Карабак: үйлөрүн өрттөп, аймактан чыгып кеткен армяндар

Ереванда согуш курмандыктарын эскерген массалык жүрүш өттү

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ереванда согуш курмандыктарын эскерген массалык жүрүш өттү

Келишимдин шарттары боюнча Карабактагы армян күчтөрү мурда ээлеп алган бир нече аймакты Азербайжанга кайтарып берет. Алардын эң биринчи өтө турганы Келбажар району эки күн мурун кайтарылышы керек эле. Бирок жекшембиде Баку менен Ереван муну 10 күнгө чейин узартууну макулдашты. Анткени жайкын тургундар аймактан чыгып кетүүгө үлгүрбөй калышты. Жолдо унаа тыгыны жаралып, бир нече саатка созулуп жатат.

Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Карабак согушунда 2300 аскер кызматкери курман болгонун жарыялады. Бул жоготуу Коргоо министрлиги көрсөтүп келген сандардан миң кишиге көп. Дем алыш күндөрү Ереванда согуш курмандыктарын эскерген массалык жүрүш өттү.

Ал ортодо согуш оту өчкөн Карабактын айрым жерлерин кайрадан түтүн каптады. Согушта утулуп калган армяндар өзү менен чогуу алып кете албаган мүлкүн өрттөп, аймактан качып чыгууда.

Тоолуу Карабактын түндүк тарабын Армения менен байланыштырган жолдогу Чаректар айылында бир нече үй күйдү. Алардан алыс эмес жерде оор жүк тарткан унаалар турду.

27 жыл мурун дагы дал ушул жерлерде үйлөр өрттөлгөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоолуу Карабак менен Армения ортосундагы Келбажар районунда мындан 27 жыл илгеркидей эле үйлөрдү өрт жалмады

"Биздин үйлөрдө азербайжандар жашашын каалабайбыз. Алар өздөрү үй салып алсын",-деди айылдын тургуну 33 жаштагы Карен. Ал ушул үйдө төрөлүп өскөн. Эми ата-энесин алып Арменияга бара жатат

Карен жакынкы убакытта, балким бир нече жылдан кийин Чаректарга кайра кайтып келүү үмүтү менен кетүүдө. Чаректар Келбажар районунун тутумунда жана Азербайжандын көзөмөлүнө өтүп жаткан жерлердин бири. Бул айылга танапташ жайгашкан Дадиванкада дагы үйлөргө өрт коюшту.

Карен жакынкы убакытта, балким бир нече жылдан кийин Чаректарга кайра кайтып келүү үмүтү менен кетүүдө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карен жакынкы убакытта, балким бир нече жылдан кийин Чаректарга кайра кайтып келем деген үмүттө

27 жыл мурун дагы дал ушул жерлерде үйлөр өрттөлгөн. Бирок анда армяндар таптакыр башка шартта үйлөргө өрт коюшкан эле. 1993-жылы эрте жазда армян кошуундары айгышкан кармаштан кийин райондун аймагын ээлеп алган. Бул жерде жашаган азербайжандар Муровдаг тоо кыркылары аркылуу качууга аргасыз болгон. Шарты катаал, бийик ашууда көптөр ажал тапты. Алар таштап кеткен үйлөрдү армяндар жок кылышкан. Эми бул аймакты армяндар таштап чыгып кетүүгө аргасыз. Жүк тарткан унаалар убап-чубап жолго чыкты.

качкындар

Азербайжан президенти Ильхам Алиев карабактык армяндар тынчтыкта, эч кандай кодулоого алынбай, кадимки турмушун жашай берет деп убада кылды. Бирок анын сөзүнө ишенген деле эч ким болгон жок.

44 күнгө созулган согуш маалында эле Карабактын 150 миң чамалуу тургундарынын көбү - 90 миңдейи качып чыгып кеткенин карабактык омбудсмен Артак Бегларян билдиргени бар.

Степанакертте көчөлөр ээнсирей түштү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Степанакертте көчөлөр ээнсирей түштү

Өткөн аптанын этегинде орусиялык тынчтык күчтөрү Степанакертке чейин жетип, Тоолуу Карабактын борбору менен Армениянын байланыштырган негизги жолду көзөмөлүнө алды.

Ереван менен Степанакертке атайын унаа каттамдары менен качкындарды үйлөрүнө кайтарууга шарт түзүп жатышат. Степанакертте калгандарды көбү эч кайда качпай турганын айтышты.

"Биз бул жерде калышыбыз керек. Жашоо уланууга тийиш",-деди Степанакерт тургуну Ваха.

Азырынча жеңилүү ызаасы көптөрдөн тарай элек. (AbA)