Тоолуу Карабактагы абал: тынчтык келишиминен үч айдан кийин

аскер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Карнеги Фондунун илимий кызматкери Томас де Ваал Тоолуу Карабактагы кырдаал, 44 күнгө созулган согуштан кийинки чечилбей калган дипломатиялык, саясий, экономикалык жана гуманитардык көйгөйлөр тууралуу баяндамасын жарыялады.

Аймак үчүн болгон согуш токтоп, бул жолу жеңген тараптар орун алмашты. Бирок жаңжалдын оту өчпөй, ал дале түтөп турат. Касташкан тараптардын ортосундагы Орусия оор тандоонун алдында калды.

Биз докладдагы негизги маселелерге токтолобуз.

44 күнгө созулган Карабактагы согуш 27-сентябрда тутанган. 10-ноябрда Армения, Азербайжан жана Орусия Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол койду.

Келишимге ылайык, Азербайжан согуш учурунда ээлеген аймактарды өзүнө каратып алды. Андан тышкары Азербайжан биринчи согушта армян күчтөрү ээлеп алган жети районду артка кайтарды.

Бул кыскача документте эч кандай деталдары жок жана көптөгөн пункттары бири-бирине караманча каршы чечмеленүүдө. Маселен, келишимде Армениянын куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү каралган. Бул пункт аткарылдыбы? Баку менен Еревандын жооптору ар башка.

Армян тарап бул пункт Азербайжанга кайтарылып берилген жети районго гана тиешелүү деп эсептейт. Азербайжан болсо армян аскерлери Карабактагы Армения көзөмөлдөгөн жерлерден дагы чыгып кетиши керек деп көшөрүүдө. Ал тургай аймакка бара турган Армения өкмөтүнүн өкүлдөрү дагы Бакудан атайын уруксат алышы керек.

Бул эки тарап үчүн тең принципиалдуу маселе жана тараптарды ынандырган чечимден азырынча үмүт жок.

Видеонун түшүндүрмөсү, “Жан сыздаткан оорудан уктай албайм”: Тоолуу Карабактагы согуштан кийин

Согуш бүттү, туткундар кала берди

Алиев, Пашинян жана Путин кабыл алган келишимдеги маселелердин бири - туткундарды жана согуш талаасында курман болгондордун сөөктөрүн кайтаруу эле. Үч айдан кийин деле бул оор көйгөй бойдон кала берди.

Айрым маалыматтар боюнча жүздөн ашуун армян туткундары Азербайжанда кармалып турат. Ошол эле маалда азербайжандыктар (саны белгисиз) дагы армян туткунунан бошотула элек.

Андан сырткары алтымыштан ашык армян согуш бүткөндөн кийин туткундалган. Бирок Баку аларды туткун катары кайтарып бербей турганын, кылмышкер катары соттой турганын айтты.

БУУ туткундарды мекенине кайтаруу маселеси кечигип жатканын айыптап, Женева конвенциясына ылайык аларды тезинен кайтарып берүүгө чакырды.

Түркия

Түркиянын аскер техникасы, биринчи кезекте дрондору согуш майданында маанилүү ролду ойноду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын аскер техникасы, биринчи кезекте дрондору согуш майданында маанилүү ролду ойноду

10-ноябрдагы келишимде Түркиянын эч кандай ролу жок. Бирок соңку жылдары Түркия дагы аймактык маселелердин негизги катышуучусу болуп калды. Түркиянын аскер техникасы, биринчи кезекте дрондору согуш майданында маанилүү ролду ойноду.

Анкара дагы дипломатиялык жараяндарга катышууга умтулуп, Карабактагы сүйлөшүүлөрдү көп жылдан бери жүргүзүп келе жаткан ЕККУнун Минск тобун кескин сындап чыкты.

Азыркы маалда Түркия Агдамдын жанындагы Орусия менен биргелешкен байкоо борборунда чектелген гана ролду алды. Орусия менен келишимге ылайык, түркиялык өкүлдөр борбордон сыртка чыкпайт, абалды дрондор аркылуу байкоого алып турат.

Эстеликтердин тагдыры

Карабактын түндүк тарабындагы Дадиванк чиркөөсүн орусиялык тынчтык күчтөрү кайтарууга алды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карабактын түндүк тарабындагы Дадиванк чиркөөсүн орусиялык тынчтык күчтөрү кайтарууга алды

Эки элдин ортосундагы кастык тарыхый талаш-тартыштарда да чыгып турат. Согуштун натыйжасында орто кылымдарга таандык көптөгөн армян эстеликтери Азербайжандын карамагына өттү. Карабактын түндүк тарабындагы Дадиванк чиркөөсүн орусиялык тынчтык күчтөрү кайтарууга алды. Бирок башка христиандык монументтердин тагдыры армян жана орус маданият ишмерлерин тынчсыздандырууда.

ЮНЕСКО Карабакка атайын делегация жөнөтүп, кырдаалды жеринен көрүп келүүнү демилгеледи. Бирок расмий Баку буга уруксат берген жок: "Армян күчтөрү басып алган жети райондо түрк жана ислам маданиятынын эстеликтери талкаланып, мазакталып жатканда эл аралык коомчулук каякта эле?" деп суроо салды.

Орусия

Орусиянын тынчтык күчтөрү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Орусиянын тынчтык күчтөрүнүн беш жылдык мандаты аймактагы тынчтыкты сактап турууну көздөйт. Бирок иш жүзүндө орусиялык тынчтык күчтөрүнүн эки миңдей аскери башка көйгөйдүн айлампасына кирип кетти - инфраструктураны калыбына келтирүү жумуштарынан тартып, качкындарга жардам берүү маселесине чейин. Бул милдеттердин баары эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабак бийлиги менен тыгыз кызматташууну талап кылат. Бирок "таанылбаган республиканын" жетекчилерин Баку кылмышкер деп эсептеп, издөө жарыялаган.

Үч тараптуу келишимдин шарттарына ылайык, тынчтыкты сактоо күчтөрү беш жылдык мөөнөт менен келди. Тараптардын макулдугу менен алардын мөөнөтү кайра узартылышы керек. Ошондуктан тынчтык күчтөрү мандатын узартууга Азербайжандын тоскоол болушуна жол бербей иштөөгө тийиш. Карабактын армяндар отурукташкан бөлүгүндө иш алып баруусун улантуу менен Бакунун каарына калбаштын жолун табышы зарыл.

Эл аралык дипломатия

Орусия, АКШ жана Франция тең төрагалык кылган ЕККУнун Минск тобу согушка чейин Карабак боюнча сүйлөшүүлөрдөгү негизги эл аралык аянтча болгон. Мына ушул алкакта көп суроолордун башы ачылышы керек - Тоолуу Карабактын армяндар жыш отурукташкан бөлүгү эмне болот?

Азербайжан эч кандай автономиясыз эле кошулушун талап кылууда. Армения болсо көз карандысыз республика катары таанышыбыз керек деп чакырууда.

Орусия ЕККУнун Минск тобу өз ишин уланта бериши керек деп эсептейт. Бирок анын чыр-чатактын катышуучуларына реалдуу таасирин айтуу кыйын. Анткени келишим Франция, АКШнын катыштыгы жок эле ишке ашты. Андан сырткары Азербайжан Франция армяндарды жактаган позицияда деп эсептейт.

Карабактагы эң негизги гуманитардык көйгөй - инфраструктураны калыбына келтирип, качкындарды артка кайтаруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карабактагы эң негизги гуманитардык көйгөй - инфраструктураны калыбына келтирип, качкындарды артка кайтаруу

Европа эмне кыла алат?

Карабактагы эң негизги гуманитардык көйгөй - инфраструктураны калыбына келтирип, качкындарды артка кайтаруу. Андан сырткары эки элдин чыныгы элдешүүсүнө жетишпесе, тынчтыкты орнотуу мүмкүн эмес.

Экономикалык жардам жана тынчтыкты сактоо үчүн жарандык демилгелерди колдоо маселеси Европа державаларынын жана Европа Биримдигинин түзүмдөрүнүн олуттуу жана узак мөөнөттүү катышуусун талап кылат деп эсептейт Де Ваал.