Жол очерктери: Париж - Ай менен Күндүн ширелүүсү

Белгилүү журналист, филология илимдеринин кандидаты Ризван Исмаилованын Батыш Европадагы беш мамлекет: Германия, Франция, Бельгия, Голландия жана Люксембургга болгон саякаты учурундагы жол очерктери өзүнчө төрт китеп болуп жарык көргөн. Автордун жол очерктеринен үзүндү сунуштайбыз.

Париж

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Биз Германиядан Франциянын аймагына өткөндө жапжашыл дуб, карагай, кайың өрдөгөн чар-тараптуу чөлкөм гүлгө оронгон кичинекей шаарчаны элестеткен күмбөздөрдү артка калтырып, эч кимдикине окшобогон (немец, бельгиялык ж.б.) архитектуралык ансамблдеги шаңдуу калаага алып кирди. Мына, Франция! Ишенгиң келбейт. Кайсыл тарабын караба, көздүн жоосун алган сулуулук. Америкалык улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй: «Париж - бул дайыма сени менен кошо болчу майрам»,- деп айтканы төгүн эместей. Бир күн мурда 14-июлда Франция мамлекетинин көз карандысыздыгынын күнү белгиленген экен. Түркүн түс гүлдөрдүн парадында шаңга бөлөнгөн Париждин абасы ачык, асманы көкмөк. Күн ысык, так биздеги саратандай үлп эткен желге көңүл сергийт. Өлкөнүн Батыш жана Чыгыш аймагы Атлантикалык океанга, түштүгү Жер Ортолук деңизге жакын болгондуктан, деңиз климаты өкүм сүрүп, чыгышы орточо континенталдуу, түштүгү субтропикалык мүнөзгө ээ. Эл жыкжыйма, туристтерден баш адашат, ар бирин топтун гидинин көтөргөн желегинен ажыратасың.

Кадам сайын көңүлдү алдастатып, биринен экинчисине арбаган тарыхый-маданий имараттардын кооздугу, архитектурасы өзүнчө эле чыгарма. Ал чыгарманын композициясы кирпичинен тартып, эшик-терезеси, фасады, балкону, чатыры дегеле узун-туурасы, бийиктиги эч бир жагынан окшошпосо да жалпы шаардын көрүнүшүнө өзүнчө мазмун берип турат. Ар бир өткөн доор, ар кайсы кылым үн катып тургандай сезилет...

Грев аянтындагы (Гревская площадь) карт тарыхтын сырын жымырган эстеликтер, өткөн Франциянын гүлдөгөн доорун даңазалаган көрүнүштөр Менял көпүрөсүнө келгенде ансайын купуяланып, сырдуулугу, шаңдуулугу жана да табышмактуулугу менен баш катырат. «Париж - антиквардык шаар» - деп кайра-кайра кайталайт гид. Айтса-айтпаса Консьержери Король резиденциясын аралап, Елисей талаасынан өтүп, Триумфалдык Аркага чейинки кооздукту сөз менен жеткире албайсың. Укмуштуудай жандуу, таберик сулуулуктун жанында сөз кудуретсизби же сендеги сөз байлыгы чабалдык кылабы, түшүнүп болбойт. Елисей талаасы кол менен жасалган, табигый кооздукка ичкериден азык берген кол чеберчилиги менен акыл-ойдун, фантазиянын туундусунан курулган англичандардын токою. Триумфалдык Аркадан кем калышпаган Жеңиш Аркасы салтанатты, майрамдык шаңды, көтөрүңкү дух менен Адам рухунун бийиктигин, асылдыгын даңазалайт.

Парижди аралап аккан Сена дарыясына курулган көпүрөлөрдү антикалык доордогу скульптуралык чыгармалар менен кооздоп чыгуунун өзү канча мээнет, эмне деген чеберчилик! Олимпиялык кудайлардын элеси түшүрүлгөн көпүрөлөрдө өткөн доордун духун мезгилдин бүгүнкү, эртеңки жана келечеги менен айкалыштыруунун өзү француздардын архитектурадагы улутка таандык чоң чеберчилигин, кылымдан-кылымга өөрчүткөн тажрыйбасын, кайталангыс усулдарын таасындап, архитектуранын илим катары биротоло калыптанып, өз апогейине жеткенин айкындайт. Француздар жөн эле бир үй же имарат курушпайт, бүтүн бир чыгарманы анын тарыхы менен кошо жаратышат экен деп калдым. Адамзат пендеси (корифейлер) эмнеге эле илим-билимге, маданиятка, искусствого тамакайы так болуп, акыл-эстен тандырган сулуулукка кул болуп келет десе, ошол азыткыдай арбаган руханий дүйнөдө чети оюлбаган байлык жатат турбайбы.

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты

Франциянын борбордук бөлүгү тарыхый эстеликтерге өтө бай. Так ошол борбордук бөлүгүндө XVII кылымда курулган Майыптар үйүндө улуу полководец Наполеон Бонапарттын сөөгүнүн калдыгы (1840-жылы алып келишет) жашырылган аскердик музей (куполасына он тогуз кг. алтын ширетилген) жайгашкан.

1812-жылы дүйнөлүк биринчи согушта Россияны басып алыш үчүн бир нече Европа мамлекеттерин талкалап, чагылгандай тездик менен орустарга кол салат. Анын көздөгөн ой-максаты ишке ашпай, Россиядан жеңилген император Наполеонду 1815-жылы Ыйык Елена аралына айдап жиберишет. Арал океандан алты миңдей километр алыстыкта жайгашып, төрт тарабы деңиз менен курчалган, элде айтылып жүргөндөй, макоо-пестерди жазалаган Каспий деңизинин тумшугундагы Карабогоз гөлү (Түркмөнстанда) сыяктуу «барса-келбес» жапайы арал болгон.

Улуу полководецтин өмүрүнүн акыркы жылдары кишинин караанына зар болгон түнт аралда күн менен түндүн санатындай санааркап өткөн... Анын тамагына дайыма билдирбестен (мышьяк) уу кошуп беришкен деген божомол да айтылат, көз жумгандан кийин чачынан уу чыкканын ырастаган жана төгүндөгөн изилдөөлөр бар. Канткен менен Наполеонду тарыхтагы кайталангыс личность, атактуу аскер башчысы деп айтуу аздык кылат. Анын табият тартуулаган аскер кишисине гана таандык таланты, шык-жөндөмү, инсандык кулк-мүнөзү, жеке сапаттары, артыкчылыгы даңкталып айтыла берери жөндүү. Наполеон кол алдындагы армиясындагы жоокерлердин атын адаштырбай так билген. Өзүнө ок тийгенде, эч качан жатып дарыланган эмес, душмандарым билип калбасын деп эч кимге айтпаган, денесинин ок тийбеген жери тамтыгы калбаганын сөөгүн жууганда көрүшкөн. Мүнөзү ушунчалык катуу болгондуктан, адъютанты да батынып сурай албаптыр... Өзү согуш инженери болгону үчүн согуштун тактикасын беш манжасындай өздөштүргөн, адеп кол салганда эле душмандарынын чакчеле-кейин түшүргөн. Курал-жарак жасоонун техникасын, тетиктеринин атын, кызматын ийне-жибине чейин өздөштүргөнү жетпегендей колдо жасалган жаңы куралдарды ойлоп табуучу катары аты чыккан, жоокерлерине курал колдонуунун сырларын үйрөткөн.

Учу-кыйырсыз Россияга бастырып киргенде анын мүдөөсү ишке ашпады. Табияттын катаалдыгынан, тажаалдыгынан чыккан каршылыгы анын стратегиясынан да ашып түштү, армиясы туруштук бере албады. Ал жеңилүүнүн ачуу ызасын моюнга алып, Вена Конгрессинин чечимине баш ийүүгө аргасыз болду. Ал жерде 56 жашында 5-майда ашказан рагынан каза табат. Анын сөөгүнүн калдыгы көмүлгөн музейдин бийиктиги 107 метр, француздар улуу полководецинин эрдигин сыймык менен эскеришет. Анын жанында көрүнүктүү француз ишмерлеринин түбөлүк жайын коргогон Пантеон чиркөөсү турат. Француз элинин эркиндиги үчүн күрөштө курман болгондордун урматына Эркиндик статуясы орнотулган. Шаардын борборундагы Сите аралчасында эң көрүнүктүү, эң чоң эки атактуу чиркөө бар. Алардын бири Париж Кудай эне (Парижский Богоматери) собору жана экинчиси Ыйык Капелла. Ал эми Нотрдам, Страсбург мунараларынын бийиктиги 162 метр, өзүнчө эле жомок.

Фрагонар - дүйнө жүзүндөгү парфюмерия чыгарган белгилүү фабрика. Франциянын атырлары кайсы жерлерде даңкталбаган да, кимдерди тамшандырбаган?! Кылымдан-кылымга бүтпөс легенда сыяктуу ооздон түшпөй, айрыкча аялзатын сулуулукка, назиктикке, сый-урматка бөлөгөн мындай тартуунун ээлери өздөрүнүн бакытка бөлөнөрүн эч качан жашырышпайт.

Парфюмерликке ичимдик ичпеген, тамеки тартпаган гана кишилер жумушка алынат. Жада калса сыра ичүүгө тыюу салышат. Айткандай, француздардын белгилүү «Парфюмер» кинотасмасы так ушул фабрикада тартылыптыр. Башкы каарман парфюмер-жаш жигиттин жыт алуудагы ыкмасы сулуу кыздардын кимдир-бирөөсүнөн башкача жагымдуу, катардагы адамдар туя албаган, тубаса парфюмер гана сезген жытты искеп калса, артынан кууп, аңдып жүрүп, өзүнүн максатына жетиш үчүн мыкаачылыкка да барышы (кыздарды ар кандай жолдор менен өлтүрүп, денесинен жыт алат). Кудай тарабынан да, мыйзам тарабынан да кечиримсиз экенине карабай, кинотасманын аягында башкы каарман өзү тозоктой кыйынчылык менен чогулткан, тандаган жыттарды кол жоолукка сиңирип, айланага желдей таркатып жиберсе, жазалоо жөнүндөгү буйрук, бийликтегилердин, чиркөөдөгү поптордун эсинен чыгып, баары-баары, эч кимиси калбай, аял менен эркектин ортосундагы сезимдер дүүлүгүп, жыттын кереметине балкып, бакытка жыргап калышат. Мындай жыргал бир болсо бейиште, болбосо башка эч жерде жок. Албетте, режиссердун мындагы табылгасы дүйнөдөгү керемет, назик, сөз менен жеткире алгыс ажайып жыттар гүлдөрдөн, өсүмдүктөрдөн эмес, адамдардан, басымдуусу аялзатынын денесинде болорун айткысы келгендир... Жыт - бул өзүнчө табийгат тарабынан берилген кудурет нерсе. Жыпар жыттарды алуу француздардын илгертен келаткан технологиясынын артыкчылыгы. Адамдын табияты татаал болгондуктанбы өзгөчө бир жагымдуу жыттарга мас болуп, эйфорияга жетиши илимде далилденген. Бир мезгилдерде жапондор турмушка чыга элек, көчөт кыздардын жуулбаган, табигый жыты кетелек турсийлерин аукционго коюп, дүйнөгө сенсация кылганы эсиңиздедир...

Фабрикага баш бакканыбызда эле бир башкача жыпар жыттар аңкып, сезимди дегдетип, көңүлдү көтөрдү. Жыттар аңкыган сайын анын артынан сая түшүп, кууп бараткансыйсың. №5 Коко Шанель атактуу француз атыры, атагы таш жарган, атагы ааламды тамшандырган кере-меттин бири.

Легендарлуу Коконун өмүр тарыхы өзүнчө дастан. Коко (Короз кандай чакырганын билесиз...) анын лакабы, өз аты Габриэль Шанель. Бир кездерде бүтүндөй Европаны атагы дүңгүрөткөн аялды тилинен чаң чыкканча мактап, тили тешилгенче ушактап тынчышпаган. Аял - миф, аял - революционер, аял - тарых деп, эмне деген жарлыктарды тагып, төбөсүнө көтөрүшпөгөн. Өзү андай деле тамакайды так кылган классикалык сулуу болбогону менен кыял-жоругу, баскан-турганы, сүйлөгөнү-күлгөнү жана чагылгандай оттуулугу өзүнчө жомок болуптур. Кудайдан берилген мындай талант, ажар, харизма Габриэлге гана багышталыптыр... Замандаштардын айтуусуна караганда мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун жагымдуу харизмасы, чечендиги адамдарды өзүнө оттой тартып турчу экен.

Габриэль биринчилерден болуп кара түстү модага киргизген. Кара көйнөктүн ашыкча нерселерин кыркып, аялдын денесинин сымбатын чыгарган дизайнын ойлоп таап, өзү демонстрациялап кийген. Ал кара көйнөктү эч кимдин оюна келбеген көркөмдүү стилге айландырган.

Жылдардын бир жылында анын жакшы көргөн мырзасы, жандүйнөсүнө жакын адамы, бош убактысын көбүнчө бирге өткөргөн сүйгөнү катуу ооруп, өз колунда бейубак ажалдан жан берет. Кайгынын оор туманында калган Габриэль каңырыгы түтөп, бели майышып, көз жашын тыя албай, сүйгөнүн бооруна басып: «Көрөсүң, бүт дүйнөнүн сулууларын кара кийгизем» - деп ант берген дешет. Муну кандай мааниде айтты экен? Илгертеден ар кайсы диндегилер караны кайгынын белгиси катары түшүнүшкөн. Кийинчерээк кара түстү токтотууга болбой калды. Көркөмдүү, сымбаттуу, нарктуу, салмактуу, кала берсе, салтанаттуулук жана элеганттуулукту да боюна сиңирип алды.

Андан калса Габриэлдин себинген атырлары эч кимде болбоптур. Ал каерге барса, кымбат баадагы кездемеден тигилген кийимдери көргөндү суктандырып, жытынан ээрчип, жытына элирип, жытынан өзүн жоготуп, харизмасы ага кошул-ташыл боло айлана-тегерегиндеги эркектер жабыла тиктеп, шилекейи агып, жактыра табышмактуу касиетине арбалып калышкан. Габриэлге Франциядагы өз мезгилинин «менмин» деген мартабалуу, белгилүү эркектердин баары ашык болуп, ага сезимин билдирген сансыз сүйүү каттарын арнашкан, жазуучулар болсо атайын көркөм романдарын жазышкан.

парад

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциядагы Бастилия күнүн белгилөө салтанаты, 2019-жыл

Ал жөнүндө эмне деген ушактар айтылбаган, акыр аягында алардын көпчүлүгү чындыкка жакын болгону таң калтырган. Франциянын элитасы Кокону ушактабаган, сөз кылбаган күнү курсагы тойбогон. Анын өмүр таржымалы канчалык даңазалуу болбосун, байлыгы ашып-ташып турса да, эмнегедир үй-бүлөлүк коломтосун кура албай, бала эмизип, жытын искебей, энелик бактыдан куржалак өтүп, мыйзамдуу күйөөгө чыкпаган. Атактуу Коко Шанель Францияга чаканыраак кара көйнөк менен парфюмерия шедеврлеринин коллекциясын түбөлүк мураска калтырып кеткен.

Көрсө, сезимдей назик, кыялдай учкул, санаадай дирилдек, көзгө көрүнбөс, колго кармалбас жыттарды өз-өзүнчө бөлүп алуу, тагыраак айтканда, өндүрүү технологиясы оңой эмес экен. Батыш Европада, дүйнө жүзүндө кандай гүлдөр өссө: роза, нарцисс, ландыш, жасмин, хризантема, целозия, претрум, гойлардия, гвоздиканын ар түрдүү сортторунан, аты аталбаган сан жеткис гүлдөрдөн индивидуалдуу жыт алынат. Атырларды өндүрүүнүн байыркы технологиясынан тартып, бүгүнкү күндөгү автоматташтырылган технологиясынын үлгүсүн, жабдууларды, механизмдерди көрүп таңданасың. Атыр, самын саткан дүкөндөгү тейлөөнүн өзү искусство. Сиз жактырган жыт сиңирилген ак кагаздын бир бүктөмү катар тизилип турат. Жыттаңыз да, жакканын алыңыз... Тандаган нерсеңизди татына, ак жабуусу бар корзинага саласыз да, наркын төлөө үчүн кассага кезекке турасыз.

Париж - моданын мекени. Модельерлер аялзатын кооздоо, экстраваганттуу, кайталангыс, заманбап көрккө бөлөп, сулуулуктун перисине айландырыш үчүн жашашат. Мына ушундай жогорку сапаттагы жыйырма чакты мода үйлөрү Парижде. Аялзатын сезон сайын түрлөп, кийиндирип-чечиндирүүдөн тажабаган профессионалдардын турмушу жөнүндө өзүнчө сөз кылса болот.

Франциядагы эң тез, эң ылдам жүрүүчү лифт - бул Монпорнаста. Космикалык тездик менен дейбизби, көз ачып-жумганча сегиз секундада 196 метрлик мунарага көтөрүлөсүз. Чындыгында, фантастика! Монпорнас - Парнас тоосунун урматына, адам колунун чеберчилигинен жаралган искусство. 1887-жылы 10-августта курула баштаган мунаранын тарыхы өзүнчө. Жыйырмадан ашык адам баткан лифттен төртөө, тынымсыз асманга көтөрүлүп, кайра ылдый түшүрүлөт. Туристтер быкпырдай кайнайт. Мунаранын чокусуна чыкканда дүкөн, сүрөт чыгаруучу жай, кафе, «Париждин асманы» деген рестораны, кино көрүүчү залдары бар. Бул Париждеги эң бийик имараттардын бири, үч жүздөй менчик ээлериники. Бир кездерде так ушул кафеде орустун улуу акындары Марина Цветаева, Анна Ахматова жана башка көрүнүктүү көптөгөн акындар, орустун чыгармачыл интеллигенциясы отуруп, ыр окушкан, Парижге суктанышкан. Баш-аягы 120 метрлик мунарада дайыма мээлүүн шамал согуп, айрыкча кечкисин, түнкү Париждин ажайып панорамасын кучагыңа жайып таштайт. Бут алдыңызда майда-чоң жылдыздардай күйүп-жанып, оттой дуулдап өрттөнүп-өчүп, жаркыраган түркүн-түс шоолаларга чөмүлгөн Париж жатат!..

Париж - түндөсү чардап, ырдап-бийлеп, куунак өмүр кечирген, күндүзү уктап, эс алганды сүйгөн, сойкудай сонуркаткан шаар.

Эйфель мунарасы - Франциянын символу

Франциянын борбор шаары Париж экономикалык жана маданий борбор катары дүйнөгө таанылып, анын түндүк бөлүгү борбордук Францияны ээлеп, Иль-де-Франс аймагындагы Сена дарыясынын жээгинен орун алган. Парижди бекеринен: «Дүйнөнүн борбору» - деп аташпайт. Бул жогорку таанымга эмнеси, кандай касиети менен жетишкен деген суроого жооптор оголе көп. Эл аралык маанидеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы жана ОЭСР менен Эл аралык соода палатасынын ушул жерде жайгашканын эске албаганда деле, француз королдорунун мурунку резиденциясы, «Күн королу» Людовик XIV доорундагы көркөм-архитектуралык ансамбли, дворец-парктардын өзгөчө кооз жайы Версалдын, дүйнө жүзүндөгү эң ири жана атактуу коллекциялардын түп нускасын топтогон, антикалык доордон тартып, XIX кылымдын аягына чейинки этапты чагылдырган, 30 миңден ашуун экспонаттары бар, атактуу, дүйнөдөгү эң чоң Лувр музейин, 250 кайталангыс картинасы менен искусство шедеврлерин даңазалаган Пикассо музейин айталыбы, кечээ жакында, тактап айтканда, 1977-жылдары курулган француздардын азыркы искусствосунун жетишкендигин айгинелеген Жорж Помпиду атындагы маданий борборун же Ле-Аль соода борборун, Бастилия аянтын, Дефанс районун же болбосо орто кылымдагы музей Клюнини атайбызбы, баары эле биринен бири калышпаган касиеттүү маданий мурастар.

Айткандай, мен бир нерсени унутуп кала жаздапмын. Көрбөсөңүз сиз арманда, жазбасам мен арманда калмакмын. Бул Париждеги «Гарнье операсы» XVIII кылымдын атактуу курулуштарынын бири, архитектор Гарньенин атына коюлган, театрдын жалпы аянты 11237 м2, дүйнөдөгү эң чоң опера театры. Көрсө, жаңы курулушка тендер жарыялоо тээ мурунку кылымдарда эле Батышта башталган экен. Айрыкча Франциянын маданияты гүлдөгөн доордо дворяниндер, аристократтар театрга спектакль көрүү үчүн эмес, ким-ким менен келди, кандай кийинип келди, аялдардын жасалгалары, тагынган алтын-бриллиант, асыл буюмдарынын наркы канча, кайсыл жерден алынган сыяктуу суроолорго жооп изделип, кийимдерин, байлыгын, зоболосун демонстрациялоо үчүн келишкен. Айрыкча, антрактта сылаңкороздонгон мырзалар менен айымдардын күбүр-шыбырынын төркүнү аристократиянын көр дүйнөсүнөн, вещизмден алыстай алган эмес. Улуу композиторлор Бетховен, Моцарт, Бах жана башка француз искусствосунун бир канча муунунун ири өкүлдөрүнүн бедизи түшүрүлгөн театрдын бет маңдайындагы композициянын өзү бүтүндөй бир дүйнөдөн кабар берип турат. Экинчиси, Бастилиядагы Опера театры так ушундай эле атакка ээ. Ал 1889-жылы курулуп, классикалык репертуары менен театр сүйүүчүлөрдүн купулуна толуп келет.

Эйфель мунарасы 1889-жылы бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө карата курулган. XIX кылымдагы ири курулуш катары дүйнөгө атагы чыгып, металлдан жасалган мунара инженер Густав Эйфелдин долбоору боюнча салынган. Жалпы аянты 1,6 га жерди ээлеп, салмагы 9,5 миң тоннаны түзөт, 1793 тепкичи бар мунаранын конструкциясы чындыгында акыл-эсти таң калтырат.

Франция бийлиги Парижде Франция революциясынын 100 жылдык мааракесине карата Бүткүлдүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмө уюштурууга даярданат. Мамлекет өзүнүн курулуш тармагынын өнүккөнүн бүт дүйнөгө жар салгысы келет, ошондой мартабалуу тойго таң каларлык бир жаңылык жасашса, жаман болбойт да… Көргөзмөгө келгендердин көңүлүн бурдуруш үчүн бийиктиги 300 метрден кем болбогон монументтин долбоорун иштеп чыгууга коомчулукка конкурс жарыялайт. Сынакта инженер Густав Эйфелдин долбоору жүздөгөн талапкерлердин ичинен биринчиликти жеңип алат.

Эйфель мунарасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Инженер Эйфель Париж бийлиги менен келечектеги мунараны 20 жылга ижарага алуу келишимин түзөт, бир жарым миллион алтын франк өлчөмүндө субсидия алат. Бул болгону курулушка кеткен чыгымдардын төрттөн бир бөлүгүн каптай алмак, ошондуктан Эйфель беш миллион франк өлчөмүндө акционердик коом түзөт. Ошол капиталдын жарымы жеке өзүнө таандык болгон. Мунаранын курулушу 1887-жылы 27-январда башталат да, катуу темпте иш ыргагы жүрөт. Курулушка сарпталган темир-тезектер, бүт бардык зарыл элементтери өтө так өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн заводунда жасалат. Мунара 18 миң элементтен туруп, эки миллиондой кадоолор менен ширетилип, темирдин жалпы салмагы 9,5 миң тоннаны түзгөн. Оор металлдар жогору жакка атайын буу крандарынын жардамы менен чыгарылган.

Курулушта бир эле мезгилде 250 жумушчу иштеген. Күндөп-түндөп чакылдап-тарсылдаган барскандардын соккусунан кулак тунуп, коюу кара түтүндөн көз ачышкан. Куруучулар жайдын аптаптуу ысыгына, кыш чилденин ызгаарына карабай, эң жогорку бийиктиктерде иштешкен. Ошол беш жылдын ичинде бир кайгылуу кокустук жүз берген. Жаза тайып, италиялык жумушчу мунарадан учуп өлгөн.

1887-жылдын 7-декабрында 57 метр болгон мунаранын биринчи кабаты, 1888-жылдын 14-августунда 115 метрлик экинчи кабаты курулуп бүткөн. Ал эми 1889 - жылдын 31-мартында чокусу 300 метр бийиктиктеги гигант курулуш аяктаган. Чыгууга оңой, ыңгайлуу болсун үчүн вертикалдык лифттер керектелген. Биринчи-экинчи кабатына тепкичтер аркылуу өз бутуң менен басып чыксаңыз болот, ага карабай ар бири сексендей адам баткан үч эки ярустуу лифт экинчи кабат менен мунаранын ортосун бириктирип каттап турат. Башка бир-эки кабиналуу лифт менен үчүнчү кабатка жана эң чокусуна чыгасыз. Эгерде кан басымыңыз көтөрүлүп, жүрөк оорусунан жапа тартып жүрсөңүз, бийиктиктин кумарына кызыгып, тобокелге салганга болбойт. Алгач лифттер гидравликанын жардамы менен иштесе, кийинчерээк аларды электр кыймылдаткычтары менен жүргүзүшкөн.

Париждин борбордук бөлүгүндөгү, француздар көкүрөк кере сыймыктанышкан тарыхый эстеликтерге бай аймагындагы күндөн-түндөн тынчыбаган, темпи басаңдабаган курулушка каршы чыккандар да болуптур. Кайдагы бир мунара же болбосо чылк темир түркүктөр ак маралдай керилген кереметтүү Париждин көркүн бузат дешип, улуу жазуучулар, көркөм сөздүн дөө-шаалары Александр Дюма, Ри де Мопассан жана Шарл Гуно баш болгон кырктай маданият кызматкерлери мунарага каршы Петиция («Петиция протеста») жазып, аны басма сөз бетине жарыялашат. Мына ошондой талаш-тартыш, айрымдардын жактырбагандарына карабай улуу архитектуралык монумент курулуп бүтөт.

Эйфель мунарасы 1889-жылы 15-майда расмий түрдө ачылат, ошол мезгилде Бүткүлдүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмө өтүп жаткан учурунда мунарага эки миллиондон ашык адам келип кетет. Ошол арада ардактуу кишилер өз пикирин жазчу «Алтын китепке» америкалык белгилүү ойлоп табуучу, кезегинде новатордук эмгектери коомчулукта сенсация жараткан инсан Томас Эдисон өз пикирин толкундануу менен жазат. Эбегейсиз зор, көркөмдүү мунара туристтердин көңүл ачуучу, сүйгөн жайы гана болбостон, илимге да кызмат кылат. Мунаранын чокусуна метеорологияны байкоочу станция жайгашат. Ал Фуко маятниги баш болгон көптөгөн физикалык байкоолорду жүргүзүүгө да ылайыктуу. Эң жогорку кабатына Эйфель астрономиялык лабораторияны, өзүнө жумушчу бөлмөсүн жана чаканыраак мейманкана да жасаттырган.

Алтымыш жаш курагында Гюстав Эйфель өзүнүн жеке ишкердигин таштап, өзүн бүтүндөй илимий изил¬дөөгө багыштоону чечет. Ал өзүнүн мунарасы илим үчүн эбегейсиз кызмат өтөөрүн далилдеп бергиси келет. Мунаранын эң жогорку бөлүгүндө ал Томас Эдисон менен жолугушуп, ой-пикирин бөлүшөт. ХХ кылымдын башында авиация пайда боло баштаганда Эйфель аэродинамика боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт. Мунаранын башында туруп, өзү жасаган ар түрдүү формадагы приборлор менен абанын тоскоолдук күчтөрүн аныктаган. Ошол аныктамаларды учуучу машиналарды жасагандар кеңири колдонушкан.

Мунара радионун өнүгүшүнө да чоң салым кошкон. Так ушерде француз инженери Эжен Дюкрете аба толкунунда биринчи радиобайланыштар сеансын ишке ашырган. 1906-жылы туруктуу радиостанция негизделген. Биринчи дүйнөлүк согушта Эйфель мунарасынан душман-дардын радиоберүүлөрүн кармап, маанилүү маалыматтарды алып турушкан.

Атактуу Гюстав Эйфель 1923-жылы дүйнөдөн өтөт. Анын тилеги өзү көз жумгандан эки жылдан кийин ишке ашып, мунарадан телекөрсөтүүлөрдү жиберүүнүн алгачкы аракеттери жүргүзүлөт. Арадан он жыл өткөндөн соң, 1935-жылдан тартып, Эйфель мунарасынан үзгүлтүксүз телекөрсөтүүлөр бериле баштайт.

Дагы бир кызыгы, мунаранын адамды өзүнө магниттей тарткан касиети бар, жылына алты миллиондой адам келип кетет. Шамдагай, эр жүрөк спортсмендерди абдан кызыктырып, арбайт. 1901-жылы Сантос Дюмон биринчи жолу мунаранын үстүнөн дирижабль менен өтсө, арадан тогуз жылдан кийин граф Ламбер аэропланы менен учуп өтүшкөн. Парашюттагы сыноолор үчүн да ыңгайлуу. 1912-жылы бычмачы Француа Рейхельт секирген, бирок анын плащ парашютунун конструкциясында мүчүлүштүк болгондуктан, анын рекорду ойдогудай болбой, өзү урунуп өлгөн. Ушундай кайгылуу окуя экинчи жолу 1928-жылы парашютчу Марсел Гэйе тарабынан кайталангандыгы өкүндүрөт. Кийинки мезгилдерде мындан жакшы сабак алган парашютчулар ката кетирбей, бийиктиктерди ийгиликтүү багындырып келатышат.

Ал эми адабият, маданият жана искусство ишмерлери үчүн Эйфель түгөнбөгөн руханий гүлазык, илхам берип, талант-шыгын курчуткан, ой-чабытын кеңейткен, руханият кенчинин бири жана көрүнүктүү эмгектердин жаралышына түрткү берерин айтпасам да жакшы билесиз.

Ал Франциядагы эң бийик мунара гана болбостон, Франциянын символу болуп калган. Аны көрүү үчүн жылдын төрт мезгилинде төгөрөктүн төрт бурчунан агылып, бүткүл континенттерден адамзат агымы үзүлбөйт. Аны көрүп гана тим болбостон, лифт менен же жөө басып чокусуна чыгып, бийиктиктин айтып жеткире алгыс кумарына батышат. Улам бийиктикке көтөрүлгөн сайын жандүйнөң жагалданып, жагымдуу сезимдерден канат байлагансып, жашагың келет, ырдагың келет… Жөн эле жашап эмес, бирдемени жаратып, артыңдан из калтырып кеткиң келет.

Баса, түнкү кубулжуган Эйфелди көргөнү барып, кайтаарда мейманканага кантип барууну билбей, адашып калдык. Париж болсо күндүзгүдөй жапжарык... Метрону көздөй басып баратып, бир кыз менен жигит сүйлөшүп олтурушкан экен. Кызым Элнура, анын досу Дамира тигилерден немец тилинде багытыбызды сурады. Тилекке каршы, алар немец тилин анча билишпейт окшойт, биз французча такыр түшүнүгүбүз жок, бир ооз сөз билбейбиз. Чала-була англисче жаңсап сүйлөп, бири-бирин түшүнүүгө аракеттенип жатышты. Ой, ошондо тил билбөө дудуктан айырмасы жок экени жаныма батып турду...

- Колуңарда карта барбы? - деди, жигит. Биздин турист экенибизди дароо түшүнүп.

- Жок, жок...

Унутуп калганыбызды эстеп, бири-бирибизди карадык. Түнкү саат экиге чукулдап калды.

Жигит менен кыз метрополитенден шаардын багыттары көрсөтүлгөн картадан мейманкананын атын таап, аялдамадан аялдамага которуларыбызды кайра-кайра жаңсай түшүндүрө метрого билет да алып беришти. Француздардын кичи пейилдигине, маанайы жарык, жылуу мамилесине ыраазы болдук. Тоң пейилине салып, унчукпай басып кетсе эмне кылмакпыз?

Чынын айтсам, нукура француз виносунун даамын алгач татканымданбы, хрусталь чөйчөктөрдө сымаптай мөлтүрөгөнү, жеңил, жумшак, көңүл эргите жандүйнөңө жагым тартуулаган ширеси алигиче оозумда...

Бул мунарага барып, эстетикалык рахат алып, ал тууралуу узун-жомок кеп кылгандар болбоду беле? Мен эмнесин жазып отурам деген ойлор кетпей кобойт. Бирок, бул түбөлүк, адамзаттын акылын айран-таң калтырган ажайып көркөм мунараны ар бир барган киши, ар бир муун кайрадан, жаңыдан ачып, анын кызыгына батаары чын. Мен да өз таасиримди замандаштарыма өзүмчө айтып бергим келди.

Алтын чүмбөттүү Версаль

Версаль Парижден 20 км алыстыкта жайгашкан. XVI кылымга чейин ал кичинекей көрүмсүз кыштак болот. Анын токоюнда королдор аңчылык кылып, уучулуктун кумарына батып сейилдешет.

Король Людовик XIV жаш кезинде өзүнүн финансы министри Николя Фукенин дворецин көрүп, аябай сук¬танат да, өзүнө өзү: «Мындан жүз эсе сулуу дворец курдурам» - деп сөз берет. 1661-жылы дворецтин курулушу башталат. Дворецтин долбоорун ошол кездеги атактуу архитектор Луи Левого тапшырат. Ал королдун тапшырмасын жан дилинен кабылдап, өзүнүн оюн бербеген өжөр, бир эсе чырлуу королдун оюна төп келген курулуштун долбооруна, архитектуралык артыкчылыгына өзгөчө көңүл коёт. Имараттардын корпусу аябагандай чоң, аянттары кеңири, көркөм террасалар аркылуу паркка чыкчу галерея, фонтандарды, чакан-чакан дворецтер менен бакты да отургузууну ойлойт. Ал эми дворецтин паркынын ландшафттын Андре Ленотра жасайт. Андагы идеалдуу газондор, симметриялык жолчолор, жандуу жапжашыл тосмолор, көз кубулткан клумба жана жаркырак көбүк чачкан фонтандардын эскизин жасап, башкы дворецтин көркүн ого бетер ашырат. Ал эми дворецтин имараттарынын ички жасалгасы, шаан-шөкөттүү интерьер Шарле Лебренге таандык. Андагы король менен королеванын жеке аппартаменттери башкы корпустун биринчи кабатынан орун алган.

Уникалдуу дворецти курууга аябагандай чоң күч-аракет жумшалат. Людовик XIV өзү баш болуп, курулуштун ар бир деталына маани берет. Ошол кездеги кол күчү жетишпей, кыштактын дыйкандары да куруучу болууга аргасыз болушат. Версалдын курулушун тездетүү үчүн король шаардын башка жактарындагы бүт курулуштарды токтотуп, эмгек күчү жетишпегендиктен Нормандия жана Фландириядан жумушчу күчтөрүн алдырат. Бардык буюртмалар тендер аркылуу өтүп, көптөгөн чыгымдар башында коюлган нарктардын акысы төлөнбөй калат. Ал гана эмес, акысыз эмгек күчү катары курулушка аскерлер да тартылат. Ошол кездеги каржы министри Жан-Батист-Кольбер өтө үнөмчүлдүгү, сарамжалдуулугу жана тыкандыгы менен тарыхта калат. Ошол эле мезгилде арадан алты жыл өткөндө Чоң канал казылып, дворецтин канализациясы, ички инфраструктурасынын жабдуулары да коюлат. Чыдамсыз королдун өзгөрүлмө пейилине, шаш¬ма мүнөзүнө, оомал-төкмөл кыялына араң чыдаган, шаштырып чамынганына түткөн жаңы курулуш он беш жылдын ичинде бүткөрүлөт. 1682-жылы Людовик XIV өзүнүн жубайы Мария Тереза менен Версалдын алтын жалатылган короосунда жаңы конушун жууп, ак сөөктөргө бал өткөрүп, чардашат. Дворецтин курулушуна кеткен каражаттардын ийне-жибине чейин эсептелип, бүгүнкү күндө да музейде сакталып турганын гид айтты.

Эбегейсиз чоң дворецти курууга кеткен чыгымдардын жалпы суммасы 25725836 ливр (1 ливр 409 грамм күмүштү түзгөн) салмагына карап эсептегенде, 10 тонна 500 кг күмүш иштетилген экен. Ал эми бүгүнкү Франциянын акча бирдигине чакканда, 259,56 миллиард еврону түзөт.

Король Версалдын тез арада өсүп-өнүгүп, өзүнчө көрк-келбетке ээ болушу үчүн кам көргөн, анын айлана-тегерегине калктын отурукташуусуна шарт түзүп, ар кандай жеңилдиктерди берген. Көп өтпөй эле мурунку кыштактын ордуна көз жоосун алган дворецтердин фонундагы кооз шаар пайда болгон. Кезегинде 100 миңден ашуун калк отурукташкан.

Келиңиз эми, бүткүл адамзатты кайдыгер калтырбаган француз королдорунун резиденциясына баш багып көрөлү... (уландысы бар)

Ризван Исмаилова,

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.