Орус бийлиги каршылык акциясына катаал жооп кылды

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER NEMENOV/Getty Images
Орусиядагы 31-январда өткөн каршылык акциясы мурункуларга салыштырганда полициянын өтө катаал аракеттери менен айырмаланды. Кармап, камакка алуулар учурунда полиция ырайымсыз мамиле жасады. Ошол эле учурда акция өтүп жатканда полиция менен кагылышуулар аз болгон.
Москва менен Санкт-Петербургда көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу борбордук метро станциялары бөгөлдү. Полиция жана Росгвардия электрошокер колдонуп, кармалган митингчилерди тизелетип олтургузган. Жекшембидеги акцияда 4822 киши кармалды.

Сүрөттүн булагы, EPA
Санкт-Петербургда полицянын өзгөчө катаал аракеттери тууралуу тасмалар тарап жатат. Znak.com сайты полициянын автоунаасында эс-учун билбей жаткан киши тууралуу видео жарыялады.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Кармоо учурунда бирөөнүн башы жарылганы, полиция автобусу ичиндеги кандын тактары тартылган сүрөттөр чыкты. Орус басылмалары Владивостокто каршылык акциясына чыккандарды травматикалык куралдан атканын жазууда. Казанда кармалгандарды карга жаткырышкан.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Москвада журналисттер полиция тарабынан электрошокер колдонгонун тартып алышкан.
Бул окуяларга баасын берген эксперт, "Альфа" бирикмесинин вице-президенти, ФСБнын отставкадагы подполковниги Алексей Филатовдун пикиринде кармоо учурунда каршылык көрсөткөндөргө гана күч колдонулган. Анын айтымында күч түзүмдөрү инструкция боюнча гана аракеттене алат.

Сүрөттүн булагы, Oleg Nikishin/Getty Images
"Катаал ыкмалар - суу аткыч, газ, желим ок жана эскертүү үчүн атылган согуштук ок. Мындай болгон жок,-дейт эксперт.
Өткөн 23-январдагы митингде күч түзүмдөрүнүн 40 кызматкери жаракат алганы айтылган эле. Бул жолу жаракат алгандар тууралуу расмий маалымдалган жок. Айрымдар мына ушул жагдайдан улам полиция катаал аракетке барышы мүмкүн дейт.
Ошол эле маалда саясат таануучулар полициянын ырайымсыз аракети каршылык маанайды кайра күчөтөт деп эскертүүдө.















