Карабак: Азербайжан армиясы Агдам районуна кирди

Азербайжан танкы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан армиясы Агдам районуна кирди.

Бул маалыматты өлкөнүн Коргоо министрлиги ырастады. Аймактын чоң бөлүгүн буга чейин Армения көзөмөлдөп келген эле. Келишим боюнча Азербайжан мурда жоготкон аймактарын кайтарып алды.

"Азербайжан Республикасынын президенти, Армения Республикасынын премьер-министри жана Орусия Федерациясынын президенти кол койгон үч тараптуу билдирүүгө ылайык, азербайжандык армиянын бөлүктөрү 20-ноябрда Агдам районуна кирди",-деп айтылат Коргоо министрлиги тараткан расмий маалыматта.

9-ноябрда Армения, Азербайжан жана Орусия Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол койгон. Келишим боюнча армян тарап Тоолуу Карабактагы жана анын тегерегиндеги басып алынган аймактарын жоготот. Эки миң чамалуу орусиялык аскерлер чектеш аймакка жана Лачин коридоруна жайгашат.

"Агдамдыктарды чын жүрөктөн куттуктайм. Кымбаттуу агдамдыктар, силер эми качкын эмесиңер",-деди президент Алиев элге кайрылуусунда. Президент Агдам району Карабак жаңжалында катуу жабыр тарткан эң калктуу аймактардын бири болгонун эске салды. Убагында аймакта 143 миң чамалуу азербайжандар жашаган.

Алиев кыска убакыттын ичинде райондун инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн чет элдик адистерди тарта турганын убада кылды. Ким кайтып келсе, каржылык материалдык жардам көрсөтүлөрүн айтты.

карта

Ошол эле маалда Еревандан келип жаткан маалыматтарда тынчтык келишиминен кийин аймактан миңдеген армяндар качып чыгып жатканы айтылат.

Армения менен Азербайжан ортосундагы Тоолуу Карабак боюнча алгачкы куралдуу кагылыш 1992-94-жылдары болгон. Ал кезде Баку региондогу көзөмөлүн жоготуп, Тоолуу Карабак өзүн республика жарыялаган. Бирок эл аралык коомчулук аны тааныган эмес. Азербайжан бул аймакты оккупацияланган деп эсептеп келди.

Куралдуу жаңжал жай айында кайра курчуп кетти. Ал эми сентябрда согушка айланды. Эки тараптан тең жүздөгөн кишилер набыт болду. Анын ичинде жоготуулар жайкын тургундар арасында да бар.

Тынчтык келишими Азербайжан тарап бир катар аймактарды ээлеп алган ийгиликтүү аскердик операцияларынан кийин ишке ашты. Азербайжан 25 жыл мурун жоготкон аймактарын гана кайтарып албастан, байыркы жана өтө маанилүү саналган Шуша шаарын көзөмөлүнө алган. Иш жүзүндө Шушаны көзөмөлдөгөн тарап оңой эле Карабактын борборун ээлеп коюшу мүмкүн эле.

Келишимге ылайык, Агдам районун көзөмөлүнө алууга Азербайжан 20-ноябрга чейин киришүүсү керек эле. 25-ноябрга чейин Келбажар району, 1-декабрга чейин Лачин району өтөт.