Путиндин "хан сарайы" тууралуу тасманы 100 млн киши көрдү

хан сарай

Сүрөттүн булагы, palace.navalny.com

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын "Путин үчүн хан сарай" аталыштагы иликтөөсү YouTube аркылуу 100 млн ирет көрүлдү.

Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов каналдын ички статистикасына таянып маалымат берди. Коомдук сайтта азыркы маалда көргөндөр саны 100 млн. 77 миң деп көрсөтүлүп турат. Росстаттын маалыматына таянсак, Орусиянын калкы аннексияланган Крымды кошкондо 146 млн.

Бул Навальныйдын иликтөөлөрүнүн ичинен эң көп көрүлгөн тасма болуп калды. 2017-жылы Дмитрий Медведевдин мүлкү тууралуу иликтөөнү 41 млн киши көргөн эле.

Путиндин "хан сарайы" тууралуу иликтөө 19-январда жарыяланды. 55 минутанын ичинде бир миллион киши көрүп жетишкенин Навальныйдын басма сөз катчысы "Твиттер" баракчасына жазып чыккан. Эки сааттан кийин тасманы көгөндөр саны үч миллион болуп, алты сааттан соң 10 млн жолу көрүлдү.

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-январда студенттер менен онлайн жолугушуунун жүрүшүндө "хан сарай" ага жана жакындарына тиешеси жок экенин билдирди. Иликтөөнү орус президенти "компиляция" деп атаган.

Кто и где смотрит фильм

Тасманын популярдуулугу биринчи кезекте президенттин ысымына байланыштуу. Бирок айрым саясат талдоочулар тасманы көргөндөр менен "Навальныйды колдоп митингге чыккандар" ортосунда түз байланыш жок деген пикирде.

"Негизгиси бул (тасманын популярдуулугу) Навальныйдын ысымын элге дагы да таанытат. Бирок бул тарапташтары көбөйдү, анын позициясын колдойт дегенди билдирбейт. Тасманын аудиториясы электорат эсептелбейт. Азыркы коомдук сайттардын доорунда муну билүү өзгөчө маанилүү. Үйүндө олтуруп алып тасманы көрөт. Анын башына полициянын союлуна карабай каршылык акциясына чыгуу тууралуу ой да келбейт. Ал эми адаттагыдан көп киши акцияга чыкканы тууралуу айтсак, бул тасмага караганда Навальныйдын өзүнө көбүрөөк байланыштуу. Аны кайтып келиши өтө күчтүү коңгуроо болду. Көптөр эл үчүн тобокелчиликке барган саясатчыларды баалайт",-деди саясат таануучу Глеб Павловский.

Эскерте кетсек, оппозиционер Алексей Навальный эки сааттык тасма жарыялап, анда Путиндин ишмердүүлүгүнө кеңири токтолгон. Анда Кара деңиздин жээгиндеги имараттын президент Владимир Путинге тиешелүү экени, аны кандай каражатка курганы тууралуу маалыматтар иликтенген. (AbA)