Британияда ишемби күнгө чейин аза күтүү жарыяланды

цветы у стен Виндзорского замка

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Виндзор сарайынын алдына жергиликтүүлөр гүл коюп кетүүдө

Дүйшөмбү күнү Улуу Британиянын саясатчылары парламентте чогулуп, видео байланыш аркылуу Эдинбург герцогу канзаада Филипптин дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтышат.

Ага чейин Өкүлдөр палатасы менен Лорддор палатасы, Шотландиянын парламенти жана Уэльс менен Түндүк Ирландиянын Ассамблеясы кезексиз жыйынга чогулат.

Жергиликтүү басылмалар королева Елизавета II 73 жыл бою бирге өмүр сүргөн жолдошу кайтыш болгону "орду толгус чоң боштукту калтырды" деп айтканы тууралуу жазып чыгышты. Канзаада Филипп менен королева Елизавета 1947-жылы баш кошкон. Ушундан беш жылдан кийин Елизавета королева катары такка олтурган. Алардын ортосунда төрт бала, сегиз небере жана 10 чөбөрөсү бар эле.

Видеонун түшүндүрмөсү, Королеванын жолдошу канзаада Филипп 99 жашында дүйнө салды

Канзаада Филипп алтымыш жылдан ашык убакыт бою Елизавета II берилип, бекем колдоо көрсөткөндүгү менен зор сый-урматка ээ болгон. Улуу Британиянын королевасынын өмүрлүк жолдошунун конституциялык ролу жок, бирок ондогон жылдар бою монархия институтуна анчалык жакын жана чоң таасири бар башка эч ким болгон жок.

Британияда канзаада Филипп жерге берилгенге чейин аза күтүү жарыяланды. Эдинбург герцогу ишемби күнү Виндзор сарайындагы Ыйык Георгий чиркөөсүндө жерге берилет. Королдук үй-бүлө табыттын артынан басып, чиркөөдөгү жөрөлгө башталардын алдында өлкө боюнча бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланат.