Канзаада Филипптин мурда жарыяланбаган үй-бүлөлүк сүрөттөрү

Королева Елизавета II жолдошу Эдинбург герцогу чөбөрөлөрү менен. Солдон оңго: канзаада Жорж, королеванын алдында олтурган канзаада Луи, Саванна Филлипс (артта турат), канайым Шарлот, Эдинбург герцогу, Айла Филлипс болсо Лени Тинделлди кармап олтурат жана Миа Тинделл.

Сүрөттүн булагы, Duchess of Cambridge

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизавета II жолдошу Эдинбург герцогу чөбөрөлөрү менен.

Британдык королдук үй-бүлө мүчөлөрү Эдинбург герцогунун жакындары менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Королева Елизавета II жолдошу канзаада Филипп 9-апрелде дүйнө салды. Ал эки айдан кийин 100 жашын белгилемек. Сүрөттөрдү үй-бүлөсү, Букингем сарайынын басма сөз кызматы коомдук сайттардагы баракчасына жарыялашты.

Королева, Эдинбург герцогу жана канзаада Уильям жубайы, балдары менен. Виндзор, 2015-жыл

Сүрөттүн булагы, Kensington Palace

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева, Эдинбург герцогу жана канзаада Уильям жубайы, балдары менен. Виндзор, 2015-жыл
Эдинбург герцогу уулу Чарльз менен поло ойноп жаткан учуру. 1966-жылы тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Clarence House

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эдинбург герцогу уулу Чарльз менен поло ойноп жаткан учуру. 1966-жылы тартылган сүрөт

Сүрөттөрдүн автордук укугу корголгон