Бириккен Араб Эмирлиги Кытайдын вакцинасын колдонууга уруксат берди

Сүрөттүн булагы, Francois Nel/Getty Images
Бириккен Араб Эмирлиги медицина кызматкерлерине коронавируска каршы вакцина менен эмдөөдөн өтүүгө уруксат берди.
Кытайда чыгарылган вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү баскычы Араб Эмирлигинде өтүп жаткан. Бирок сыноолор жыйынтыктала элек.
"Вакцина биздин баатырларга, коронавируска каршы күрөштө майдан тилкесинде турган, тобокелчиликке барып жаткан кызматкерлерге сунушталат",-деп айтылат Араб Эмирлигинин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан билдирүүдө.
Мекеме вакцина 31 миң ыктыярчыга эмделип, азырынча кыйыр таасирлери байкалбаганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, KARIM SAHIB/AFP via Getty Images
Дүйнөдө 29 миллиондон ашуун киши Covid-19 вирусун жуктуруп, 930 миң киши каза тапты.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ылайык, учурда дүйнөдө коронавируска каршы 176 вакцина иштелип чыгууда. Алардын 34 адамга сыналууда жана сегизи сыноолордун акыркы же үчүнчү баскычына жетти.
Жакында эле Орусиянын окумуштуулары коронавируска каршы өз вакцинасы боюнча алгачкы баяндамасын жарыялаган. Анда эмдөөдөн өткөн ыктырчылардын иммундук системасы антитулкуларды иштеп чыкканы тастыкталган.
Эксперттер Орусия вакцинаны өтө тез чыгаруу үчүн лабораториялык сыноолордун айрым баскычтарын аттап өткөн деп айтып, вакцина канчалык натыйжалуу экенине күмөн санашкан. Абройлуу The Lancet медициналык журналына жарыяланган баяндамада, эмдөөдөн өткөн ар бир ыктыярчыда антитулку пайда болгону жана дарынын олуттуу кыйыр таасирлери жок болгону айтылат.
Бирок эксперттер Кытай менен Орусия вакцинаны өтө тез чыгаруу үчүн лабораториялык сыноолордун айрым баскычтарын аттап өткөн деп айтып, вакцина канчалык натыйжалуу экенине күмөн санашууда.














