Сот жихадчыларга кошулуп, жарандыктан ажыратылган кыздын кайтып келүүсүнө тыюу салды

Сүрөттүн булагы, PA
Британиянын Жогорку соту Лондондон Сирияга качып, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко кошулган өспүрүм кыздын "жарандыгынан айрылгандыгына даттануу үчүн өлкөгө кайтып келүү" өтүнүчүн канааттандырган жок.
Шамима Бегумдун адвокаттары өспүрүм Британияга кайтпаса, соттук угуу адилетсиз жүрөт деп айткан эле. Ал учурда Сириянын түндүгүндөгү качкындар лагеринде баш калкалап келет.
Шамима 2015-жылы кышында Лондондун чыгышындагы үйүн таштап кетип калган үч окуучунун бири эле. Ошол бойдон алар өз үйүнө кайтып келишкен жок.
Төрт жыл өткөндөн кийин, 2019-жылы февралда Times басылмасынын кабарчысы кош бойлуу Шамиманы Сириядагы Ал-Хол лагеринде кезиктирген. Көрсө, окуучу кыздардын бири Сирияда каза таап, экинчиси дайынсыз кеткен экен. Шамима болсо жихадчылардын бирине турмушка чыккан. Буга чейинки төрөгөн балдары чарчап калган экен.

Шамима Бегум ошол жолугушууда Сирияга кетүү чечимине өкүнбөй турганын, халифат мыйзамдары менен жашоону каалаганын айтып берген.
"Биринчи жолу таштандыда жаткан кишинин алынган башын көргөндө үрөйүм деле учкан жок. Бул кармаш учурунда туткундалып келген жоокердин башы болчу. Исламдын душманынын башы эле",-деген ал. Бегумдун жолдошу Сирияда абакта жатат.
Ушул сыяктуу бир нече маектеринен кийин Британия Шамиманы жарандыгынан ажыратты. Кыздын апасы Бангладештен болгон үчүн Бегумдун жарандык алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок Бангладеш бийлиги мындай кишилерге жарандык берүүгө каалоосу жок экенин туюнткан.
2020-жылдын июлунда апелляциялык инстанциялар акыры анын Британияга кайтып келип, жарандык боюнча сотко даттануусуна уруксат берди. Өкмөт буга каршы чыгып, бул ишти Жогорку Сот карай баштаган. Шамима Бегум британ бийлиги үйүнө кайтып келишине уруксат берет деп үмүттөнгөн.
Бегумдун адвокаты жарандыктан ажыратуу боюнча ИИМ чечимин мыйзамсыз деп айтып келүүдө. Жыйынтыгында ал жарандыгы жок калды жана анын кесепети өлүмгө жана кемсинтүүгө алып келет деген эле адвокат. Министрлик болсо аны Британияга террордук коркунуч катары көрөт.
Шамиманын окуясы британ коомун экиге бөлүп, бир тарабы анын "ИМ" тобунун пропагандасынын курмандыгы болду десе, экинчи тарап аны чоң коркунуч катары көрүүдө. Sun басылмасы аны "ашынган фанат" атап, "британ жеринде ага орун болбошу керек" деп жазган.











