Азербайжан армиясы Келбажарды ээледи

Видеонун түшүндүрмөсү, “Жан сыздаткан оорудан уктай албайм”: Тоолуу Карабактагы согуштан кийин

Азербайжандын Коргоо министрлигинин расмий сайтында кечээ кечинде армия Тоолуу Карабактагы Келбажар районуна киргени кабарланды.

Аскерлердин кириши Армения, Азербайжан жана Орусия лидерлери кол койгон үч тараптуу келишимге ылайык жүргүзүлдү деп айтылат расмий маалыматта. Аймакты Бакунун ээлигине өткөрүп берүү 25-ноябрга белгиленген эле.

Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан 1990-жылдары Армения ээлеп алган аймактарын кайтарып алууда. Бирок тургундар аймак минадан тазалангандан кийин гана туулуп өскөн жерине кайтып келе алышат.

Армения менен Азербайжан ортосундагы Тоолуу Карабак боюнча алгачкы куралдуу кагылыш 1992-94-жылдары болгон. Ал кезде Баку региондогу көзөмөлүн жоготуп, Тоолуу Карабак өзүн республика жарыялаган. Бирок эл аралык коомчулук аны тааныган эмес. Азербайжан бул аймакты оккупацияланган деп эсептеп келди.

Куралдуу жаңжал жай айында кайра курчуп кетти. Ал эми сентябрда согушка айланды. Эки тараптан тең жүздөгөн кишилер набыт болду. Анын ичинде жоготуулар жайкын тургундар арасында да бар.

карта

Тынчтык келишими Азербайжан тарап бир катар аймактарды ээлеп алган ийгиликтүү аскердик операцияларынан кийин ишке ашты. Азербайжан 25 жыл мурун жоготкон аймактарын гана кайтарып албастан, байыркы жана өтө маанилүү саналган Шуша шаарын көзөмөлүнө алган. Иш жүзүндө Шушаны көзөмөлдөгөн тарап оңой эле Карабактын борборун ээлеп коюшу мүмкүн эле.

Келишимге ылайык, Агдам районун Азербайжан 20-ноябрда өз карамагына алды. 1-декабрга чейин Лачин району Азербайжанга өтөт.