Бириккен Араб Эмирлиги таланттуу чет өлкөлүктөргө жарандык сунуштайт

Сүрөттүн булагы, EPA
Бириккен Араб Эмирлиги өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо алган чет өлкөлүктөргө жарандык сунуштайт. Бул тууралуу БАЭ вице-президенти, Дубайдын башчысы шейх Мохаммед ибн Рашид ал-Мактум жарыялады.
Эми инвесторлор, дарыгерлер, инженерлер, өнөрпоздор, таланттуу чет өлкөлүктөр жана алардын үй-бүлөсү жарандык алууга укуктуу болот. Шейх Мохаммед долбоор аркылуу "өлкөнүн өнүгүү жолуна салым кошууну" көздөп турганын кошумчалады.
Бирок жарандыкка документ чогултуунун кажети жок. Чет өлкөлүк кишиге жарандык берүү сунушу менен БАЭ падыша үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү жана расмийлер кайрыла алат. БАЭнин министрлер кабинети болсо акыркы чечимди чыгарат. Чет өлкөлүк кишилер кош жарандык алууга дагы укуктуу болот.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы

Коронавирус пандемиясы жана мунайдын баасы төмөндөгөндөн улам он миңдеген чет өлкөлүк адистер өлкөдөн чыгып кеткен. Жергиликтүү The National басылмасы шейх Мухаммед бул долбоор аркылуу кесипкөй адистерди жана чет өлкөлүк инвесторлорду өлкөдө кармап калуу гана эмес, алардын БАЭде терең тамыр жайып калуусун көздөйт деп жазды.
Перс булуңундагы мамлекет чет өлкөлүк инвесторлор жана ишкерлердин жардамы менен аймактагы каржылык жана туристтик борборго айланды. БАЭнин тургундарынын басымдуу бөлүгү жана жумушчуларынын 90 пайызы чет өлкөлүктөр.

Сүрөттүн булагы, AFP
Мурда чет өлкөлүк ишкерлер бир нече жылга виза алып, аны улам жаңылап турушу керек эле. БАЭнин өнүгүшүнө маянасы аз саналган кара жумушчу, тейлөө кызматында иштегендер өзгөчө салым кошту. Курулуш тармагынан тарта, туризм жана тейлөө бизнестеринде чет өлкөлүктөр иштейт. Бирок шейх Мухаммеддин долбоору аларга тиешелүү эмес.
Айрым ишкерлер ондогон жылдар бою БАЭде жашап келгенине карабастан, аларга туруктуу жашап туруу жана жарандык алууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Демек, пенсия алуу жана башка социалдык төлөмдөргө дагы укугу жок.
БАЭ мындай категориядагы жумушчуларга узак мөөнөткө виза сунуштоону көздөп турат. Мисалы, 2019-жылы шейх Мухаммед инвестор, дарыгер, окумуштуу жана алдыңкы студенттерге "алтын карта" же 10 жылга виза сунуштаган. 2020-жылы "алтын карта" кеңири категориядагы чет өлкөлүктөргө сунуштала баштаган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Инвестор катары виза алуу үчүн БАЭде турак-жайга ээлик кылуу керек. Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөр айрым аткаминерлердин дал ушундай мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөткөн. Талап жогору болгон тармактагы медицина кызматкерлери үчүн дагы жарандык сунушталат.
Жарандык алган чет өлкөлүктөр мамлекеттин социалдык камсыздоо программасына кошулууга укуктуубу же жокпу белгисиз. Учурда БАЭ 1,4 миллион жарандарына бекер билим, саламаттыкты сактоо, турак-жай жана башка гранттар үчүн миллиарддаган доллар сарптайт.
Перс булуңундагы мамлекеттер чет өлкөлүктөргө жарандык сунуштабайт. Бир гана эмирликке күйөөгө тийген келиндерге жана алардын балдарына жарандык берилип келген. Ал эми чет өлкөлүк жигит менен турмуш курган эмирлик кыздардын балдары жарандык алуу үчүн документ тапшырып, бир нече жыл бою күтүшү керек.













