Түндүк Кореянын лидери заманбап курал менен АКШны опузалады

North Korea's leader Kim Jong-un at the Workers' Party Congress in Pyongyang. Photo: 11 January 2021

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын туулган күнүндө өлкө жаңы, заманбап курал чыгарууга умтулуп жатканын жар салды.

Пхеньян таамай тийген баллистикалык ракета, тыңчылык кыла алган спутник, алыстан башкарылган учактар жана өзөктүк куралы бар суу алдында жүргөн кеме сыяктуу куралдардын үстүнөн иштеп жатканын ачыкталды.

Эксперттердин айтымында, Ким Чен Ын жөн жерден азыр курал тууралуу сөз кылып жаткан жок. Ал бир аптадан кийин ант кармай турган Жо Байденге эскертүү берип жаткандай.

"Ким Чен Ындын кайрылуусу бийликке келе турган АКШнын администрациясына жолдонду. Эгерде алар Түндүк Корея менен мунасага келбесе, Пхеньян аскердик мүмкүнчүлүгүн Вашингтон менен Сеулдун түшүнө кирбеген деңгээлге көтөрөт",-дейт саясат таануучу Анки Панда. Ал АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байденди Ким Чен Ындын кайрылуусуна көңүл бурууга чакырды.

People in Seoul, South Korea, watch breaking news of North Korea's missile launch in July 2019

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сеулдун тургундары Түндүк Кореянын ракеталык сыноосун жаңылыктардан карап турушат (2019-жыл)

Ким Чен Ын менен Дональд Трамп үч жолу жолукту, бирок Түндүк Кореянын өзөктүк курал долбоору боюнча мунаса табылган жок. Түндүк Кореянын экономикасы санкциялардан улам сазга батты. Пхеньян дал ушул санкцияларды жеңилдетүүнү көздөйт.

Учурда Корей жарым аралында талкууланып жаткан негизги маселе - Жо Байден Трампка салыштырганда ийгиликке жете алабы жана Кимдин опузасын олуттуу кабыл алуу керекпи?

"Эгерде АКШ санкциялар алынардан мурун Пхеньян өзөктүк долбоорун толугу менен токтотуп, өзөктүк куралдарын жок кылышы керек деген саясатты кармана берсе, Ким Чен Ын заманбап куралдарын сыноого өтөт",-дейт Панда.

Жумушчулар партиясынын курултайында миңдегендердин алдына Ким Чен Ын АКШ Түндүк Кореянын "негизги душманы" деп атады. Бирок "дипломатияга жол берилиши" керек деп дагы кошумчалады.

US President-elect Joe Biden. File photo

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байден Ким Чен Ын менен сүйлөшүүгө барабы?

Демек, Байдендин Кимди сүйлөшүүлөргө тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Ага карабастан, окумуштуу Дуэн Ким АКШ биринчи кадамды жасабайт деген пикирде.

"Ким Чен Ын сүйлөшүүлөр башталардан мурун АКШ санкцияларды алып, Сеул менен биргелешкен аскердик машыгууларын жана өлкөдөгү адам укуктары тууралуу сын-пикирин токтотушу керек деп айтууда. Вашингтон бул кадамга барбайт. Сүйлөшүүлөр уланса дагы Пхеньян Кансыз согуш доорундагыдай эки тарап тең өзөктүк куралдарын жок кылышы керек деп айтууда. Бирок бул Вашингтон үчүн акылга сыйбаган кадам. Себеби АКШнын аскердик мүмкүнчүлүгү кыйла жогору",-дейт Дуэн Ким.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын 2019-жылы февраль айында Вьетнамда жолукканда келишимге жакындашкан. Бирок андан бери жагдай кыйла өзгөрдү жана Ким башка лидер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек.

Ким Чен Ын кайрылуусу менен дүйнөлүк коомчулукка кубаттуу экенин көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Сүйлөшүүлөр кайра жанданса Түндүк Корея көңүлдү колдогу куралдарды жок кылуу эмес, келечекте заманбап куралдарды өндүрүүнү токтотууга бургусу келет.