Беларуста саясий туткундарга тилектештик акциясы күч менен таратылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Беларуста саясий туткундарга тилектештик билдирүү акциясы өттү. Минскиде миңдегендер негизги аянтта чогулду, башка шаарларда дагы демонстрациялар болду.
Интерфакс агенттиги окуянын күбөлөрүнө таянып, Минск шаарындагы демонстрацияга эле жүз миңге чукул киши келгенин айтууда. Буга чейин нааразылык акциялардан кийин коопсуздук кызматкерлери активисттерди камакка алган. Жекшембиде айрым айдоочулар Дзержинский проспектисин бөгөп алгандыктан, полиция кызматкерлери аянтка өтө албай калышкан. Бул тууралуу телеграм-канал NEXTA маалымдады. Ага карабастан Беларус боюнча 170 киши камакка алынганы айтылууда.
Беларустун айрым шаарларында полиция кызматкерлери ашыкча күч колдонгону дагы кабарланды. Мисалы, Гродно шаарында 13 жаштагы кызы менен акцияга келген демонстрант камакка алынып, алардын бетине көз ачыштырган каражат чачылган. Полиция жаш кыздын бетине каражат атайын чачылбаганын, анын мас абалындагы атасына чачылганда кызына да тийгенин айтышууда.

Сүрөттүн булагы, Hrodna.life
9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. БШК шайлоодо Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жетишкенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда.
Журналисттерге болгон кысым
Беларустун бир нече шаарынан журналисттерге карата кысым күчөгөнү боюнча маалыматтар тарады. Демонстрацияларды чагылдырып жүргөн бир нече маалымат агенттигинин кызматкерлери камакка алынды.
Коопсуздук кызматкерлер айрым журналисттердин үйүнө дагы барышкан. Мисалы, "Белгазета" порталынын кызматкери Дарья Сапранецкдин үйүнө ОМОНдун кызматкерлери келип, эшикти ачууну талап кылышкан. Журналист үйүнүн эшигин ачпай койгон. Сапранецк жекшемби күнү нааразылык акцияны чагылдырып жаткан учурда камакка алынды. Аны менен кошо бир нече журналист камалып, кеч киргенде гана бошотулушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Беларус журналисттер ассоциациясы жекшемби күнү өлкө боюнча 16 журналист камакка алынганын билдирди. Алардын айрымдары түшүндүрүү иштеринен кийин бошотулган, башкалары соттук угууларды күтүп жатышат.
Абактар толду, миңдеген долларга тете айып пул
Жекшемби күнү өткөн нааразылык акцияда демонстранттар саясий туткундарга тилектештигин билдиришти.
Адам укуктарын коргогон "Весна" борборуна ылайык, Беларуста шайлоодон кийин тутанган демонстрациялар башталгандан бери саясий туткундарды саны 25 эсеге көбөйдү.
Адам укуктарын коргогон уюм административдик айып пулга тартылгандардын саны көп болуп, айып пулдан чогулган каражат 240 миң долларга чыкканын дагы кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Камакка алуу жана куугунтук азыр деле уланып жатат. Өткөн жуманын аягында эле ондогондор камакка алынды, алардын арасында белгилүү баскетболчу Елена Левченко, саясий блогер Эдуард Пальчис сыяктуу кишилер бар. Бийлик өлкөнүн каймактарын туткунга алды. Бул аркылуу бийлик Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдө алардын эркиндигин соодалашууга мүмкүнчүлүк алат",-деп айтылат акцияга чыккан активистердин билдирүүсүндө.
Беларустагы саясий туткундарга тилектештик акциясы Киев шаарында дагы өттү. Украинадагы жүздөгөн активисттер Киевдин борбор аянты Майдандан Беларустун элчилигине чейин жөө жүрүш жасашты.















