Елизавета II таянычы жана үмүтү болгон канзаада Филипп

Принц Филипп, герцог Эдинбургский

Сүрөттүн булагы, Terry O'Neill/Getty Images

Канзаада Филипп, Эдинбург герцогу алтымыш жылдан ашык убакыт бою Елизавета экинчиге берилип, бекем колдоо көрсөткөндүгү менен зор сый-урматка татыктуу болду.

Чынында бул абдан татаал роль болду, айрыкча деңиз офицерине, күчтүү мүнөзү, көп маселелер боюнча өзүнүн принципиалдуу позициясы бар адамга оңой болгон жок.

Дал ушул эркинин күчтүүлүгүнөн ал канзаада-консорттун милдеттерин ийгиликтүү аткарды жана өзүнүн жубайынын монархиялык ишин жүргүзүүгө орчундуу колдоо көрсөтө алды.

Улуу Британиянын королевасынын өмүрлүк жолдошунун конституциялык ролу жок, бирок ондогон жылдар бою монархия институтуна анчалык жакын жана чоң таасири бар башка эч ким болгон жок.

Николай биринчинин тукуму

Канзаада Филипп 1921-жылы 10-июнда гректердин Корфу аралында төрөлгөн, бирок анын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктө жазылган убак 1921-жыл 28-май деп турат, анткени Греция ошол убакта Григориан календарына өтө элек эле.

Анын атасы Андрей, Грек жана Дат канзаадасы, Грециянын королу Георг биринчинин уулу эле. Канзаада Филипптин чоң энеси Георг биринчинин жубайы, император Николай биринчинин небереси Ольга Константиновна Романова.

Филипптин энеси канбийке Алиса Баттенбергская, ал канзаада Людвиг Баттенбергдин, кийин лорд Маунтбеттендин кызы. Канбийке Алиса королева Викториянын чөбөрөсү.

Принц Филипп в младенчестве на руках у матери

Сүрөттүн булагы, Royal Collection

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Филипптин апасы канбийке Алиса королева Викториянын чөбөрөсү

1922-жылы мамлекеттик төңкөрүштө революциялык сот канзаада Андрейди үй-бүлөсү менен Грециядан кууп жиберет. Анын үч ата өтүшкөн тууганы Георг IV британдык аскердик кеме жиберип, анын үй-бүлөсүн грек аралынан Францияга алып кетет. Ымыркай Филипп ошол кемедеги сапарда апелсиндин бошогон жашигинен жасалган жасалма бешикте жаткан экен.

Ал үй-бүлөдө эң кенжеси жана жалгыз эркек бала болуп, сүйүктүү камкор эжелеринин мээримине бөлөнүп өстү.

Филипп биринчи жолу мектепке Франциядан барды, бирок аны жети жашында Англияга алып кетишип, Суррей графчылыгындагы Маунтбеттендердин туугандарыныкына калтырып коюшат.

Ошол убакта анын энесинин шизофрения оорусу аныкталып, өзүнчө жабык жайга алып кетишкендиктен, Филипп аны дээрлик көргөн жок.

1933-жылы 12 жаштагы Филиппти Германиядагы Schule Schloss Salem мектеп-пансионуна жиберишет, аны ошол убактагы атактуу педагог Курт Хан жетектеп турган. Бирок бир нече айдан кийин Хан улуту еврей болгондуктан нацисттердин куугунтугунан качууга аргасыз болот.

Хан Шотландияга көчүп кетип, ошол жакта Гордонстоунда мектеп ачып, Филиппти ошол жакка чакырып алат.

Гордонстоундагы тартип спартандардын режиминдей эле, эркти чыңдоого жана өз алдынчалыкка чоң көңүл бурушчу. Бул ата-энесинен алыс жашаган өспүрүмгө эң туура келген тарбия болуп калды.

Фронттогу кабарлардан аты угулган

Экинчи дүйнөлүк согуш жакындап келаткан эле, ошондо Филипп аскердик кызматка барууну чечти. Ал адегенде британдык аскер-аба күчтөрүндө кызмат өтөгүсү келген, бирок өзүнүн апасынын үй-бүлөсүнүн салтын улантып, Дартмуттагы королдук аскер-деңиз колледжинин курсанты болуп калат.

Корол Георг VI ушул коллежге барган убакта Филипп тапшырма алып, эки жаш канбийке Елизавета менен Маргаретти коштоп жүргөн экен. Күбөлөрдүн айтымында, Филипп алардын купулуна толуш үчүн бардык аракетин көргөн экен. Анын бул аракети текке кетпеди, 13 жаштагы Елизаветанын жан дүйнөсүнөн бул кездешүү терең орун алды.

Филипп коллеждеги эң мыкты курсант болуп таанылган, аны артыкчылык менен аяктап, 1940-жылы январда биринчи жолу Индия океанындагы согушка катышкан.

Канзаада Филипп (солдо) Гордонстоунда спектаклдерди көргөндү жактырчу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канзаада Филипп (солдо) Гордонстоунда спектаклдерди көргөндү жактырчу

Жер Ортолук деңизиндеги "Вэлиент" линкорунда кызмат өтөп жатканда анын 1941-жылы Матапандагы салгылашууга катышканы жөнүндө аскердик кабарларда айтылган.

Ал корабелдик прожекторлор үчүн жооп бергендиктен түнкү салгылашууда маанилүү иш аткарды. "Мен дагы бир кемени көрүп калдым, анын борбордук бөлүгү жарык болуп туруп, 15-дюймдук замбиректен удаа-удаа аткыланганда көз ачып-жумгуча жок болду",-деп эскерген эле.

1942-жылы октябрда "Уоллес" (HMS Wallace) аскердик кемесинде кызмат кылган убакта королдук флоттогу кемелердин командиринин эң жаш жардамчысы эле.

Ошол мезгилде ал жаш канбийке Елизавета менен тынбай кат алышып турду, аны бош убактысын королдук үй-бүлө менен бирге өткөрүүгө бир нече жолу чакырышкан.

Ошондой жолугушуулардан кийин бир жолу 1943-жылы Рождество майрамында Елизавета өзүнүн столуна Филипптин аскер-деңиз формасын кийип түшкөн сүрөтүн коюп алганы айтылат.

Алардын мамилеси согуштан кийин тыгыз боло баштайт, анткен менен бул жакындашуу королдук үй-бүлөнүн айрым чөйрөсүнө жаккан эмес. Королдун чөйрөсүндөгү бирөө Филиппти "орой жана тарбиясыз" деп атаган экен. Бирок жаш канбийкенин жүрөгүн сүйүү арбап алган эле, ошентип 1946-жылы Филипп королдон анын кызынын колун сурайт.

Филипп аскердик кызматты эң мыкты өтөп келген учуру

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Филипп аскердик кызматты эң мыкты өтөп келген учуру

Бирок дароо эле бир шарт коюлду: алардын үйлөнүүсү жарыяланардан мурда канзаада өзүнүн жарандыгы менен фамилиясын алмаштырууга тийиш эле.

Ал өзүнүн грек титулунан баш тартпады, бирок британ жарандыгын алып, энеси Маунтбеттендин фамилиясына көчтү.

Нике кыюу салтанаты болордон бир күн мурда Георг VI Филиппке королдук титул ыйгарды, ал эми той болгон күнү ал Эдинбург герцогу, Мерионет графы жана Гринвич барону болуп калды. Үйлөнүү тою 1947-жылы 20-ноябрда Вестминистр аббаттыгында өттү. Ошол той, Уинстон Чечилл айтып кеткендей, Британиянын согуштан кийинки түнөргөн жашоосуна жарык чачкан "түркүн түстүү нур" болуп калды.

Үзгүлтүккө учураган карьера

Герцог аскердик кызматынан кайтып келгенден кийин Мальтага жөнөтүлгөн. Бир канча мезгил кадимки аскер кызматкеринин турмушун жашады. Алардын тун уулу канзаада Чарльз 1948-жылы Букингем сарайында жарык дүйнөгө келген. 1950-жылы кызы канайым Анна төрөлдү.

1950-жылы 2-сентябрда Филипп деңиз офицерлеринин кыялы болгон максатын ишке ашырып, "Мэгпай" (HMS Magpie) кемесинин капитаны болду. Ал мезгилде 29 жашка толгон курагы эле. Бирок анын аскердик карьерасы мына-мына аягына чыга турган абалда эле. Анткени ден-соолугуна байланыштуу Георг алтынчынын королдук милдеттеринин көбү канайым Елизаветага жүктөлгөн. Ал болсо күйөөсүнүн колдоосуна муктаж болду.

Принцесса Елизавета менен принц Филипп

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алардын үйлөнүү тоюн Уинстон Чечилл Британиянын согуштан кийинки түнөргөн жашоосуна жарык чачкан "түркүн түстүү нур" болуп калды деп айткан

Филипп 1951-жылы отставкага кетип, кийин Аскер-деңиз күчтөрүнө кайрылып келген эмес. Герцог өткөнүнө өкүнө берген кишилерден эмес болчу. Ошентсе дагы кийин Аскер-деңиз флотунда кызматын уланта албай калганына ичи ачышканын моюнуна алган.

Анын замандаштары Филипп бардык параметрлери боюнча Королдук флоттун башына келе турган аскер адамы эле деп айтышат. Бирок аны башка тагдыр күтүп турган.

Жаңы роль

1952-жылы Елизавета менен Филипп Шериктештик өлкөлөрүнө сапарга аттанган. Дал ушул сапар учурунда королдун каза тапканы тууралуу кабар келген. Филипп бул кайгылуу кабарды аялына өзү угузду.

Аялы такка олтургандан кийин Филипп тез арада өзүнүн жаңы ролун табышы керек болду. Такка олтургузуу салтанатынын алдында Филипп королевадан кийинки эле улук киши катары жарыяланган. Бирок анын бийлик жүргүзө турган ыйгарым укуктары болбойт.

Канзаада Филипп жубайы королева Елизавета экинчини такка олтургузуу салтанатында

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канзаада Филипп жубайы королева Елизавета экинчини такка олтургузуу салтанатында

Анын бууркан-шаркан түшкөн энергиясынын көбү социалдык активдүү жашоого багытталды.

Королева менен канзаада Филипп, 1953-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева менен канзаада Филипп, 1953-жыл

Королеванын балдарына Маунтбеттен эмес, Виндзор деген фамилияны берүү чечими канзаада Филиппке катуу сокку болгон.

Баласы менен мамилеси

Ата катары канзаада Филипп корс, орой эле. Чарльздын биографы кичинекей канзаада атасы башкалардын көзүнчө урушканын айтып ыйлаганын эскерет.

Чарльз менен атасынын мамилеси оор болчу. Филипп баласы канзаада Чарльз дагы өзү окуган Гордонстоундогу эски мектепте окушун каалаган. Катаал режимдеги мектеп баланын мүнөзүн өзгөртөт деп ишенген. Бирок тактынын кичинекей мураскери мектепти жек көргөн. Үйүн сагынып кусаланып, көп учурда классташтарынын кемсинтүү жана шылдыңына кабылган.

Принц Чарльз атасы менен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Принц Чарльз атасы менен

Бир жагынан Филипптин чөйрөсүндөгүлөргө катаал мамилесин анын оор, жалгыздыкта өткөн балалыгынан улам деп айтышат. Боконосу ката электе эле өз алдынча болуп, эрте жетилди. Кийин акыл токтоткондо башкалар эмнеге мындай эрктүү эмес деп, таптакыр түшүнө алган эмес.

Канзааданын ишмердүүлүгүнүн бир бутагы жаштарга кам көрүү болгонуна карабай өзүнүн балдары менен тил табышуу оор болду.

Табиятка кам көрүү

Канзаада Филипп табиятты сүйүп, аны коргоого өмүр бою чоң маани берип келген. Королдук саякаттарынын көбү дагы ошого арналган эле.

Анын бул багыттагы ишмердүүлүгү башталгандан тарта эле тукум-курут болуп жоголуу коркунчуна туш болгон жаныбарларды сактап калууга басым жасаган.

Канзаада Филипп 1981-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаратылышты коргоо фондунун президенти болушу дагы жөн жерден эмес. Ал көптөгөн демилгелерге ынтызарлык менен киришип, жан дилин берип аткарчу.

Принц Филипп пил үстүндө

Сүрөттүн булагы, PA

Бирок өмүр бою анын аброюна шек келтирген бир окуя болгон - 1960-жылы королева менен Индияга сапарында аңчылык учурунда бир жолборсту атып алган. Эл аралык коомчулук бул окуяны катуу сынга алат. Ошол атылган жолборстун сүрөтү бул маселени андан бетер курчуткан. Жолборстор учурда сейрек кездешкен жаныбар болгону менен ал убакта андай эсептелчү эмес.

Британияда түлкүгө аңчылыкты токтотуу тууралуу талкуулары жүрүп жатканда канзаада Филип аңчыларды колдогон.Мунусу дагы жаратылышты коргоочуларга жага берген эмес.

Бирок канзааданын көп маселелер боюнча көз караштары коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болду. Дүйнөлүк жаратылыш фонду планетадагы токойлордун келечеги боюнча кеңири өнөктүктөрдү жүргүздү. Фонддун атынан канзаада Филипп океандардын акыбалы, ашыкча балык уулоо маселесин көтөрдү.

20 жыл иштегенден кийин канзаада Филипп фонддун президенти кызматынан кеткен. Бирок ал өзүнө мүнөздүү ыкмада ишин активдүү улантты. Жаратылышты коргоо жаатында иш алып баргандар канзааданын өнөктүктөрдү берилүү менен жүргүзгөнүн көпкө дейре эстешет.

Принц Филипп Jaguar XKSS машинеси

Сүрөттүн булагы, PA

Анын ачык-айрым айтылган билдирүүлөрү кээде оройлук катары кабыл алынып, кайра өзүнө мүшкүл болгон учурлар бар. Өзгөчө чет өлкөлүк иш сапарлары учурунда ушундай окуялар болгон. Ошондон улам ага кырдаалды туура баалай албаган адам деген репутация жармашкан.

Мындай осолдук жараткан абал 1986-жылы королева Елизавета менен Кытайга мамлекеттик сапар менен барганда болгон. Анын "жымшык көздүү" деп айтып алганын британиялык таблоиддер чуу көтөрүп жазышкан. Бирок Кытайдын өзүндө буга эч ким деле көңүл бурган эмес.

2002-жылы Австралияга сапары учурунда жергиликтүү бизнесмендерге: "Силер бири-бириңерге дагы деле найза ыргытасыңарбы?",-деп айтып алганы бар.

Принц Филипп

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канзаада Филипп поло ойногонду өзгөчө жактырчу

Айрымдар канзаада Филипптин мындай сөздөрүн сындаган менен, башкалар муну герцогдун жеке пикири катары баалашкан. Ошол эле учурда мындай балп этме сөздөрүн чыңалган абалды күлкү менен жайгаруу аракети катары көрүшкөн.

Канзаада Филипп өмүр бою спорт менен алектенди. Ал сууда сүзүп, крикет жана поло ойноп, ат минчү. Көп жылдар Ат спорту боюнча эл аралык федерациянын президенти болуп турду.

Көп жылдар Ат спорту боюнча эл аралык федерациянын президенти болуп турду

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көп жылдар Ат спорту боюнча эл аралык федерациянын президенти болуп турду

Коомдук милдеттерин токтотуу

2017-жылдын августунда Букингем сарайы королева Елизаветанын күйөөсү Эдинбург герцогу, канзаада Филипп расмий иш чараларга катышуу менен байланышкан милдеттерин аткарууну токтотот деп жарыя кылган.

Букингем сарайынын эсебинде 1952-жылдан баштап ал өз алдынча 22 219 иш чарага катышкан. Королеваны коштоп барган иш чаралары өзүнчө.

Эдинбург герцогу, канзаада Филипп бекем көз карашы бар, өз алдынча жана эрктүү киши болгон. Тагдырына жазып, британ коомунун көңүл борборунда турду.

Королева Елизавета менен канзаада Филипп 1947-жылы баш кошуп, жетимиш жыл чогуу өмүр сүрдү

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизавета менен канзаада Филипп 1947-жылы баш кошуп, жетимиш жыл чогуу өмүр сүрдү

Ал тубаса лидер болсо дагы дайыма экинчи ролдо жүрүүгө туура келди. Бирок анын темпераменти кээде талаптарды аттап кетип, коомдук абалына карабай эрежеге сыйбай кетер эле. Ошого карабастан анын өлкөсүнө жана элине, британ монархиясынын жаңы доордогу ишмердүүлүгүнө сиңирген эмгеги, ролу чоң болду. Королева Елизавета экинчиге моралдык жактан дайыма колдоо көрсөтүп, тирек болуп турду.

Елизавета II жолдошун "менин үмүтүм, таянычым" болду деп айтканы бар.

"Мен жана биздин үй-бүлөбүз, биздин өлкө жана башка көптөгөн мамлекеттер анын алдында карыздарбыз",-деген королева.

Лейтенант Филипп Маунтбеттен, 1947-жыл

Сүрөттүн булагы, Keystone / Eyevine

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лейтенант Филипп Маунтбеттен, 1947-жыл

*