Армения менен Азербайжан туткундарды алмашты: Бакуда камакка алынган аскерлер

Карабактагы тынчтык күчтөрү

Сүрөттүн булагы, AFP

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабактагы согуш маалында колго түшүрүлгөн туткундарды алмашты. Буга орусиялык тынчтык күчтөрү ортомчулук кылды.

Карабактагы согуш 9-ноябрда токтогон. Бирок туткундар эми гана үйүнө кайтууга уруксат алды. Бул эл аралык Кызыл чырым комитетинин ортомчулугу менен өттү. Ошол эле маалда орусиялык тынчтык күчтөрү маанилүү ролду ойноду.

Өткөн аптада тынчтык күчтөрүн жетектеп жаткан генерал Рустам Мурадов туткундарды алмашуу маселесин тез арада чечүү үчүн Бакуга бара турганы айтылган. Мурадов үйүнө кайтарылган туткундарды жеке өзү коштоп келди. Алмашуу эч кандай шарт коюлбастан, кармалып турган аскерлердин баарын бошотууну эки тарап тең колдоду.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Арменияга 44 аскер кызматкери жана жайкын тургундар кайтып келди. Азербайжан 12 жаранын кайтарып алды. Алардын арасында 2014-жылы эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабак республикасында адам өлтүрүүгө шектелип соттолгон Шахбаз Гулиев менен Дильгам Аскеров бар. Азербайжан аларды барымтага алынгандар деп эсептеп келди.

Туткундардын баары үйүнө кайтарылдыбы же дагы барбы? Бул суроого азырынча так кесе жооп берүү кыйын. Тараптар болсо туткундардын баарын бошотконун айтууда. Дайынсыз кеткендерди издөө иштер уланууда.

Ишембиде армян тарап эки айылда - армянча аталышы Хцаберд жана Хин Тахерде Азербайжан күчтөрү операция өткөргөнүн кабарлады. Азербайжан болсо "жоочуларга" каршы антитеррордук операция өткөргөнүн айтты. Ал жердеги армян күчтөрүн ушундайча атаган.

9-ноябрдагы келишимден кийин армян ыктыярчылары ушул эки тоолуу аймактагы көзөмөлүн сактап калган экен. Жаңжал чыккан жерге барган орусиялык тынчтык күчтөрү ок атышуунун токтотуп калды. Бирок эки айылдын тагдыры кандай чечилери белгисиз.

Жекшембиде жарыяланган картада эки айыл орусиялык тынчтык күчтөрү жайгашкан аймакка киргизилген. Бирок аны дароо кайра алып салышты

Сүрөттүн булагы, МО РФ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жекшембиде жарыяланган картада эки айыл орусиялык тынчтык күчтөрү жайгашкан аймакка киргизилген. Бирок аны дароо кайра алып салышты

Жекшембиде жарыяланган картада эки айыл орусиялык тынчтык күчтөрү жайгашкан аймакка киргизилген. Бирок аны дароо кайра алып салышты. Азербайжан өзүнө таандык аймак катары санап жатат.

9-ноябрда кол коюлган келишимге ылайык, Азербайжан согуш учурунда ээлеген аймактарды өзүнө калтырат. Анын ичинде "Карабактын жүрөгү жана ачкычы" саналган Шуша шаары дагы бар. Андан тышкары Азербайжан биринчи согушта армян күчтөрү ээлеп алган жети районду кайтарып алды. Армян күчтөрү келишим боюнча жети райондун баарын бошотуп берип, акыркылардан болуп Лачин аймагынан 1-декабрда чыгып кетти.

Азербайжан камакка алган жоокерлер

Дүйшөмбүдө Азербайжанда аскер кылмышына байланышкан иш боюнча төрт жоокер камакка алынды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишинде коомдук сайттарга жарыяланып кеткен мыкаачылык тууралуу айтылат. Чогултулган материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, сөөктү мазактоо жана мүрзөнү талкалоо боюнча айып таккан.

Бакудагы парад

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бакудагы парад

Биринчи берене боюнча прапорщиктер Рашад Алиев менен Гардашхан Абишев камакка алынды. Алар Зангелан районунда окко учкан армян аскерлеринин сөөгүн мазактаган деп айыпталууда. Экинчи берене боюнча катардагы жоокерлер Арзу Гусейнов менен Умид Агаев кармалды. Аларды Ходжавен районундагы мүрзөнү талкалаганы айтылды.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы армян укук коргоо органдарын дагы ушундай кадамга барууга, аскер кылмыштарын иликтөөгө чакырды. (AbA)