Кремлге коркунуч түзгөн Навальный

Сүрөттүн булагы, EPA
Шейшемби күнү Москванын шаардык соту Алексей Навальныйдын ишин карайт. Бул жолу оппозициячыл саясатчы соттук угууга өзү катышат.
Өткөн аптада ал убактылуу тергөө абагынан видео байланыш аркылуу катышкан эле. Интерфакс агенттиги соттук угуу Москва убактысы боюнча саат 11де башталарын маалымдады.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги соттун айланасындагы жолдор жабыла турганын билдирди. Сот Навальныйды бошотуу же бир нече жылга камакка алуу боюнча чечим чыгарат. Ага "Ив Роше" иши боюнча шарттуу жазанын эрежесин бузган деген айып коюлууда.
2017-жылы Европанын адам укуктары боюнча соту Навальный жана анын биртууганы күнөөлүү деп табылган "Ив Роше" иши мыйзамсыз жана негизсиз болгонун тапкан. Бирок Орусиянын Жогорку соту өкүмдү күчүндө калтырган. Анда Алексей Навальный 3,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Анын биртууганы Олег Навальный 3,5 жылга абакка кесилген.

Сүрөттүн булагы, Oleg Nikishin/Getty Images
Алексей Навальный Кремлди сындаган жана коррупцияга каршы күрөшкөн Орусиядагы эң негизги оппозициячыл саясатчыга айланды.
Ал өткөн жылдын 20-августунда Сибирден Москваны көздөй учканда өзүн жаман сезип, учак Омск шаарына аргасыз конууга мажбур болгон. Эки күндөн кийин Навальный Германиядагы ооруканага эс-учун билбеген абалда жеткирилген.
Навальный "новичок" деген зат менен ууландырылганын Германия айтууда. Ал эми Навальныйдын командасы президент Путин буйрук бергенден кийин саясатчы ууландырылганын билдирип келет. Кремль дооматтарды четке кагууда.
Өткөн айда Навальный Орусияга учуп келгенде, полиция аны аба майдандан кармап кеткен. Андан бери миңдегендер көчөгө чыгып, Навальныйды колдогон нааразылык акцияларга катышууда. 31-январда өткөн каршылык акциясы мурункуларга салыштырганда полициянын өтө катаал аракеттери менен айырмаланды. Кармап, камакка алуулар учурунда полиция ырайымсыз мамиле жасады. Ошол эле учурда акция өтүп жатканда полиция менен кагылышуулар аз болгон.
Daily Telegraph: легитимдүүлүк менен үмүт үчүн күрөш
Белгилүү Daily Telegraph басылмасы Орусиянын саясатына байкоо салган профессор Марк Галеотти менен маегин жарыялады. Анда окумуштуу Кремль ашыкча күч менен нааразылык акцияга чыккандарды коркутууга аракет кылып жатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, EPA
Галеоттинин айтымында, орусиялыктар Путин идеалдуу болбосо дагы, анын ордуна башка күчтүү саясатчы жок экенине ишенип келген. Ошондуктан Навальный Кремлге коркунуч түзүүдө. Ал интернет аркылуу Орусиядагы коррупция боюнча иликтөөлөрүн жарыялап, коркутуу, камакка алууларга карабастан ишин уланта берди.
Навальный Путин орусиялыктардын келечеги үчүн иштеп жатат деген идеяга каршы чыгууда. Андан тышкары, оппозициячыл саясатчы тандоо бар экенин көрсөтүүдө.

Сүрөттүн булагы, palace.navalny.com
Мисалы, Орусиялык активист, киши колдуу болгон оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун кызы Жанна Немцова демонстрациялар бурулуш учурга туш келгенин белгиледи:
"Орусияда бүткүл улуттук саясий кыймыл жаралды. Мен Нижный Новгород шаарындагы каршылык акцияларына катыштым. Абдан көп киши келди, алардын басымдуу бөлүгү жаштар. Алар эчтекеден коркпой келгенин сезип турдум".
Марк Галеотти болсо Орусияда Путин менен Навальныйдын күрөшү эмес, легитимдүүлүк жана үмүттүн күрөшү болуп жатканын айтууда. Кремль ашыкча күч колдонгон сайын, легитимдүүлүгүн жогото берет. Мындай жагдайда оппозиция күч алган сайын орусиялыктар арасында үмүт менен оптимизм пайда болушу ыктымал.















