнгө салыш керек",- деп эскерткен экен. Глобал дүйнөдө курчуган прлемаларды акыл калчап чечүү максатында дүйнө лидерлеринин түйшөлмөгү, бийлик башындагылардын, кубаттуу державалардын өзүнөн башка кишилердин кебине кулак салмагы зарыл бейм.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.













