Орусияда он миңдеген киши Навальныйды колдоп көчөгө чыкты

A protester holds a poster that reads "One for all and all for one", during an unauthorized protest in support of Russian opposition leader and blogger Alexei Navalny

Сүрөттүн булагы, EPA

Ишемби күнү он миңдеген адам көчөгө чыгып, Алексей Навальныйды колдошту. Президент Путин бийликке келгенден бери бул эң ири демонстрациялардын бири болгону айтылууда.

Алексей Навальный Орусияга Германиядан кайтып келгенде камакка алынды. Ал "новичок" түрүнө кирген зат менен ууландырылган деп, беш айдан бери Германияда дарыланып жаткан.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Москва шаарында эле кырк миңге чукул киши демонстрацияга чыкты. Нааразылык акциялар өлкөнүн туш тарабындагы ондогон шаарда болду. Бирок Кремль демонстрацияга чыккандардын саны медиада кабарлангандан кыйла аз экенин айтууда.

People attend a rally in support of jailed Russian opposition leader Alexei Navalny in Moscow, Russia

Сүрөттүн булагы, Reuters

Окуяга байкоо салган уюмдар үч миңден ашуун киши камакка алынганын маалымдады. Көз карандысыз OVD Info уюму Москва шаарында эле 1200дөн ашуун киши кармалганын билдирди.

Орусиянын атайын даярдыктагы күч түзүм бөлүгү нааразылыкка чыккан кишилерди сабап жатканын чагылдырган сүрөт жана видеолор интернетте желдей тарады. АКШ менен Британия тынч митинг өткөрүп жаткандарга каршы полиция ашыкча күч колдонгонун айыптап чыкты. Европа Биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеф Боррел дүйшөмбү күнү Биримдик кандай чара көрөрүн талкуулайт деп билдирди.

Law enforcement officers detain and drag topless man during a rally in Moscow

Сүрөттүн булагы, Reuters

Law enforcement officers clash with participants using batons in Moscow protest

Сүрөттүн булагы, EPA

A law enforcement officer detains a man while holding him by the face in Moscow

Сүрөттүн булагы, Reuters

A law enforcement officer detains a woman who is bent over at Moscow protest

Сүрөттүн булагы, Reuters

Демонстрациялар Орусиянын чыгыш тарабындагы шаарлардан тарта маданий борбор саналган Санкт-Петербург калаасында да болду.

Мисалы Омск шаарында температура -30 градус болгонуна карабастан демонстранттар көчөгө агылды.

A woman attends a rally in support of jailed Russian opposition leader Alexei Navalny in Omsk,

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сибирдеги Якутск шаарында температура -52 градус болгон. Навальныйды колдогондор ызгаар суукка карабай митингге чыкты.

Law enforcement officers stand guard during a rally in support of jailed Russian opposition leader Alexei Navalny in Yakutsk

Сүрөттүн булагы, Reuters

Алексей Навальный Кремлди сындаган жана коррупцияга каршы күрөшкөн Орусиядагы эң негизги оппозициячыл саясатчыга айланды.

Ал өткөн жылдын 20-августунда Сибирден Москваны көздөй учканда өзүн жаман сезип, учак Омск шаарына аргасыз конууга мажбур болгон. Эки күндөн кийин Навальный Германиядагы ооруканага эс-учун билбеген абалда жеткирилген.

Навальный "новичок" деген зат менен ууландырылганын Германия айтууда. Ал эми Навальныйдын командасы президент Путин буйрук бергенден кийин саясатчы ууландырылганын билдирип келет. Кремль дооматтарды четке кагууда.

Өткөн жекшемби күнү Навальный Орусияга учуп келгенде, полиция аны аба майдандан кармап кеткен. Ага абактан эрте бошотулгандан кийинки шарттарды аткарбай койду деген айып тагылууда.

A man wearing a Russian flag shiuts during a rally in support of jailed Russian opposition leader Alexei Navalny in Saint Petersburg

Сүрөттүн булагы, Reuters

Russian special police units officers detain a female protester in St Petersburg

Сүрөттүн булагы, EPA

Оппозициячыл саясатчыны бошотуу талабы менен Европа Биримдиги жана АКШнын лидерлери, укук коргоочулар орус бийлигине кайрылуу жолдоп, Кремлдин бул кадамын катуу сынга алышты. Навальный болсо тарапташтарын демонстрацияга чыгууга чакырды.

Андан тышкары өткөн аптада оппозициячыл саясатчы эки сааттык тасма жарыялап, анда Путиндин ишмердүүлүгүнө кеңири токтолгон. Иликтөөдө Кара деңиздин жээгиндеги имараттын президент Владимир Путинге тиешелүү экени айтылган. Мурда бир миллиард долларга бааланган бул жайды көптөгөн басылмалар "Путиндин хан сарайы" катары атап келишкен эле. Бул иликтөөнү кыска убакыттын ичинде жетимиш миллиондон ашуун киши көрдү.

Орусиянын бийлиги мыйзамсыз митингге чыккандар камакка алынат деп алдын ала эскерткен. Нааразылык акция учурунда ондогондор жаракат алды.

A pro-Nalavany protester is seen with blood on his head in Moscow protest

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттөрдүн автордук укугу корголгон.