Эмирликтен качып кеткен канбийке ким?
Канбийке Хайя бинт аль-Хусейн Дубайдын башкаруучусу, БАЭнин вице-президенти, шейх Мухаммед бен Рашид ал-Мактумдун алтынчы аялы эле. Ал өлкөсүнөн качып кетти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Сиге маалым болгондой, канбийке өз өмүрүнөн кооптонуп Бириккен Араб Эмирлигин таштап кеткен. Учурда Лондон шаарында турат. Дубайдын расмийлери канайымдын Лондондо экени тууралуу маалыматтарга азырынча реакция кылган жок.
Шейшембиде күйөөсү 69 жаштагы шейх Мухаммед өзүнүн "Инстаграм" баракчасына лирикалык ырды жайгаштырган. Ал ырдын каарманы аялын саткындык үчүн айыптайт.
Эмирликтен качып кеткен канбийке ким? Эмне үчүн ушундай кадамга барды?
Шейхтин жубайы, падышанын карындашы
45 жаштагы канбийке Хайя Иорданиянын падышасы маркум Хусейн ибн Талалдын (1935-1999) кызы. Иорданиянын азыркы падышасы Абдалла II менен бир тууган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал Иорданияда төрөлүп, Британияда окуган. Алгач Бадминтондогу кыздар үчүн мектеп-интернатында, андан соң Брайенстон мектебинде билим алат. Кийин Оксфорд университетинин алдындагы коллежди бүтүргөн.
2004-жылы БАЭнин вице-президенти, шейх Мухаммед бен Рашид ал-Мактумга турмушка чыгат. Ал шейхтин эң кичүү (алтынчы) аялы эле.
2007-жылы кыздуу, 2012-жылы уулдуу болушкан.
Болжолу шейх Мухаммед бен Рашид ал-Мактумдун мындан башка аялдарынан 23 баласы бар.
Канбийке Хайя азыр каерде?
Хайя бинт аль-Хусейн 2019-жылдын февраль айынан бери расмий иш-чараларда бир да жолу көрүнгөн эмес. "Фейсбук" жана "Инстаграмдагы" баракчасына акыркы жолу 7-февралда кирген экен.
Британиялык басылмалар канайым БАЭден 11 жаштагы кызы жана 7 жаштагы уулун алып, Германияга качып чыкканын жазышкан. Анын Германиядан башпаанек сураганы тууралуу маалыматты расмий бийлик ырастаган жок.
Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
Instagram посттун аягы
The Sun басылмасы канбийкенин жанында ири суммадагы акча болгонун жазды. Бул болжолу 39 млн доллар.
Би-Би-Синин булактары ырастагандай, азыр Хайя Лондондо 107 млн долларлык батирде жашап жатат. Ал сотко кайрылып, ажырашуу тууралуу арыз берүүгө камынып жаткан болушу мүмкүн деп айтылды.
Анын балдарын алып качып кетиши эмирлик үчүн өтө жосунсуз жорук саналат. Деген менен БАЭ башка араб өлкөлөрүнө караганда салыштырмалуу демократиялык режимди карманат деп эсептелет. Андан сырткары бул өлкөдө жашап иштеген чет жерликтер абдан көп.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Латифанын окуясы
Буга чейин шейх Мухаммеддин кызы Латифа Дубайдан качып кетүүгө аракет кылып, Индиянын Гоа штатына жакын жээкте яхта менен баратканда кармалган. Качып кетердин алдында ал атасынын орой мамилеси тууралуу видео жазып кеткен. Биринчи жолу качууга аракет кылганда сабалып, караңгы бөлмөдө ит чыдагыс абалда кармалганын жазган.
33 жаштагы Латифанын кайсыл жерде экенин ачык айткыла деп, Amnesty International эл аралык уюму БАЭ бийлигине да кайрылганы бар. Буга жооп кылып эмирлик Латифанын Ирландиянын мурунку президенти Мэри Робинсон менен турган сүрөтүн жарыялайт.

Сүрөттүн булагы, UNITED ARAB EMIRATES FOREIGN MINISTRY
BBC Radio 4 берген интервьюсунда Робинсон канбийке үй-бүлөсүндө зомбулукка кабылганы тууралуу тасманы таратканына өкүнгөнү тууралуу айтып берген. Ошондой эле экс-президент канбийкеге жакындары кам көрүп жатканын айтат.
Бул сүрөт жарыялангандан кийин Робинсон укук коргоочулардын сынына кабылды. Аны эмирликтин бийлигинин сөзүн сүйлөп жатат деп айыпташкан. Латифанын ден соолугу анын узак убакытка камалып турганынан кабар берет деп айтышкан.
Би-Би-Си булактары ырастагандай, мына ушул окуядан кийин канбийке Хайя эмирликте өзүн кооптуу сезе баштаган.
Канбийке аны дагы Латифа сыяктуу уурдап кетишип, күч менен эмирликке алып барышат деп кооптонуп жатат деп билдирди булактар.
Лондондогу БАЭ элчилиги азырынча бул кабарларга реакция кылбай турат. Бул "эки кишинин жеке мамилеси" деп мүнөздөгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул окуянын эл аралык дагы өңүтү бар. Канбийке Хайя Оксфорддо окуган, кыязы Британияда калгысы келет. Эгерде күйөөсү Хайяны артка кайтарууну талап кылса, бул маселе британ бийлигинин баш оорусуна айланышы мүмкүн. Британия менен БАЭнин мамилеси жакшы. Эмираттарда 100 миңдей британдык жаран жашап, эмгектенет.
Бул кырдаал Иорданияга дагы чоң маселе жаратат. Хайя бул өлкөну башкарган падышанын карындашы. 250 миңдей Иордания жараны БАЭ аймагында эмгектенип, мекенине ири каражаттарды которуп турушат. (AbA)










