Саякат баяны: Дубай кереметтери

Сүрөттүн булагы, z.pasanova
Учу-кыйырсыз мелмилдеген көгүлтүр Инди океанындагы Перси булуңун жээктеген жомоктой кооз Дубай жана Абу-Даби шаарларына саякаттоону эңсегендер көп.
Мындан 50-60-жыл мурда эле бул жердин куму сапырылган чөл болуп, бедуиндердин алачыктарын жана төөлөрдү көрүүгө болор эле. Ал эми арап жеринин бактысына атаа кылган Инди океанынын жээгинде бермет издеген суучулдардын бамбуктан жана пальманын бутактарынан токулган алачыктары, какжыраган жыгач гандолалар (кайыкчалар) турганына азыр ишенүү кыйын.
Азыркы күндө Бириккен Араб Эмиратынын Дубай жана Абу-Даби шаарлары - көк мелжиген эң бийик имараттары, ажайып көрктүү пляждары бар атактуу курорттору, адамды таң калтыруучу кереметтери менен дүйнөдөгү туризмдин мекени катары алдыңкы бештикке киришет.
Чыгыш жомогуна айланган бул шаарлар азыркы күндө ультра заманбап технологиянын, дүйнөдөгү эн бийик гигант имараттардын, жасалма аралдардын, а түгүл какыраган чөлдө адам колунан жаралган эң кооз жашыл парктардын символу болуп калды.

Сүрөттүн булагы, z.pasanova
Кыялдар орундалат
Көптөн бери көрсөм деп эңсеп жүргөн Бириккен Араб Эмиратынын атактуу шаарларына туристтик жолдомо менен саякатка чыгарда интернеттен бул өлкө жөнүндө маалымат издедим. Бирок, мени таң калтырганы БАЭ жөнүндө кыргыз тилинде кыска расмий маалыматтар гана болбосо, анын атактуу шаарлары, даңазалуу туристтик обьектилери жөнүндө дээрлик жазылбаптыр. Бул мени аябай таң калтырды. Анткени, кыргызстандык туристтер Дубайга эң көп баруучулардын катарына кирет. Ал эми биздин өлкөнүн элинин көпчүлүгү кыргыз тилдүү эмеспи. Ошондуктан, саякаттан кайтып келгенимде кыргыз тилинде жол баянын жазууну ниет кылдым эле. Бул чакан макалага көргөн-билгенимдин баарын батыра албасам да, мухит жээгиндеги бул жомоктой шаарлардын негизги туристтик обьектилери жөнүндө маалымат камтылды.
Март айынын башында Арабияда күн суук да эмес, же өтө ысык да эмес, жаадыраган сонун мезгил экен. Жаңыдан кар кетип, эл кышкы тонун үстүнөн чече элек Бишкек борбор шаарыбыздан учканыбыздан кийин 5 саатка жетип-жетпей эле "Дубай" эл аралык аэропортуна жетип, ачылган гүлдөр кулпуруп, пальмалар жапжашыл болуп толукшуп, жайкы кийимчен эл сууга түшүп, күнгө кактана турган жай мезгилине өтүп кеттик. Дубайда ал күндөрү термометрдин шкаласы 25-27 градусту көрсөтүп турду. Ал эми жайкысын күндүн ысыгы 50°Сга чейин жетиши мүмкүн экен. Кышкы орточо температура 18°Сдан төмөндөбөйт. Ошондуктан, туристтер бул жакка негизинен күз, кыш, жаз айларында келишет.
Аэропортунан бизди тосуп алгандар микроавтобуска олтургузуп, Аль-Барша районундагы бара турган отелибизге шаар аралатып алып жөнөштү. Көзгө адегенде эле көк мелжиген өтө бийик кабаттуу имараттар менен кең-кесири жана жыртык-тешиги жок зыпылдаган жолдор урунат экен. Жол четтеринде, же айрылыштарда килемдей төшөлтүп өстүрүлгөн кооз гүлдөр көз арбайт. Ширенкенин талындай шыкалып, туурасы ичке, узуну көк тиреген бийик имараттардын ар бири архитектуралык кайталангыс өзгөчөлүккө ээ. Биринен бири өтүп суктанууга аргасыз кылат.

Сүрөттүн булагы, z.pasanova
Дубайда айнек тыштуу заманбап бийик имараттар менен кошо эле улуттук колоритте курулган мечиттер, жеке менчик үйлөр, 2-3 кабаттан ашпаган имараттар да, эс алуу жана соода жайлары баары бири-бирине гармониялуу шайкеш келип, шаардын жалпы ансамблин түзүп турганы менен таң калтырат. Шаар аралап баратып бир дагы боегу оңгон, же өз алдынча бытырап иретсиз түшкөн имаратты көрбөдүк. Бардыгы сүрөткө тарткандай көрктүү, иреттүү, көркөм, колориттүү.
Биз Дубайга келгенге чейин эле жеке автоунаасы менен тейлөөчү кыргыз улутундагы Самат аттуу гид менен макулдашып, саякаттын программасын түзүп койгон элек. Бул болсо убактыбызды туура жана үнөмдүу пайдалануубузга жардам берди.
Бурж-Калифа мунарасы - Дубайдын символу
Саякатыбызды дүйнөдөгү эң бийик имарат болгон 163 кабаттуу Бурж-Калифа мунарасы жана музыкалуу фонтанды көрүүдөн баштагыбыз келди. Булар Дубай шаарынын символу болуп эсептелет.
Мунара шаардын борборунда жайгашкан. Ага метродо да, автоунаада да барууга болот. Адегенде эң ири соода борбору болгон "Дубай моллдун" аймагын аралап өтүүгө туура келет. Ошон үчүн бул уникалдуу соода-көңүл ачуучу борбор жөнүндө айтпай кетүүгө мүмкүн эмес. Борбордун жер пайында бир мезгилде 14 миң автоунаа токтоочу ири автопарк жайгашкан. Ал эми анын чатырынын алдында 1200дөн ашуун дүйнөлүк бренд товарлар жана алтын-зер буюмдары сатылуучу дүкөндөр, 22 кинозал, муз тебүүчу аянтча, балдардын көңүл ачуучу жайлары, үстү жабык парк ж.б орун алган.
"Дубай моллдун" биринчи кабатында 33 миңден ашуун деңиз жаныбарлары сүзүп жүрүүчү жана 10 млн литр суу батуучу дүйнөдөгү эң чоң океанируемду туннел аркылуу да, үстүнөн да көрүүгө болот. Ошондой эле анын жанында 4 кабат бийиктиктен төгүлүп агып түшүүчү шаркыратма туристтерди өзүнө тартып турат. Шаркыратманын фонунда сууга боюн таштаган адамдардын силуеттери жасалган. Алар араптардын байыркы кесиби болгон бермет издөөчүлөргө коюлган эстелик. ХХ кылымдын 60-жылдарына чейин эле карапайым араптар океанга чумкуп, бермет катылган үлүл кабыктарын жыйнап, жан багып келишкен.
"Дубай моллду" аралап өтүп, анын артындагы кеңири аянтка чыктык. Бул жердеги Бурж-Калифаны жана ага жанаша курулган музыкалуу фонтанды негизинен кечинде көргөнү келишет. Анткени, түн киргенде учу көрүнбөй асманга төөнгөн бийик мунара түстүү боекторго боелгон жана музыка коштогон шоу башталат. Түрдүү боектор ушунчалык тездик менен алмаштырылгандыктан, мунаранын тулкусунда кубулжуган түстөр фантастикалык көрүнүш сезилет.
Бурж-Калифа мунарасы 2010-жылы курулуп бүтүп, грандиоздуу ачылышында Дубайдын эмири Мхоаммед жаңы мунараны Бириккен Араб Эмиратынын президенти Халифа ибн Заиддин ысмы менен аталарын билдирген. Бул долбоордун автору - америкалык архитектор Эдриан Смит
Жер жүзүндөгү эң бийик (823м) жана эң кооз мунара "шаар ичиндеги шаар" болуп саналат. Анын ичинде 900 квартира, сандаган офистер, кинотеатрлар, парктар, бассейндер, ресторандар, спорттук залдар, соода борборлору, миллионерлердин аппартаменттери жайгашкан. Мунаранын 148- жана 124-кабаттарында шаарды карай турган аянтчалар бар. Бул жерден Дубайдын аймагы алаканга салгандай даана көрүнөт. Бирок, ага чыгып баруу үчүн алдын ала интернет аркылуу кезекке туруп койбосоң, 1-2 саат кезек күтүүгө туура келет. Биз кезектин чоңдугунан кароо аянтчаларына чыга албай калдык. Бирок, дагы бир жолу жол түшсө, онлайн аркылуу алдын ала жазылып, көрүп чыгабыз деген тилек кылдык. Мунарада ылдам жүрүүчу 57 лифт жана 10 эскалатор иштейт.
Күүгүм кире баштаган сайын музыкалуу фонтан менен мунаранын алдындагы чоң аянтка эл агыла баштады. Алар дүйңоңүн төрт бурчунан келишкен туристтер эле, түрдүү тилдерди угууга, түрдүү түстөгү адамдарды көрүүго болот. Аянтта өстүрүлгөн пальмаларга оролгон түстүү жарыктар шаан-шөкөтүн ансайын арттырып турду. Адегенде Бурж-Калифа мунарасынын тулкусунда музыка коштогон лазердик түстүү шоу башталды. Ар бир жолу мунаранын имаратындагы фантастикалык түстөрдүн алмашышы жана ошого жараша музыка жаңырышы аянтта тирелип турушкан 10-15 миңдей адамдын таң калып, суктанган дооштору жанар тоодой болуп жарылып дүңгүрөп жатты.
Мунарадагы түстүү шоу аяктап, андан кийин фонтан жайгашкан жасалма көлмөнүн бетинен сансыз жылдызчалар жымыңдап, музыкалуу оргумага даярдык көрүлөт. Бул дүйнөдөгү эң чоң жана бийик фонтан 2009-жылы "Дубай молл" менен биргеликте ачылган. Анын узундугу 275 метрге, ал эми оргумасы 150 метрге (50-кабат үйдүн бийиктигине) чейин жетет. Фонтан 25 түстө ар түрдүү фигураларда оргуп чыгып, кооздук жаратат. Ошол учурда дүйнөдөгү эң популярдуу мелодиялар оргуманын кыймылына жараша жаңырып, өтө романтикалуу көрүнүш жаратат.
Гүл багы
Дубайда сөзсүз көро турган дагы бир жомоктой кооз жер бар. Уникалдуу " Miracle Garden" гүл паркынын сезону өтө электе барып көрүп калсак деп шашылдык эле, парктын көрүнүш биздин бардык элестөөлөрүбүздөн ашып түштү. 6,7 гектарды ээлеген парктын долбоорун түзүүгө дүйнөдөгү эң таланттуу дизайнер чакырылып, 2013-жылы Сүйүшкөндөр күнүнүн урматына ачылыптыр. Бул керемет сейил бак Араб Эмиратындагы эң романтикалуу жер болуп эсептелет.
72 миң квадрат метр жердин бардыгы кооз гүлдөр менен капталып, экспозициясы бири-бирине окшобогон түрдүү скульптуралык жана ландшафтык чыгармалардан түзүлгөн. 10 миллиондон ашуун түп гүлдөр менен кооздолгон жүрөкчөлөр, пирамидалар, ак сарайлар, жомоктордун каармандары, а түгул самолет, автоунаалар, паровоз - баары көз жоосун алып, жомоктор өлкөсүнө туш болгонсуйсуң. Гиннестин рекорддор китебине кирген самолеттун макети да гүл менен жасалган.
Кечкисин бул сейил бак ансайын кооз көрүнөт. Түстүү жарыктар керемет шоолаларды чачыратып, түнкү ажайып жомокко туш келесиң.
Ушунча чоң аянттагы сансыз гүлдөр жер алдындагы чачыратма сугат системасы менен сугарылат экен. Какыраган чөлдө эбегейсиз чоң гүл паркын өстүрүүгө кайра иштелип чыккан таштанды сууларды колдонуу да Дубайдагы технологиялык жетишкендиктердин бири. Гүл паркы чөлдүн жай мезгилиндеги мээ кайнаткан ысыгына гана туруштук бере албай убактылуу жабылып калат экен. Гүлдөрдүн экспозициялык дизайны жылына эки жолу өзгөртүлөт. Бул паркты кароого бакчылардын чоң тобу иштесе да, алардын карааны көзгө урунбады.
Жасалма аралдар
Атактуу Дубай шаары жыл өткөн сайын аймагын океанды ооздуктап, жасалма аралдарды жасоо менен кеңейтип, дүйнө элин таң калтырууга умтулат. Анын визиттик карточкаларынын бири пальма түрүндөгү жасалма аралдар болуп калды. Алардын ичинен эң белгилүүсү " Джумейра пальмасы" дүйнөнүн сегизинчи керемети деп аталат. Бул архипелаг Улуу Кытай дубалынан кийинки эле космостон көрүнүүчү адам колунан жаралган экинчи уникалдуу курулуш экен.
Жасалма аралдардын бардыгы океандын жээгиндеги кумдан курулган. Алардын ичинен аймагы жагынан чоңу жана атактуусу Джумейра пальма аралынын узундугу 11 километрди түзүп, аны курууга 7 миллион кубометр кум сарпталыптыр. Чекелери океандын суусу жууп кетпеси үчун өтө чоң таштар менен бекемделген. Пальманын ар бир жалбырагына беш жылдыздуу отелдер, байлардын жана атактуулардын кымбат баалуу ак сарайлары курулган. Бул жер 1400 вилла, 32 мейманкана жана 78 км узундагы пляж курууга ылайыкталган.

Сүрөттүн булагы, z.pasanova
Абу-Даби. Ак мечит
Дубай шаарына коңшу турган Абу-Даби шаары да өзүнүн байыркы Чыгыш жана заманбап Европа маданиятын айкалыштырган уникалдуу архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана уникалдуу туристтик жайлары менен дүйнөгө белгилүү.
Шаарга жеңил автоунаада жүрсөн бир сааттык жол экен. Абу-Даби шаарынын кереметтери дүйнөдөгү 6 чоң мечиттин бири болгон шейх Зайд мечити менен башталат. Шаарга жете бериште чакан дөнсөө жерде ак мрамордон курулган мечит алыстан эле көз уялтып жаркырап, "Миң бир түн жомогундай" сырдуу, көркөмдүү жана дөөлөттүү ак сарайга суктанбай кое албайсың. Ал Бириккен Араб Эмиратын негиздөочү жана алгачкы президенти болгон шейх Зайддын атына коюлган жана шейхдын күмбөзү да ага жакын жерде орун алган.
Мечиттин ак мрамор менен кооздолгон 82 куполу жана бийиктиги 100 метрден ашкан 4 минарети, дубалы, ички-тышкы жерпайлары ак жана түстүү мрамор менен капталган. Аянты 14 футболдук аянтка тең келип, намаз окуучу залдарына бир эле убакта 50 миң зыяратчылар батышы мүмкүн. Эң чоң перси килеми жана асыл таштардан жасалган, салмагы 12 тонналык 6 люстрасы менен да көңүлдү бурат.
Мечитке кирүү акысыз, бирок кире беришинде коопсуздук чаралары көрүлүп, ар бир зыяратчы текшерүүдөн өтүшөт. Мурдагы жылдары бул жерге мусулмандарга гана кирүугө мүмкүн болсо, азыр башка диндеги туристтерге жол ачылган. Аларга бир гана талап: мечитке баштан аяк кийинип гана кире алышат. Туристтердин андай башын-аягына чейин жапкан кийимдери жок болгон учурда мечиттин кире беришинде атайын кийим берилүүчу жайдан ала алышат.
Биз дагы ак мечиттин көркүнөн жана аурасынан руханий азык алып, төрүнө кирип эки рекет намаз окуп, ата-бабабызга куран түшүрүп чыктык.
Emirates Palace
Перси булуңунун жээгинде Абу-Даби шаарынын эмири үчүн курулуп, бирок кийин отелге айланган эң бир кымбат жана кооз архитектуралык комплекс туристтик эң атактуу жай болуп эсептелет. Отелдин аймагы 85 гектар жерди ээлеп, араб маданиятынын үлгүсүндө курулган 394 резиденциядан, бийиктиги 80 метр келген 114 куполдон турат.
Анын өзүнүн аймагында 1,3 км пляжы,сансыз бассейндери, ал тургай кемелер токтоочу жайы да бар.
Биринчи кабаты туристтер үчүн ачык болгондуктан, биз да кыдырып, алтын менен асыл таштар менен кооздолгон холлдорду, эмирдин үй-бүлөсүнүн асыл буюмдары сакталган музейди көрүп суктандык.
Ал эми бийик тепкичтер менен чыгуучу сарайдын эшик алдындагы аянтынан бет маңдайдагы да Этихаддын 5 мунарасына, шапата бүркүп турган көптөгөн оргумаларга, эмирдин азыркы ак сарайына, Инди океанынын көз тайгылткан мейкиндигине куштарланууга эң сонун мүмкүнчүлүк ачылат.
Абу-Дабинин даңазасын чыгарган дагы бир популярдуу туристтик жайлар: дүйнөлүк искусство шедеврлери сакталуу "Лувр" музейи, Яс Вотерворлд аквопаркы жана көңүл ачуучу жайлар, Ferrari World автодрому, "Марина молл" соода борбору, араптардын эски турмушунун музейи жана башка көптөгөн атактуу жерлерди кыдырып чыгууга 1-2 күн да аздык кылгыдай.
Абу-Даби шаарына баратып да, кайтып келе жатып да жол боюнда тургузулган 160 метр бийиктеги жана 18 градуска кыйшайтып курулган Capital Gate мунараcынын жанынан өттүк. Мынчалык кыйшайган имарат дүйнөдө буга чейин курула элек экен.

Сүрөттүн булагы, z.pasanova
Сафари. Араб бий өнөрү
Арабияга баргандан кийин анын кумдуу чөлүн көрбөй кетүү мүмкүн эмес. Араптардын ишкерлери бул куму эшилген чөлдөрүн да акча табуунун жана арап жерин, маданиятын даңазалоонун жолуна айлантып алышыптыр.
Сафариге чыгууну каалоочулар үчүн күн сайын отелдерден "Жип" автоунаалар менен алып кетишет. Бир сааттай жол жүргөндөн кийин жалаң кумдан бүткөн жапыз адырларга жеттик. Бул жерде талаа станында дем алып, каалоочулар мото менен талааны кыдырышып, улуттук сувенир сатуучулар менен соодалашып, бир аз дем алгандан кийин экстрим саякат башталат. "Жиптин" шамдагай айдоочулары адырларда адыраңдатып, асманга түйүлтө секиртишип, чукул бурушуп, кулап кетчүдөй жантаймаларда зуулдатып, айтор ичиндеги жүргүнчүлөрду кара терге салышат экен. Андан кийин бийик дөңсөөгө жеткенде унааны токтотуп, куму эшилген чөл мейкиндигине, жаратылыштын кол менен жасагандай табышмактуу көрүнүшүнө куштарлана тиктеп, ойлоруң сапырылат. Бул күнү аба ырайы ачык, кумду уюлгута турган шамал жок, кызарган нурун чачыраткан Кун кылкылдап чөлдүн кыйырында батып баратты.
Караңгы киргенде чөлдүн жайык жеринде салынган коргондун ичинде шоу-концерт башталат. Кумдун үстүнө эле килемдер жайылып салынып, алардын үстүнө жапыз столдор жана ага тегерете жаздыкчалар коюлган. Ортодо ачык сахна. Сафариге келгендер столду тегерете олтурушуп, араб даамдарын татканча арап бийчилеринин концертин көрүп ырахаттанышат.
Баса, Дубайда биз арап, авган, түрк, инди жана өзбек ресторандарынан улуттук даамдарын татып көрдүк. Өзбек ашканасынан башкаларынын тамак-аштары окшош. Биздин майда вермишелге окшогон күрүчту сууга, этин бууга бышырып, соус менен беришет. Анан негизинен эт азыктарын шишкебек түрүндө бышырышат. Мага тамак-аштары чындыгында жаккан жок. Ресторанда тамактар өтө кымбат.
Арабияда,бирок, курманын эң мыкты сортторун көрүүгө болот. Аларды Орто Азия өлкөлөрүнүн рыногунан таба албайсың, анткени Дубайдын өзүндө кымбат баада сатылгандыктан, бул жакка экспорттоо жакшы өнүкпөптүр.
Зинакан ПАСАНОВА, Ош-Бишкек-Дубай-Абу-Даби-Бишкек-Ош
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.








