Тоолуу Карабак: Тынчтык келишимине карабастан ок атышуу

Нагорный Карабах

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия тынчтык келишимдин шарттарын аткарууну талап кылды

Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабактагы кармаштан төрт аскери набыт болгонун маалымдады. Армения болсо алты аскери жаракат алганын ырастап, Бакуну чабуулга өттү деп айыптады.

Баку армян аскерлеринин чагымчыл аракетине жооп берүүгө аргасыз болгонун билдирүүдө. Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактын Гадрут районунда ок атышуу болгонун тастыктап, келишим шарттарын аткарууну талап кылды.

Өткөн аптанын ишемби күнү ЕККУнун Минск тобундагы АКШ жана Франция өкүлүдөрү Бакуга иш сапары менен келип, аларды президент Алиев кабыл алды. Алиев Карабакта кырдаал салыштырмалуу туруктуу болуп жатканын белгилеп, бирок соңку окуя тынчсыздандырат деп айтты.

Карабактагы согуш 27-сентябрда тутанган. 9-ноябрда Армения, Азербайжан жана Орусия Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол койду. 44 күнгө созулган жаңдалда беш миң аскер, кеминде 143 жайкын тургун каза таап, миңдегендер аргасыз жер которду.

9-ноябрда кол коюлган келишимге ылайык, Азербайжан согуш учурунда ээлеген аймактарды өзүнө калтырат. Анын ичинде "Карабактын жүрөгү жана ачкычы" саналган Шуша шаары дагы бар. Андан тышкары Азербайжан биринчи согушта армян күчтөрү ээлеп алган жети районду кайтарып алды. Армян күчтөрү келишим боюнча жети райондун баарын бошотуп берип, акыркылардан болуп Лачин аймагынан 1-декабрда чыгып кетти.

карта

Азербайжан согушта өзүн жеңүүчү катары жарыялады. Президент Ильхам Алиевдин буйругу менен 8-ноябрь Жеңиш күнү катары майрамдала турган болду. Тескерисинче, Арменияда болсо ушундай келишимге жол бергени үчүн бийликке катуу сындар айтылды. Ереванда өкмөттүн отставкасын талап кылган митингдер өтүүдө.

Тоолуу Карабак маселеси боюнча Батыштагы эң белгилүү эксперт Том Де Ваал New York Times басылмасына Армения менен Азербайжандын ортосундагы согушту токтоткон Тоолуу Карабак боюнча келишимде бул өлкөлөрдүн эмес, Түркия менен Орусиянын кызыкчылыгы эске алынды деп жазганы бар.

"Бул келишимди ойлоп тапкан Орусия дагы жеңишке жетти. Мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы чыр-чатактуу жерлерден айырмаланып, ал Тоолуу Карабакта таасирлүү боло албай келген эле. Эми тынчтык күчтөрүн жайгаштырууга жол ачылды. Мунун өзү Орусияга мурда таасирин жоготкон региондогу аскердик кийлигишүүсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет",-деп эсептейт автор.

Эгерде келишим бузулуп, Тоолуу Карабакта калган армяндар өздөрүн кооптуу сезсе, мунун өзү жаңы чыр-чатакка алып келет. Мындайга жол бербеш үчүн бардык тараптардан олуттуу иш-аракеттер талап кылынат. Ал эми Москва менен Анкарадагы саясатчылардын бул маселе боюнча эксперттик түшүнүгү да, кызыкчылыгы да жок деп жазат Том Де Ваал.

Эксперттер Карабак жаңжалы 1988-жылы башталганын белгилеп келишет. Анда Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы согуштун жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабакка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлүп, аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жеткен. 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.